Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Чоң кыргыз, уругуң ким, урууң ким?


Кадыр Кошалиев менен Бердибек Жумабаев "Азаттыктын" студиясында
Кадыр Кошалиев менен Бердибек Жумабаев "Азаттыктын" студиясында

Кыргызстан системалык кризистен кутулуп чыгыш үчүн өзүнүн улуттук уңгусуна кайрылып, башкаруу философиясын өзгөртүшү керек. Ушундай идеяны биртоп кыргыз интеллигенттери колдоп, уруучулдукка жаңы өң-түс берүү аракети башталууда.

Мамлекеттик башкаруу принцибин уруулук негизге өткөрүү идеясынын авторлору: Бишкек адам таануу аалымканасынын жетекчиси Кадыр Кошалиев, философия илим кандидаты Бердибек Жумабаев менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиевдин талкуусун угуңуздар. Жаңы идея тууралуу парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов өз пикирин билдирди.

- Кадыр мырза, азыркы Кыргызстандын башкаруу системасындагы түзүлгөн жагдайды сиз кандай деп баалайт элеңиз?



Кадыр Кошалиев: - Менин жеке баамымда бул жерде коомдук-саясий, руханий-экономикалык туташ кризис жүрүп жатат деп ойлйом. Чынын айтканда, биз 70 жыл эмес, 1,5 кылым орусташтыруу саясатында болдук. Алтай доорун кошкондо элибиз 3 кылымдан бери башка элдин идеологиясы менен жашап келе жатат. Эгемендикке ээ болгон күндөн тартып биз кыргыздын жан табиятына туура келген идеологияны табышыбыз керек болчу. Ошого жараша билим берүү системасын, коом түзүү, башкаруу системасын кыргыздын кылым карытып келаткан жолунан, ата-бабалардан келаткан нарктуу, барктуу дөөлөттөрдүн ичинен издешибиз керек эле. Бирок кеч болсо да биз ушуга кайттык, кайтабыз. Андан башка жолубуз жок. Коммунизм идеясына барабыз деп орус империясынын кол алдында жашоо кечирдик. Анда өзүнчө максат болчу. Андан кийинки он-онбеш жылдан бери биз батышчыл идеология менен баратабыз. Демократия, гендердик саясат, сөз эркиндиги дегендин баары батышчыл идея. Мен ойлойм , мисалы, аксакалдык институтту орнотсок, оң, сол, ичкилик - үч уруу, үч тайпаны башкаруу структурасы үчүн калыптандырсак, элдик курултай институтун кайра алып келсек, элди шайлоодо эле пайдаланбай, бийлик жүргүзүүдө көзөмөл жүргүзчү күчкө айландыра алсак, ошондо коомдо адилеттик болот. Болбосо ушундай башаламандык улана берет.

- Бердибек мырза, бул жерде аксакалдар институту жөнүндө кеп болуп кетти. Маселен Түркмөнстанда ал авторитардык режимдин камчысын чаап, ошонун кызматын кылып келатат. Бизде деле ошондой болушу мүмкүнбү?

Бердибек Жумабаев: - Кыргыздарда андай борлушу мүмкүн эмес. Анткени кыргыздарда улуттук калыптануу, өз дүйнө таанымын аңдоо миңдеген жылдардан бери келатат. Бул Азиядагы белгилүү эл. Өзүнүн философиясы, дүйнө таанымы бар. Аны биз китеп кылып жаздык. Жакында чыгат. Буга кызыккан жаштар бар экен. Алар окуп жатышат. Биздин баалуулуктарыбызды башка элдер да пайдаланган экен. Аны өзүбүз жакшы пайдалана албай келатабыз. Анын себеби биз 1293-жылдан бери мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калганбыз. Ошондон бери тигинин колтугунда, мунун жанында жашап келатабыз. Азыркы кризистин бир себеби элдин кайдыгерлигинде. Жогортон баштап бермейин күтүп олтура берет. Эми биз да ойгоно баштадык. Өзүбүздүн жолубузду тапсак, түптүү жолубузга түшсөк, өзүбүздүн философиябызга түшсөк. Өзүбүздүн илимибиз, эсептөө системабыз болгон экен. Ошону жазып жатабыз. Антсек биз жаңылбайбыз. Анткени биздики ырааттуу башкаруу болгон.

- Сиздердин башкаруу философиясы дегениңиздерге түшүнбөй жатам. Демократияны да танган, социализмди да танган бул өзү кандай система? Улуттук өзүнө-өзү келүү деген бул мурдагыдай уруу боюнча өз алдынча жашоо, артка кайтуу эмеспи? Же сиздер кайра феодалдык жашоого үгүттөгөнү жатасыздарбы?

Кадыр Кошалиев: - Кызык суроо болду. Ливиянын президенти Муаммар Каддафинин “Үчүнчү жол” деген жашыл китеби бар. Ошондо капитализм менен социализмдин кемчиликтерин белгилеп үчүнчү жолдун теориясын берген. Көрсө Ливияда 7 уруу эл жашайт экен, бизге окшош жагы ошол. Анан ал мындай деп далилдеп жатпайбы. “Башкаруучулар эл бийлиги деген менен элди бийликке катыштырбайт. Бийликти эл өзү шайлап, башкарууга өзү катышмайын, өзүнүн үнү угулмайын элдик бийлик деп айтпаш керек” дейт. Анын мисалы боюнча адамзатка караганда улут уюмдашкан, улутка караганда уруу биримдешкен, ынтымак. Урууга караганда урук бекем. Андан үй-бүлөгө келебиз. Үй-бүлө өзү бекем уюм. Бул жок жерден теория чыгаруу эмес. Кыргыздын өзү кырк уруу эл. Манас бабабыз ошол 40 уруу элди бириктирип, алты кандыктын башын кошуп, улуу каганатты түптөгөн.

“Уруучулук саркынды, өткөндүн калдыгы” дегенине карабастан уруучулдук жашап келди. Көп иштерде, жакшылык-жамандыкта уруучулдук, туугандашуу кыргызда оң натыйжасын эле берип келатат. Анан эмне үчүн аны ачыкка чыгарып, азыркы заманга ылайыктап иштеп чыгып, ошол аксакалдык түшүнүктү калыптап, анан оң, сол, ичкиликтин милдетин тактап, муну калыс адилет чечүүгө мүмкүн болбосун? Мунун баары ойдон чыгарылган эмес. Бул бар нерсе.

- Бердибек мырза, сиздер айтып аткан уруулук институт иштеп кетсе Кыргызстанда жашаган башка улуттардын тагдыры кандай болот?



Бердибек Жумабаев: - Биздин жанатан бери айтып жаткан улуттук дүйнө таанымдарыбыз Азия элдеринин баарысына эле таандык болгон десем жарашат. Булар көбүн сиңирип калган. Биздин баалуулуктарыбыз буларга чоочун эмес. Жаңы Конституцияга жаңы пункттарды кошушубуз керек. Улуттар ортосундагы аркыл мамилелер бар. Андайда маселе башкача чечилиш керек.

- Кандайча чечилиш керек?

Кадыр Кошалиев: - Айталы, башка улуттар үчүн элдик курултай болсо аларга квота бөлүп коюш керек. Мисалы, 10%, жетет ошол. Депутаттыкка деле. Санын карап туруп эле бөлүп коюш керек.

- Кадыр мырза, уруулардын бөлүштүрүлүшү кандай чен-өлчөм менен жүзөгө ашырылат. Маңдайына жазып албагандан кийин, анан да бир жерде аркыл уруунун өкүлдөрү жашашса, кантип бөлүнөт?

Кадыр Кошалиев: - Мына бир мисал. Кытай деген уруу бар. Чыңгыз Айтматов да ошондон. Мындан беш жыл мурун алар курултай өткөрүштү. Андан кийин да чогулушту. Кыргызстандын бардык жеринде, түндүгүндө, түштүгүндө, батышында, чыгышында. Түндүк-түштүк деген ичара бөлүнмөй кытайдын ичинде жоюлду. Ушул багыт менен кетсек, кыргыздын мына ушул түндүк-түштүк проблемасын да жойсок болот. Жоокердик учурда иштетилген ушул өзгөчөлүктү азыркы мезгилде саясий деңгээлде да колдонсок болот. Үчилтик философия эң күчтүү идея.

- Бердибек мырза, мына ушул сиздердин идея, учурунда курултай институту да козголуп бирок колдоо таппай калган. Сиздердин мына ушул экзотикалык идеяңыздар көпчүлүк алдында колдоо таап кете аларына ишене аласызбы?

Бердибек Жумабаев: - Биздин кыргыздарда эч бир улутту кодулоо деген болгон эмес. Мына Өзбекстанда ал болду.

- Кадыр мырза, уруулук институт боюнча башкаруу жагы кандай болот? Президент кимден шайланат, өкмөт кимден шайланат?

Кадыр Кошалиев: - Бул жерде демократиянын кыргызча адилет формасы жашап турат, жашап келген. Оң, сол, ичкилик өздөрүнүн үч талапкерин сунуштайт. Алар өздөрүнүн программасы менен эл алдында сыноодон өткөндөн кийин шайлоого келгенде эл өз эрки менен тандаганын шайлап алат. Үч канаттын өзүнүн укуктары болот. Анан мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүдө бийликтин бутактары бир тайпада калып калбаш керек. Президент оңдон болсо, спикер солдон, Жогорку сот ичкиликтен болушу мүмкүн. Ушундай кылып тең салмактуу каралышы керек идея боюнча.

- Бирок бул жерде талапкердин кесиптик камылгасы, деңгээли эсепке алынбай калып жатпайбы.

Кадыр Кошалиев: - Мен буга мындай жооп берет элем. Ар бир уруу өзүнүн уул-кыздарын сунуш кылууда аябай ойлонушат. Бүтүндөй бир элди уят кылбаш үчүн. Ошол жерге татыктуу уул-кыздарын сунуштайт. Бул биринчи тепкич. Экинчи сол, оң, ичкиликтин деңгээлине жеткиче дагы терилет. Андан кийин чыгаандары гана калат. Ошондо да эл керегине жарап иштей албаса “уят кылдың” деп эл өзү эле чакырып алат.

- Бердибек мырза, кийинки жылдары айыл-айылда урууга бөлүнүүчүлүк аябай күчөп кетти. Мынабу сиздердин идея ошол ажырымды дагы күчөтүп ийиш коркунучу барбы?

Бердибек Жумабаев: - Менимче, жок. Бул жерде кыргыздар кылымдап жашап келген ыңгайына кайтып келет. Кыргыздарда эч качан ажырашуу болбойт. Бул убактылуу бир силкинүү гана.

Кадыр Кошалиев: - Бөлүнүп такташып алмайын биригүү жок, деген философиянын мыйзамы бар.

- Кадыр мырза, Кыргызстан жаманбы-жакшыбы демократиялуу өлкө куруунун аракетинде. Сиздердин идея өлкөнү көп жылдарга артка тартпайбы?

Кадыр Кошалиев: - Мындай кооптонуу бар. Бирок биз ушул ойго келгенге чейин биртоп убакыт бою жабык эшик артында талкуулар болду. Мына кыркка жакын киши катышкан талкуудан келатабыз. Алардын баары муну “керек, тек элибиз мындан бираз окчундап кетти, эми аны элибиздин көңүлүнө орното алабызбы” деген суроо көп болду. Бул кыргыздын канында жашап келатат. Аны мезгилге ылайыктап, укуктук негизде кайра иштеп, алып келсе бул өзү иштеп берет. Кыргыз өзүнүн тегин билип, жолун тактап алышы үчүн да ушул идея керек.

- Бердибек мырза, бул ишке ашып кетсе Кыргызстан кандай деп аталат? Республика болобу же уруулар союзу болобу?

Бердибек Жумабаев: - Байыртан эл деп айтышкан. Өзүн-өзү иреттей алганды эл дешкен. Биз анда Кыргыз элдик республикасы деп эсептелинебиз.

- Кадыр мырза, бул экзотикалык идея мурунку курултай идеясы сындуу эле калып калышы мүмкүнбү?

Кадыр Кошалиев: - Мүмкүн беш-он жыл чайпалар. Бирок түбүндө кыргыз өзүнүн жолу менен гана өнүгө тургандыгын, туура жолду тапмайын ушинтип чайнала берет. Жолду канчалык эрте тапсак биз мынабу системалык кризистен эртерээк чыгабыз. Мына биз суунун башыбыз, энергетикалык өлкөбүз. Суубуз жок, электрибиз күндө өчүп жатат. Муну көзөмөлдөгөн эл кайда? Анын рычагы жок. Биздин система ишке кире турган болсо С.Балкыбековдун өзүнүн туугандары эле чакырып алмак. “Сага ким койду ал жерге барып элди окутканды” деп. Элге кызмат кылыш керек.

- Бердибек мырза, азыркы системадан сиздер сунуш кылчу система мыктыбы? Ал орносо жарык өчпөй, суу жетип, баары чечилип калабы?

Бердибек Жумабаев: - Азыркы кризистин чыгып жатканы элдин кайдыгерлигинен. Эмне үчүн алар кайдыгер? Анткени башчылары таптакыр башка жактан алынып келинип коюлуп жатса. Эл өзү шайлабай жатса. Шайлоосу жасалма болуп жатса эл кайдыгер болбой эмне болот?

- Кадыр мырза, идеяны ишке ашыруунун жолдору кандай болгону турат?

Кадыр Кошалиев: - Бүгүнкү жыйында окумуштуу, адистерден турган билгилер тобу кайрылууну, программаны иштеп чыга турган болуп жатат. Сиздер айтып жатпайсыздарбы, уруулукка жамынып алыптыр, бул артка кайтуу деп. Бул артка кайтуу эмес, бул баарысы ширелген жол.

Кыргыз интеллигенциясынын мына ушул идеясы тууралуу пикирин сурап парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимовго кайрылдык.

Бакыт Бешимов: - Бул болсо аргасыздан айтылып аткан ойлор. Эмне үчүн дегенде 18 жылдан бери биз түзгөн жалпы бийликке нааразы эле болуп келатабыз. Кыргызстан эгемендүүлүгүн кеңейтип, экономикасын келечектүү кыла албады. Ошондон эле чыккан ой. А бирок уруулукка таянып бийлик түзөбүз деш менин оюмча, эскиче көз караш. Себеп дегенде, биз муну орто кылымда эле өтүп кеткенбиз. Эми ошого негизденип бийлик түзөбүз десек, кыргыз элин мындан да оор абалга учуратып алабыз.



- Ушуну менен талкуубуз соңуна чыкты. Ишиңиздерге ийгилик болсун, мырзалар!

XS
SM
MD
LG