Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Кыргызстан коммунисттери жетекчисинин жыйын, көчө жүрүштөрдү чектөө жөнүндөгү мыйзамынын чуусу басыла электе бейөкмөт уюмдардын аракетин теске салууга багытталган жаңы мыйзам долбоору сунушталууда.

“Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусу мамлекет тарабынан бузулуп жаткан укукка арналмакчы. Ага бейөкмөт уюмдар жетекчиси Динара Ошурахунова, Токтайым Үмөталиева. Кыргызстан Акыйкатчысынын орунбасары Мамат Момунов катышты.

- Токтайым, жаңы мыйзам кабыл алынып, бейөкмөт уюмдардын саясий иштерге катышуусуна чек коюлуп калса алар эмне иш кылышат?

Токтайым Үмөталиева: - Бу саясат деген өзү көп кырлуу, көп багыттуу нерсе. Бийлик талашуу деле саясат, социалдык саясат, экономикалык саясат бар. Деле ар бир иштин өзүнүн саясаты болот. Ал эми саясий партияларга демократиялык жол менен бийликке жетишүүсүнө мыйзамдык укук берилген. Бирок шайлоонун кандай жүргөнүн, анын камылгасы кандай жүрүп жатканына байкоо салуу, ал жөнүндө пикир айтуу бул саясатка кирбейт. Бейөкмөт уюмдар шайлоо тууралуу калыстык сөзүн айтьышка милдеттүү. Аны мыйзам менен чектөө тура эмес.

- Мамат мырза, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү кандай максат-мүдөөдөн чыгып жатат?

Мамат Момунов:
- Мыйзам демилгечиси Исхак Масалиев болуп жатпайбы. Бул жердеги максат бейөкмөт уюмдарды саясаттан калтыруу. Бирок ал кандай саясат? Ал такталышы керек эле. Бейөкмөт уюмдар шайлоого көзөмөл жүргүзгөнгө акылуу. Шайлоо таза, адилет өтүшү үчүн бейөкмөт уюмдар катышуусу зарыл, аны эмне үчүн чектешибиз керек?

- Эмки суроо Динара айымга. Эмне үчүн кийинки кездери адамдардын укугун чектеген мыйзамдарды кабыл алуу тенденциясы күчөп кетти? Көчө жыйындар, эми болсо бейөкмөт уюмдарды чектөө...

Динара Ошурахунова: - Парламенттеги укук чектөөчү мыйзамдардын автору биздин урматтуу Исхак Абсаматович Масалиев болуп атат. Жыйындар жөнүндө, эми бейөкмөт уюмдар жөнүндө. Укук чектөөчү мыйзамдарды биз парламентке “Акжол” партиясы келгенде өткөрөт деп ойлогонбуз. Бирок биз үчүн таңгалыштуусу андай ишти коммунисттик партия лидеринин жасап отурушу. Же өзүнүн парламентке келип отурганы үчүн бийликтин алдында булар деле бир милдеттерин аткарышы керек окшойт. 2007-жылкы референдумдан кийинки окуялар стратегиялык максатты көздөгөн иштер, биз анын салакалары менен эле күрөшүп жатабыз. Бийлик адам укугун чектеген көптөгөн мыйзамдарды чыгарып жатат. Биз авторитардык бийликке келип жатабыз. Аны Өзбекстандын укук коргоочулары да айтышып, “силер экинчи Өзбекстан болуп атасыңар” деп жатышат. Менин коркунучум – биз Өзбекстанда да өтүп кетет болушубуз керек.

- Мына жакында АКШнын Мамлекекттик департаменти адам укугунун сакталышы боюнча жылдык отчетун жарыя кылды. Анын Кыргызстанга тиешелүү бөлүгүндө бул жаатта толгон-токой мыйзам бузуулар бардыгы фактылардын негизинде берилиптир. Токтайым, 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстанда адам укугунун бузулушу жөнүндө өтөле көп сөз болууда. Мунун себеби эмнеге байланыштуу?

Токтайым Үмөталиева:
- Биринчиден, биз 2005-жылкы мамлекеттик төңкөрүшкө баа бере элекпиз. Укук бузуулардын эң чоңу - үч жылдын ичинде Конституциянын 3 ирет өзгөрүлүшү. Кабыл алынган Конституциядагы өзгөрүүлөр бири-бирине карама-каршы. 2003-жылкы Конституциянын өзгөрүшү толгон-токой карама-каршылыктар, ичара шайкеш келбеген, чийки, чала-чарпыт мыйзам болуп жатат. Ушу азыр иштеп жаткан Шайлоо кодексинде Конституцияга карама-каршы жерлери аябай көп. Бизде укуктук талаа жок. Ошон үчүн соттор ар кимдин чөнтөгүнө жараша баа берип жатышат. Мына менде бирөөнүн мүлкүн басып алуучулук боюнча төрт иш жатат. Соттор адам укугун бузган чечимдерди чыгарып беришкен. Тилекке каршы, бизде динийи-экстремисттик уюмдар бар. Алар сырттан каржыланат. Ошолор бизди төңкөрүшкө алып келишкен. Чет элдик уюмдар, алыс барбай эле айталы Кувейт, Түркия университеттеринде кыргыз жарандарынын айлык акысы түрктөрдүкүнөн 2 – 3 эсе аз болуп жатат. Мыйзам кабыл алыштан мурда аны жакшылап изилдеп чыгыш керек. Бейөкмөт уюмдар социалдык, экономикалык, укуктук биртоп иштерди жасап жатышат. Мына 7 миң ашуун бейөкмөт уюмдун ар бири үч кишиге маяна берип, салык төгүп атканын эсептеп көрсөңүз бери дегенде 21 миң адам иш менен камсыз болуп жатпайбы.

- Мамат мырза, 2005-жылдан кийин адам укуктарынын бузулушу боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылуулар аябай көбөйүп кетти, деген маалыматтар айтылууда. Ошого токтоло кетсеңиз.

Мамат Момунов: - Ошол 2005-жылы гана кайрылуулар көп болгон. 60 миңдей болду. Кийинки жылдары мурунку тенденцияга түшүп, 15 – 20 миңдин тегерегинде арыз-кайрылуулар келип жатат. Буюрса, жакында адам укугунун сакталышы боюнча 2008-жылдын баяндамасын Жогорку Кеңешке беребиз. Укук бузуулар көп, кайрылуулар аз болду. 13 миңдей. Негизги маселе биздеги мамлекеттик кызматтаргы адамдардын мыйзам чегинде иш алып баруусу болуп жатат. Сот, прокуратура, жергиликтүү бийлик, мыйзам сактоо органдарында мыйзамдан четке чыгып кетүүлөр көп болууда.

- Динара айым, көчө жыйындары боюнча Конституциялык сотко кайрылып, андан утуп алдыңыздар эле. Эми жаңы мыйзам кабыл алынып калса сиздер дагы сотко кайрыласыздарбы?

Динара Ошурахунова:
- Конституциялык сотко буга чейин Азиза Абдырасулова менен Төлөйкан Исмаилова кайрылган. Конституциялык сот жыйындар өткөрүү адамдардын укугу экенин ырастап берген. Чечим чыккан. Эми аны иштетишибиз керек. Бийлик өзү адамдардын конституциялык укугун бузган мыйзамдарды кабыл алып, алардын укугун чектеп жатат. Конституцияга каршы келген мыйзамдар кабыл алынып кетүүдө. Ортодо конфликт чыгат. Конституцияга каршы мыйзамдар иштебейт.

- Токтайым, бейөкмөт уюмдардын укугун чектөөнүн кандай зарылдыгы бар?

Токтайым Үмөталиева: - Бизде күчтүү жарандык коом бар. Коомдук саясат, саясий күрөш экөөнүн айырмасын ажыратып алышыбыз керек. Коомдо болуп жаткан иштерге баа берип, анын кемчилигин айтып турган саналуу гана инсандар бар. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү ошолордун жолун тосуп, күч колдонуунун бир механизми болуп жатат. Бул өзү авторитардык режимдин кылар иши. Бул өлкөнүн эларалык кадыр-баркына көлөкө түшүрө турган, демократиялык беделине шек келтирген иш. Алыс барбай МАИ менен милициянын ишин эле карап көрөлүчү. Кечээтен бери “Көнүгүү” операциясы жүрүп жатат. Колунда бир чечими жок. Документи жок жүргөн кишилерди кары-жашы дебей баарын эле алып барып камап, текшерип жатат. Массалык укук бузуу мына ушул. Бизге азыр аскердик режим киргизилген жок. Ал эми айдоочуларды МАИ кызматкерлери кантип айыпка жыгып атканын карагыла.

- Мамат мырза, укук боюнча ушундай мыйзамдар кабыл алынып жатышына сиздердин Акыйкатчы институту өзүнүн мамилесин билдиреби?

Мамат Момунов: - Сөзсүз. Биз такай айтып келатабыз. Бул жерде кеп болгон көчө жыйындар жөнүндөгү мыйзам аркылуу кетирген кемчилигин бийлик өзү сездиби, иши кылып ушу тапта Турсунбек Акун башында турган комиссия иштеп, кайрадан карап чыгууга киришти. Комиссияда И.Масалиев да бар. Эгер биз демократия жолунан тайбайбыз десек, чектөөлөрдү азайтып, бейөкмөт уюмдар менен биргелешип чечсе ортодо түшүнбөстүктөр болбойт эле деп ойлойм.

- Динара айым, бейөкмөт уюмдар кандай аракет көрүшөт?

Динара Ошурахунова: - Биз жер-жерлердеги кесиптештерибизге кайрылып жатабыз. Мындай мыйзам даярдалып жатканын биз билген жокпуз. Мыйзам долбоорун аларга жөнөтүп, талкулап жатабыз. Кечээ 40 ашуун бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чогулдук. Биз мыйзамга каршыбыз. Биздин конституциялык укугубузга шек келтирген, чогулуп, адам укугун коргоо аракетибизди чектеген мыйзамга каршыбыз. Жолдош И.Масалиев митингдерди уюштуруп жатат, деп жатпайбы. Аны укугу бузулгандар бейөкмөт уюмдарсыз өздөрү эле уюштуруп жатышпайбы. Адамдар өздөрүнүн позициясын билдиргени чыгып жатышат.

- Ушуну менен талкуубузду жыйынтыктасак. Сиздерге чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG