Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

СДПК ФРАКЦИЯСЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИН ЖООБУНА КАНАГАТТАНГАН ЖОК


Аманбек Жапаров, Бишкек Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын фракциясы менен премьер-министр Игорь Чудинов бетме-бет отуруп, өлкөдөгү энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, социалдык-экономикалык маселелер боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди. Премьер-министрдин айтымында, өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди чечүүдө өкмөт бардык аракеттерди көрүп, экономикада акырындык менен өсүштөр байкалууда. СДПК фракциясынын жетекчиси, депутат Бакыт Бешимов болсо өкмөт башчынын берген жообуна канагаттанбагандыгын, азыркы учурда мамлекеттик башкаруу системасы Кыргызстандагы орчундуу маселелерди чечүүгө толугу менен даяр эмес экендигин белгиледи.

Парламенттеги СДПК партиясынын фракция мүчөлөрү премьер-министр Игорь Чудиновго өлкөдөгү энергия кубаттуулугунун маал-маалы менен өчүрүлүшү жеке ишкерлерге чыгым алып келип, катардагы карапайым кардарлардын укугу тебеленип жатканын айтышты.

Ошондой эле айыл-чарбасына өкмөт жетиштүү жардамдарды бере албай, дыйкандар ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп, айыл жерлеринде жашоо шарт начарлап баратканын билдиришти.

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча жеткиликтүү чаралар көрүлбөй жатканы, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттыгы, карапайым калктын жетиштүү өлчөмдө отун менен камсыз болбой кышка даярдыктын толук кандуу жүргүзүлбөй жатканы айтылды.

СДПК фракциясынын мүчөсү, депутат Рахат Ирсалиев 2005-жылы ведомостволор аралык атайын түзүлгөн комиссиянын курамында энергетика тармагын текшергенин, анын жыйынтыгында энергия кубаттуулугун уурдоодон ири суммадагы акча каражаттары көмүскө кетип жатканы тууралуу өкмөткө маалымат берилгенин билдирди. Ирсалиев бул боюнча алигиче өкмөт аталган тармактын жетекчилерине катуу чара көрүүнүн ордуна кээ бирөөнү министрлик кызматка көтөргөнүн кошумчалады.

- 2005-жылы ведомостволор аралык комиссия энергетика тармагында абдан чоң суммадагы каражат өлчөмүндө энергетика кубаттуулугу уурдалганын аныктаганбыз. Бул өкмөткө маалымдалган. Бирок энергетика тармагындагы адамдар жоопкерчиликке тартылган эмес. Игорь Витальевич, мен сизди ишендирип кете алам, ошондон бери кийинки 2006-жылы, азыркы 2008-жылы дагы электр кубаттуулугу уурдалып жатат. Техникалык, коммерциялык жоготуулар аркылуу, негизинен экспорт аркылуу уурдалып жатат.

Рахат Ирсалиевдин электр тармагына карата айткан мындай дооматын СДПКнын башка мүчөлөрү да колдоп Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары боюнча министр Сапарбек Балкыбековдун кызматтык маселесин президент Курманбек Бакиевдин карап чыгуусун өкмөт башчыдан өтүнүштү.

Алар ошондой эле азык-түлүктөрдүн кымбатташы, быйыл кургакчылыктан дан эгиндеринин начар болушу, чабылган дан эгиндер боюнча Айыл чарба министрлиги так эмес маалымат берип жатканын баса белгилешти.

Премьер-министр Игорь Чудинов болсо социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө өкмөт бардык аракеттерди көрүп жатканын, ушул жылы экономикада бир катар өсүштөр болуп жатканын маалымдады. Анын айтымында, быйыл кургакчылыктын кесепетинен Токтогул ГЭСинде суу аз топтолгондуктан электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүүдө.

Ал эми азык-түлүк коопсуздугу боюнча алдын ала иш чаралар көрүлүп, быйыл 800 миң тонна дан эгинин кырманга бастырып алуу күтүлүп жатканын билдирди. Чудинов сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында социалдык маселелерди чечүүгө эл аралык уюмдар дагы кол кабыш кылууга кызыкдар экендигин белгиледи.

- Биздин демилге менен социалдык колдоо боюнча атайын ачылган счетко Дүйнөлүк банк эгин жана күйүүчү май сатып алууга 10 млн. доллар, Азия өнүктүрүү банкы дан эгинин сатып алууга 10 млн. доллар бөлүүгө даяр. Андан сырткары 1-октябрдан тарта ардагерлердин пенсиясы 30 пайызга көтөрүлүп, пенсия орточо 1700 сом болот.

Мындан сырткары премьер-министр 2009-жылга карата бюджеттин долбоору парламентке сунушталганын, СДПК фракциясы ал долбоордогу негизги бөлүктөргө көңүл буруп, жакшылап карап чыгууну жана колдоп берүүсүн өтүндү.

Парламенттеги СДПКнын фракция жетекчиси Бакыт Бешимов “Азаттыкка” берген интервьюсунда фракция тарабынан коюлган жүйөөлүү суроолорго өкмөт башчы Игорь Чудинов татыктуу жооп бере алган жок деген оюн билдирди. Анын көз карашында Кыргызстанда башкаруу системасы эскиче жүргүзүлүүдө.

-Электр кубаттуулугунун жетишсиздиги эмненин негизинде келип чыкты? Ага карата өкмөт башчынын берген жообу бизди ынандырбайт. Эмне үчүн дегенде электр тармагындагы маселелер боюнча тиешелүү анализ жүргүзүлгөн эмес. Тилекке каршы бизде мамлекеттик башкарууга эскиче эле мамиле жасалып жатат.

Бакыт Бешимов белгилегендей, азыркы учурда мамлекеттик башкаруу системасы өлкөдөгү курч, орчундуу маселелерди чечкенге толугу менен даяр эмес.

СДПК фракциясы өкмөт башчы менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу өз ара талкуу жүргүзүп, И.Чудиновдун жообуна канагаттанбаганын, энергетика, азык-түлүк, социалдык маселелер боюнча тиешелүү министрликтер талапка ылайык иш алып бара албаганы боюнча билдирүү жарыялашты. Фракция жогорудагы көйгөйлүү маселелерди 26-сентябрда парламент отурумуна алып чыга турган болушту.

XS
SM
MD
LG