Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Xоккей: жумгалдыктар менен бишкектиктер баш байгени талашат


21-февралда «Мекенди коргоочулар» күнүнө карата Бишкекте өткөрүлүп жаткан хоккей мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталат. Эгемендүү болгону Бишкектеги хоккей мелдеши күйөрмандарды арбын чогултту.

Шайба менен ойнолчу хоккейдин мекени Голландия болсо, дүйнөгө тааныткан өлкө Канада болду. Ал эми топ менен хоккей ойноо 19- кылымдын ортосунда Улуу Британияда пайда болгон.

Ал эми Кыргызстанда болсо ХХ кылымдын аягында хоккей ойнолуп келип, эгемендүү өлкө болгону бул оюнга көңүл бурулбай калган. Мезгил ыргагынан артта калбай 7-8 жылдан бери кыргыз жергесинде хоккей оюну кайрадан жанданып, Жумгал, Чолпоната, Нарын шаарларында мелдештер өткөрүлө баштаган.

Кыргызстанда улуттук хоккей федерациясынын, Бишкек шаардык спорт комитетинин, спорт демөөрчүлөрдүн демилгеси менен кечээтен бери баш калаанын алгачкы биринчилиги өткөрүлүп жатат. Мында Нарындын “Алатоо-Дордой” , Ысык-Көл облусунун жана Жумгал районунун тандалма командалары менен жаңы уюшулган Бишкектин командасы мөрөй талашып жатышат.

Бишкектеги мелдешти көрүүгө кызыкдар инсандар арбын экен. Хоккейчилерди сүрөөнгө алуу үчүн Кыргызстандагы Орусия, АКШ, Кытай жана башка өлкөлөрдүн элчиликтери, “Манас” аба майданындагы антитеррордук коалициянын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган 500дөй күйөрман расмий чакырылган.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун айтымында эгемендүү өлкө болгондон бери Бишкекте биринчи хоккей спорт ийримдери жана спорт мектеби ачылганы сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

- Биз бул оюнду колго алып, жайылтып, жакшы саамалыктарды колдоого алуубуз керек. Ал түгүл Орусияда өткөн биринчиликке дагы катышып келген балдар болгон. Каракол, Нарын шаарларында, айрым айылдарда хоккей оюну кайрадан жандана баштады. Азиянын коңшу өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапан, Казакстан мамлекеттеринен үлгү алып, алардан үйрөнүүбуз керек. Алар менен биргелешип машыгып, тажрыйбасын үйрөнүп, кыргыз жигиттери тең ата таймашка чыгып, чеберчилигин өстүрүүгө мезгил жетти.

Бишкектин биринчи чемпионатында чучукулак кармоодо Ысык-Көл облусунун хоккейчилери Жумгал районунун тандалма командасына аттандаш болду. Алгачкы күч сынашууда жумгалдык хоккейчилер көлдүктөрдү 5:4 эсебинде жеңип алышты.

Жумгал районунун тандалма командасынын капитаны Рамис Жуматаевдин айтымында мындай эл аралык талаптарга ылайык муз айдыңында биринчи ирет ойноп, балдардын хоккейге болгон кызыгуусу артып, көздөрү ачылып, маанайлары көтөрүлүп калды.

Ысык-Көл облусунун тандалма командасынын мүчөсү Адилет Жумаевдин айтымында хоккей жабдуулары, кийимдери кымбат болгондуктан алууга чамалары жетпей демөөрчү издеп жүрүшөт.

"Себеби бир оюнчунун кийим-кечесинин орточо баасы 20 миң сомго барабар. Эгерде Чолпон-Атага ушундай эл аралык талаптарга ылайык муз сарайы курулса, хоккей спорту өнүгүп- өсүп, туристтер да арбын келмек.

Орусиянын хоккей федерациясы Ысык-Көл областында муз аянтын курууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Мындай макулдашуу Москвада өткөн орусиялык Биринчи каналдын “Еврохоккей” кубогунун учурунда жетишилген. Качан, кайсыл жерде курулаары учурда тактала элек.

Кечээ 20- февралда мелдештин ачылыш салтанатынан кийин Нарындын “Алатоо-Дордой” командасы менен жаңы уюшулган Бишкектин командасы беттешти. Биринчи таймда 1:0 эсебинде нарындыктар алдыга чыгышты.

Экинчи таймда бишкектиктер эсепти теңдеп, атаандашуу курчуду. Бишкектик хоккейчилер дагы бир шайба киргизүү менен алдыга озду. Үчүнчү таймда нарындыктар эсепти теңдеп, мөрөй талашуу 2:2 эсебинде тең болуп калды.

Бул беттешүүнүн жеңүүчүсүн аныктоо үчүн кошумча чечүүчү убакыт берилип, мында күйөрмандардын сүрөөнү менен бишкектиктер Нарындын “Алатоо-Дордой” командасын 3:2 эсебинде утуп алышты.

Нарын шаарынын “Алатоо-Дордой” командасынын капитаны Болот Бектемишовдун айтымында нарындык жигиттер мындай муз аянтында алгач ирет ойногондуктан өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтө албай коюшту. -

-Менин бала кезимдеги кыялым бүгүн Бишкекте ишке ашып, сүйүнүп турам. Эл аралык талаптагы муз айдыңында бир хоккей ойносом деп абдан тилек кылып, аным ишке ашпачудай сезилчү. Мындай муз сарайын куруп, элди кубанычка бөлөгөн инсандарга рахмат. Ушундай муз сарайлары ар бир облуска курулса, кыргыз хоккейи өнүгүп-өсөт эле.

Бишкекте эл аралык талаптарга ылайык шаардык муз аянты курулгандан бери хоккей ойноо ыкмаларын үйрөнүүгө дилгир жаштардын саны өсүп баратат.

Ушул жылдын 24-25-январында Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, маркум Эркинбек Матыевдин эстелигине арналып Жумгал районунун Чаек айылында хоккей мелдеши өткөрүлгөн. Мында баш байгени алтынчы ирет Нарындын “Алатоо-Дордой” командасы жеңип алган.

Былтыр Чолпонатада өткөн эл аралык хоккей федерациясынын 100 жылдыгына арналган хоккей мелдешине 6 команда катышкан. Мында Нарын шаарынын “Дордой-Алатоо” командасы баш байгенин ээси болгон. Жумгал районунун Чаек айылынын “Тенти ата” командасынын хокейчилери экинчи орунду камсыз кылышты.

Чаектин “Эркинфарм” командасы бул жолу үчүнчү орунду ээледи. Мелдештин “мыкты оюнчусу” деген сыйлыкка нарындык Султан Токоев арзыды. Чолпонаталык хоккейчи Бердибек Ыманбеков “мыкты коргоочу” деп табылды. Чаектин “Эркинфарм” командасынын дарбазачысы Бактыбек Көккөзов “мыкты дарбазачы” деген сыйлыктын ээси болду.

Жакында эле 7-8-февралда Нарын шаар мэринин байгесине арналган шайба хоккейинин мелдеши өткөрүлдү.

Ага Бишкектин, Нарындын жана Жумгалдын 5 хоккей командасы катышты. Кендирди кескен каражаттын жоктугунан Каракол менен Чолпон-Ата шаарларынын хоккейчилери Нарындагы мелдешке катышпай калышкан.

Эки күндүк таймашуунун жыйынтыгында баш байгени Жумгалдын “Тыналы” командалары жеңип алышкан.

Бирок оюнчулардын чеберчилиги дүйнөлүк деңгээлге жетүүсүнө дагы бир топ убакыт керек дешет адистер.

Кыргызстанда ушул хоккей оюну 1970-80- жылдары кулач жайган. Өлкөнүн биринчилиги Каракол, Миң-Куш, Бишкекте өткөрүлүп турган.

Хоккей боюнча баш калаанын биринчилигине катышып жаткан төрт команда Бишкектеги “Шаардык муз айдыңында” 21- февралда да мөрөй талашып, жеңүүчүлөрү кечинде аныкталат.









  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG