Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Ишенбай Кадырбековго каршы иштин артында Ак үй турабы?


Архитектура жана курулуш боюнча мамагенттиктин мурдагы жетекчиси И.Кадырбековдун соту 3-декабрда Ленин райсотунда улантылып, анда экспертиза башкармалыгынын төрт кызматкери күбө катары суралышты.

Соттук териштирүүдө Ишенбай Кадырбековго Архитектура жана курулуш агенттигинде иштеп турганда көп кабаттуу үйдүн техникалык экспертизасына байланыштуу документтерге кол алдындагы кызматкерлерди кол коюга мажбур кылган жана мыйзамды бузуп, мөөнөтүнөн мурда бүтүргөн делип айып тагылды.

Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Игорь Шуганский Ахунбаев менен Бакаев көчөсүнүн кесилишинде курулуучу көп кабаттуу үйдүн техникалык экспертизасына байланыштуу маселеге күбө катары келген инженер Елена Овчинниковага суроо узатты:

-Елена айым сиздин буга чейин айткан сөзүңүз №44 делонун 2-томунда турат. «Техникалык экспертизанын жыйынытыгы мени күмөн туудурат», деген экенсиз. Бул боюнча толугурак түшүндүрмө берсеңиз.

Архитектура жана курулуш агенттигинин экспертиза бөлүмүнүн инженери Елена Овчинникова:

-Себеби мен тергөөчүгө келгенде мага корутундунун текстин эле көргөзүштү. Анда көп кабаттуу үйдөн түтүн чыгуучу бөлүгү, «Жал-Артисте» эксперименталдык иш катары көрсөтүлгөн.

Елена Овчинникова белгилегендей, тергөөчү бул маселе боюнча толук документтер менен тааныштырган эмес, болгону корутундунун көчүрмөсүн эле көрсөткөн. Ал ошондой эле техникалык экспертизаны айып катары кабыл алууга болбостугун, И. Кадырбеков тарабынан ага эч кандай кысым же көрсөтмө болбогонун кошумчалады.

Овчиниковадан башка газ, электр, телефон системасы боюнча дагы адисттер суралып, алардын техникалык экспертиза боюнча корутундуларында эч кандай мыйзамга карама-каршы иш аракеттер жок экендигин, Кадырбековго дооматтары жоктугун айтышты.

И.Кадырбековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров бул маселенинин артында Ак үй турарын, ошондуктан сот жасалма түрдө узартылып жатканын белгиледи:

-Айыптоочулар тарабынан бир дагы далил туура келбей жатат. Ошондуктан сот дагы шаштысы кетип, бир жумалап улам-улам артка жылдырып жатат. Ушунун баары мени тынчсыздандырып жатат. Анткени мунун иши саясий буйрутма экенин далилдеп атат. Азырынча Ак үй чечим кабыл алмайынча карап туралык деген мамиле. Бул жерде Ак үй И.Кадырбеков боюнча али чечим кабыл албаганын далилдеп турат. Ошондуктан сотту негизсиз эле бир жумалап артка жылдырып, эки үч күбөнү сурап атат. Эки-үч күбө келет дагы И.Кадырбековго эч кандай дооматыбыз жок деп кетип жатышат.

Ишенбай Кадырбековго Каржы полициясы тарабынан кызматынан пайдаланып өзүнө 33 сотук жер алып алган, түштүк кореялык “Артис Глобал” компаниясына Бишкектин 15-кичи району түшчү 7,6 гектар жерди “Жал-Артис” турак-жай комплексин курууга уруксат берип койгон, деп айып тагылган. Ошондой эле “Жал-Артисте” курулуучу үйдүн техникалык экспертизасы мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн, кызматкерлерди экспертизанын корутундусуна мажбурлап кол койдурган деген айып тагылууда.

XS
SM
MD
LG