Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

И.Кадырбековдун соту созулгандан созулууда


Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун соту 28-ноябрда улантылды. Суралган күбөлөр Бишкектеги «Жал Артис» курулушу тууралуу маалымат беришти.

Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго коюлган айыптардын бири анын Бишкектин Жал кичи районуна курулчу кореялык ишкерлердин “Жал Артис” турак-жай курулушуна жер берип койгону болчу.

- Келишимге кол коюу учурунда И.Кадырбеков Бишкек шаар башчысынын милдетин өзүнө алган. Турак-жайды биргелешип куруу жөнүндөгү 2006-жылдын 27-апрелиндеги келишимде Бишкек шаар башчылыгынын 7,6 гектир жерди бөлүү жөнүндөгү нормативдик актылары көрсөтүлгөн эмес,- деп ырастайт Бишкек шаардык прокуратуранын бөлүм башчысы Игорь Шуганский.

Соттук териштирүүдө “Артис Глобал” компаниясынын вице-президенти Марат Кутманов кореялыктар эч кандай жерди бекер албастан, курулушка бөлүнгөн жердин ижара акысын башынан бери эле төлөп келе жатышканын ырастады.

- Ижара акысын төлөп жатабыз. Аны ырастай алабыз.

М.Кутманов “Артис Глобал” компаниясынын уставдык фондунун 5% С.Тыныбековага беришкенин, бирок да И.Кадырбековдун жубайы андай “белектен” баш тартканын ырастады. Сотто көрсөтмө берген дагы бир күбө Рахатбек Кадыркулов Каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси И.Боров сурак маалында ага кысым көрсөткөнүн билдирди.

- Антип эч ким жазган эмес. Аягында менин башым ооруп чыкты.

Сот: - И.Боров кыстады беле?

- Ооба. Анан ал: “Карачы, сени көрсөтүп жатышат. Сен да ошондой болосуң” деген.

Соттун бул күнкү отурумунан кийин ага катышып олтурган Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Жеңишбек Акматов бул иште кылмышка караганда саясий боегу көбүрөөк экенин айтып, өз пикирин мындайча билдирди:

- Бул жерде прокуратуранын койгон күнөөлөрүн четке кагып, мунун бардыгы, ошол иштер мыйзам чегинде болгондугун, И.Кадырбековдун кандайдыр бир кагазга кол койдурганын четке кагышты.

И.Кадырбековдун адвокаты Азимбек Бекназаров сот эч кандай басымы жок, мыйзам талабына шайкеш өтүп жатканына токтолду.

- Бирок чечимди кандай чыгарат? Маселе мына ошондо болуп жатат. Соттук териштирүүнүн жүрүшү, прокурор деле сот деле объективдүү эле сурак кылып жатат. Мына укпадыңарбы, күбө Р.Кадыркулов “мага И.Боров кысым кылып, мурдагы көрсөтмөнү ошентип алган” деп ачык айтты. Сот өзү да тактап, өзү да белгилеп протоколго түшүрүп жатат.

А.Бекназаров соттун жүрүшүнөн улам анын кандай өкүм чыгарышын алдын-ала боолголоо мүмкүн эместигин да кошумчалады.

- Ар бир сотто иш жалган фактылар, жалган далилдер менен токулганынан күндөн-күнгө ыдырап кулап баратат.

Буга чейин сот жыйырмадан ашуун күбөлөрдү сурады. Аларды суракка алуу соттун эмки отурумунда, 3-декабрда улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG