Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Хоккей боюнча чемпионатта Бишкектин командасы жеңип чыкты


Мекенди коргоочулар күнүнө карата Бишкекте өткөрүлгөн хоккей боюнча шаардын биринчи чемпионатында баш байгени баш калаанын тандалма командасы жеңип алды.

Баш байгени жеңип алган Бишкектин командасы
Нарындын “Алатоо-Дордой”, Ысык-Көл облусунун жана Жумгал районунун тандалма командалары менен жаңы уюшулган Бишкектин командасы мөрөй талашты.

Бишкектеги мелдешти көрүүгө күйөрмандар арбын келишти. Хоккейчилерди сүрөөнгө алуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Орзубек Назаров, Аскар Салымбеков жана башкалар да болушту.

Жогорку Кеңештин депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров хоккей оюнунан рахат алганын, анын келечеги бар экенин, жумгалдык жаш жигиттердин демилгесин колдоо керектигин “Азаттыкка” билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты, Көк-бөрү федерациясынын президенти Аскар Салымбековдун айтымында, Бишкектеги мелдеш жаштардын хоккейге болгон кызыгуусун ойготту:

- Биз бул оюнду колго алып, жайылтып, жакшы саамалыктарды колдоого алуубуз керек. Ал түгүл Орусияда өткөн биринчиликке дагы катышып келген балдар болгон. Кыргыз жигиттеринин хоккейге болгон кызыгуусу абдан жогору экен. Ошондуктан эми Бишкекке хоккей спорт мектебин ачуу зарыл. Бул оюндун сырын мыкты билген машыктыруучулар керек.

Хоккей мелдешин үйбүлөсү менен келип көрүп, жумгалдыктарды сүрөөнгө алып жаткан белгилүү дарыгер, медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабековдун пикиринде бул оюнду чыныгы азаматтар гана ойнойт.

Жумгал районунун тандалма командасынын дарбазачысы Адилет Жыргалбековдун айтымында мындай эл аралык талаптарга ылайык муз айдыңында биринчи ирет ойноп, жигиттер көнбөгөндүк кылып, аттандаштарына алдырып коюшту.

Жеңишке жеткен Бишкектин тандалма командасынын мүчөсү Рамис Токталиевдин айтымында хоккейдин финалы курч мүнөздө өтүп, бишкектиктер техникалык чеберчилиги менен араң утушка ээ болду.

Бишкек шаарынын жеңишине салым кошуп, кыргыз жигиттеринен команда түзүп жаткан жумгалдык Урмат Шейшеналиев чеберчиликти жогорулатуу үчүн Орусия, Казакстандын хоккей клубдарында ойноп, биргелешип машыгуунун зарылдыгын “Азаттыкка” билдирди.

Ошентип күйөрмандардын сүрөөнү менен бишкектиктер Жумгал районунун тандалма командасын 7:3 эсебинде утуп, баш байгенин жана кубоктун ээси болушту. Күмүш медал жумгалдык жигиттерге ыйгарылды.

Бишкек шаарынын алгачкы биринчилигинде Нарындын “Алатоо-Дордой” командасы үчүнчү орунду камсыз кылды.

Март айында өлкөнүн хоккей федерациясы Кыргызстандын чемпионатын өткөрүүгө камылга көрө баштады.









  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG