Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Постсоветтик Борбор Азия республикаларында суу талаш жылдан-жылга курчуп баратат. Суу боюндагы өлкөлөрдүн аны улуттук кызыкчылыктарына кайчы келбегендей чечип алышка буямасы жете элек.

Чөлкөмдөгү суу маселесинин тарыхый өңүтү тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун директору, профессор Жеңиш Жунушалиев ой бөлүшөт. Илимпоз менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиев аңгемелешкен.

- Жеңиш мырза, адегенде ушул суу маселесинин калкып чыгышына, тарыхына токтоло кетсеңиз.

Жеңиш Жунушалиев: - Борбор Азиядагы кыргыздар, тажиктер, өзбектер, казактар, түркмөндөр ортосундагы суу маселесинин курчуп кетиши Совет кезинен башталат. 1924-жылы улуттук-мамлекеттик ажырымдашуу болбодубу. Ага чейин жалпы эле Түркстан АССРи болчу. Анын арасында кыргыздар, тажиктер, өзбектер, казактар баары аралаш жашап, суу маселеси анча катуу коюлган эмес болчу. Анан ажырымдашуу өткөндөн кийин Өзбек ССРи, Түркмөн ССРи, Тажик АССРи, Кара Кыргыз автоном облусу түзүлдү. Түркстанда жашаган казактар тиги Казакстанга кошулуп кетишти. Ушундан кийин суу маселеси чыга баштады.

Аймактык ажырымдашуу, чек араларды белгилөө негизинен 4 принципке негизделген. Биринчи – улуттук белги. Кайсы жерде кайсы улут көп болсо ошол аймак аныкы болуп эсептелет. Кыргыздар көп болсо Кыргызстанга, өзбектер көп болсо Өзбекстанга кетет. Бирок ушул жерде кыргыздар көп уттуруп жибердик. Себеби кыргыздар жылдын бир мезгилинде бир жерде көпчүлүктү түзсө, экинчисинде башка жерде көпчүлүктү түзүшкөн. Ошол чек араны бөлүп жатканда кыргыздардын көбү жайлоодо болушкан. Алардын боз үйүнүн ордун чөп басып калган. Өзбектердин, тажиктердин кичинекей-кичинекей кыштактары бар. Кыргыздар жок деп өзбектер менен тажиктерге берилип кеткен. Мисалы үчүн Анжиян облусунун тегерегинде кыргыздын үч накта райондору, Жалал-Кудук жана башка, ошол принциптин негизинде Өзбекстанга өтүп кеткен.

Экинчи принцип боюнча жерди ким иштетсе ошого беришкен. Өзбек иштетсе өзбекке, тажик иштетсе тажикке, кыргыз иштетсе кыргызга. Бул принцип боюнча да кыргыздар көп жеринен ажырап калышкан. Себеби биздин көп аталарыбыз жерди ижарага беришкен. Ошол кездеги бийлер мисалы. Ижарага жер алган өзбек менен тажик биринчи иретте эмне кылат? Тамын салат, жүзүмүн эгет. Жерди пайдалануунун чен-өлчөмү боюнча жерди пайдаланабы, мөмөлүү дарак барбы – жер ошонуку. Кокон кандыгы, падышалык Орусиянын колониалдык саясатынын калдыктары Совет мезгилинде ошентип мыйзамдаштырылып калган.

- Жана эки себебин айттыңыз. Үчүнчү себебин да айта кетсеңиз.

Жеңиш Жунушалиев: - Үчүнчүсү экономикалык вариант. Сууну, жерди өзбектерге бериш пайдалуубу же кыргыздарга берген пайдалуубу, тажиктерге берген пайдалуубу же кыргыздарга берген дуруспу деген маселеге келгенде да иш башкача чечилген. Эгерде элдин саны бирдей болуп калса дайыма өзбектердин же тажиктердин пайдасына чечилген. Себеби ал кезде: “СССРдин пахтага карата көз карандылыгын жоюу” деген ураан бар эле. Ал кезде Орусия Америкадан, Мисирден пахта алып келип турушкан. Ал эми биздин жерде болсо өзбектер менен тажиктер гана пахта өстүрүшкөн. Кыргыздар кийин колхоздоштуруу жүрүп, план бероиле баштаганда аргасыздан пахта өстүрүүгө киришкен.

Мен бул жерде бир мисал айта кетейин. Ош менен Жалал-Абаддын ортосунда 5-6 чакырым жол бар. Мурда Өзбекстандын Совет-Абад деген кыштагы эле, азыр Кан-Абад болуп калыптыр. Өзбекстан эгемендик алгандан кийин жолду жаап коюшту. Биздикилер Өзгөн аркылу 80 чакырым алыс жол менен каттап жатышат. Ошол жер мурун Айым волосту деген волость болчу. Калкынын саны 50% кыргыздар, 50% өзбектер, анан курамалар, тиги-булар деген элдер болчу. Ал жер Кара-Дарыянын суусун бөлүштүргөн жер экен. Суу бөлүштүрчү жерге пахта экпеген улут ээ болушу мүмкүн эмес деп, ал жер өзбектердин пайдасына чечилип калган. Анын кесепетин азырга чейин көрүп жатабыз.

- Жеңиш мырза, сиз айтып аткан ошол жерди кайсы бир партиялык жетекчи Өзбекстанга ижарага берип жиберген деген миш-миш эл арасында айтылып келатат. Ошонун чындыгы барбы?

Жеңиш Жунушалиев: - Андай эмес. Аны кээ бирлер жөн эле чыгарып жүрбөйбү. Анан 60-70-жылдары, социализм кезинде эле кыргыздын жерлерине Өзбекстан суу сактагычтарын куруп алган. Мына Араван районунда Керкидан деген жерге Өзбекстан суу сактагыч куруп алган. Ал жерде бир кичинекей кыштак бар. Кыргызстандын жери болчу. Мен ал жерде иштегем. Ал жерди жакшы билем. Же болбосо Кемпир-Абад суу сактагычын алалы. Чынын айтыш керек, Өзбекстан Керкидандын алдында калган Кыргызстандын жери үчүн өзүнүн тегиз жеринен жер берген. Ал эми Кемпир-Абад боюнча жер бердиби-бербедиби, маалыматым жок, ошондон ал тууралуу так кесе айта албайм.

- Ош-Бишкек жолундагы Маданият кыштагын да айланып өтүп жатпайбызбы. Ал жердин да тарыхына токтоло кетсеңиз.

Жеңиш Жунушалиев: - Эми ал жер бая чек ара бөлүнгөндө ошондой болуп калган да. Бирок жол салынганда бир мамлекет элек. Ошон үчүн анда азыркыдай бөлүнүш жок болчу. Эми алар жаап койгондон кийин башка жактан жол салдык. Мындай жерлер көп. Мына Баткендеги Сох жана башкалар. Айланма жол салып жатпайбызбы.

- Жеңиш мырза, коңшу Өзбекстан Нарын дарыясын трансулуттук, орток дарыя болуш керек деп жатат. Сиздин буга пикириңиз кандай?

Жеңиш Жунушалиев: - Өзү орток дарыя болуш үчүн орточо бөлүшүү керек. Мына биз суу сактагычтарды кармаш үчүн канча чыгым болуп жатабыз. Алар бир тыйын төлөгөн жок. Орток болобуз десе чыгымына да орток болуш керек. Анан дагы бир нерсени айтып коеюн. Токтоггул ГЭСи менен суу сактагычы курулганда Кыргызстандын пайдасына караганда Өзбекстан менен Казакстандын кызыкчылыгы көбүрөөк эске алынган. Себеби ал энергетикалык эмес, ирригациялык режимге ылайыкталып курулган. Ал кезде Союздан акча келип турса эчтеке эмес эле. Азыр электр энергиясы жетишпей, жарык өчүрүлүп жатат.

Токтогул ГЭСи элдин пайдасына иштесе энергетикалык режимде иштеш керек. Кышында электр энергиясын өндүрсүн. Өзбектер кааласа аккан сууну топтоп алышабы, башка бир жерге сактап алышабы – ал алардын өзүнүн иши. Биз адегенде өзүбүз жөнүндө ойлошубуз керек. Алардын принциби кандай? “Эми сууну кыргыздар кайра артка агызып алмак беле, табияттын суусу” деп атышат. Башкалар табияттын байлыгынан пайдаланып, кыргыздар эмне, агып жаткан суусунан пайдаланышка укугу жок бекен!

- Жеңиш мырза маегиңиз үчүн чоң ырахмат! Ишиңизге ийгилик болсун!

XS
SM
MD
LG