Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Канатбек Исаев коалиция ичинде пикир келишпестиктер бардыгын ырастады


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештеги социал-демократтар, «Ата Мекен», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары кирген коалициялык көпчүлүктүн ичинде катуу пикир келишпестиктер бар. Мындай пикирин көпчүлүк коалициянын лидери Канатбек Исаев журналисттер алдында билдирди. Анын ырасташынча, Баш мыйзамды өзгөртүү маселесинен улам пикир келишпестиктер күчөдү.

- Бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин эки фракция (КСДП, «Кыргызстан») колдосо, эки фракция («Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс») каршы чыгууда. Ошондуктан, бул маселе боюнча көпчүлүк коалиция бир пикирге келе албай жатат, - деди Исаев.

Канатбек Исаев коалициялык келишимде принципиалдуу деп саналган маселелерде бардык фракциялар бир позицияда болушу керектигин камтыган норма жок экенин кошумчалады.

Бирок бул карама-каршылык тереңдей берсе коалицияны таратуу маселеси көтөрүлөрүн Исаев четке каккан жок.(BkA)

XS
SM
MD
LG