Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Унутулган убадалар же революциянын ажырым жолу


10-мартта Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаковго, Коргоо министрлигинин, Балыкчы аскер бөлүгүнүн мурдагы жетекчилерине каршы козголгон кылмыш ишти соттук териштирүү башталды.

Исмаил Исаковго Коргоо министрлигин жетектеп турган кезиндеги кызматтык милдеттерине байланышкан айыптар коюлууда. Аны менен бирге кылмыш жоопкерчилигине Коргоо министринин мурдагы орунбасары Б.Югай, министрликтин аскерий курал-жарак башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Т.Сатыбалдиев, Балыкчыдагы аскердик бөлүктүн мурдагы зардалы Р.Эгинбаев, курал-жарак боюнча зардалдын мурдагы орунбасары Н.Каимов тартылды. Исмаил Исаковдун жактоочусу Азимбек Бекназаровдун айтуусунда, ага Балыкчыдагы аскер бөлүгүнөн сатылып кеткен автоунааларга байланыштуу ишине шалаакы мамиле кылган, кызматынан пайдаланып уулуна квартира алып берген, ошондой эле майрам күнүндө аскер кызматкерлеринин жакындарына чай уюштургандыгы үчүн айып тагылууда.

- Чай уюштуруп бере албаса ал кандай Коргоо министри? Ал эми шалаакылык, автоунаалар боюнча батальон зардалы бар. Мына түрмөдө отурбайбы. И.Исаковдун ага тиешеси деле жок. Ал эми баласынын квартирасы боюнча жана сотко келбей калбадыбы Б.Югай деген турак-жай комиссиясынын башчысы, ошол комиссия чечет. Алар туура эмес чечип койсо И.Исаковдун эмне күнөөсү бар билбейм. А баласы офицер катары квратира алышка укуктуу,- дейт Азимбек Бекназаров.

Балыкчыдагы аскердик бөлүктүн мурдагы зардалы Рахат Эгинбаев 24 жылын аскер ишине арнап, эми минтип тагдыр башка салган мүшкүлгө туш келип жатканын жашырган жок.

- Бул ишке И.Исаковдун эч кандай тиешеси жок. И.Исаков бизге мыйзамдан ашык буйрук берген эмес. И.Исаков аскерде көптөгөн жакшы нерселерди жасады. Муну элдин баары билет. Биздин жоокерлер эле эмес, кыргыз эли билет. Кылган эмгегин, аскерлердин патриоттук сезимин ойготконун биз билебиз.

Ал эми И.Исаковдун өзү коюлуп жаткан айыптоолор ага каршы жасалып жаткан саясий куугунтук экенин белгилеп, азыркы бийлик эгедери жүргүзүзүп жаткан саясатка каршы экенин жашырбай, кызматынан баш тарткандан кийин ушул аракетке өтүшкөнүн айтат.

- Экинчиси, бүгүнкү болуп жаткан кемчиликтердин бүтүн баарын ошол 2005-жылкы элдик революциянын активдүү катышуучусу катары президенттин элге берген убадаларды аткарбагандыгын ачык айткандыгым. Үчүнчүсү, армияны реформа жасап, ошол жерде биз мыйзамга так жаздырып, Жогорку Кеңеш өткөрүп, бирок президент кол койбой койгон аскерлерди саясий акцияларга, митинг, демонстрацияларга катыштырбоо жөнүндөгү мыйзам. 2007-жылдын апрель айында Акүйдө олтургандар сураганда мен аларды кагып, аскерлер кийлигишпесин жаздырганбыз. Мына ошонун негизинде бүгүн өчөшүп, ушундай адамдарды жоготпосок болбойт, деген арамза ойлор менен жасалган иштер.


Бишкек гарнизондук аскер сотунда айыптоону жактап жаткан аскер прокуратурасынын өкүлү кылмыш иштерин соттук териштирүү жаңыдан башталып жатканын айтып, коюлган айыптардын чоо-жайын мындайча чечмеледи.

- Айыптоо негизинен окулбадыбы. 3 миллион сом деген ал Балыкчыдагы эпизод боюнча. Автоунааларды жок кылып, баягы өзүнүн ыйгарым укктарынан ашыкча, сатылгандыгы үчүн. 3 миллион 800 миң сом. Ал айып үч кишиге коюлуп жатат, ошону менен байланыштуу. Ошонун арасында И.Исаков көзөмөл кылган. Анын үстүнөн. Башка айыптар да бар.

Бишкек гарнизондук аскер сотунун кийинки отуруму 16-мартка жылдырылды.

XS
SM
MD
LG