Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

“ Жарандардын куралсыз, тынч чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укуктары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору даярдалды.

Мыйзам долбоорун акыйкатчы Турсунбек Акун баштаган укук коргоочулар тобу иштеп чыкты. Авторлордун билдиргендерине караганда долбоор жарандардын эркин чогулуу укуктарын кепилдеген Адам укуктары боюнча Европа Сотунун чечимдери баштаган эл аралык стандарттарга төп даярдалганы менен айырмаланып турат.

Анда негизги көңүл мамлекеттик органдардын эркин жыйындарды өткөрүүнү каалаган жарандардын алдындагы укуктарына, алар менен милициянын, жергиликтүү мамлекеттик органдардын алакаларына, жыйындар өткөрүү чектелген жайларга байланышкан механизмдерге бурулду. Авторлордун бири, укук коргоочу Дмитрий Кабак “Азаттыкка” берген интервьюсунда буларды белгиледи:

- Биз адамдар чектөө чын эле зарыл болгон жерлерден башка бардык жерлерде митинг өткөрө алат деген негизге таяндык. Ага так себептер болушу керек. Ал себептер Саясий жана жарандык укуктар жөнүндөгү эл аралык пактыда жазылып турат. Башкача айтканда ал коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, катышуучулардын саламаттыгын коргоо өңдүү өңүттөрдү эске алуу зарылчылыгынан келип чыгышы мүмкүн.

Митингдин катышуучуларынын саламаттыгына жана коопсуздукка доо кетирчү жайларды аныктоо бийликтин тиешелүү структуралардын милдети. Бирок бул тигил же бул административдик мекемелердин алдында нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынат дегенди түшүндүрбөйт:

- Биз маселен, Ак үйдүн жанында жыйын өткөрүүгө болбойт деп жаза алган жокпуз. Кандайдыр бир аракеттерге бийликтин көңүлүн буруу үчүн жарандар даттануусу кайсы органга багытталса, ошол органдын жанында өткөрүшү керек,-дейт Кабак.

Жаңы долбоордон айырмаланып азыр иштеп жаткан мыйзамда массалык иш-чараларды күндүзгү убакытта уюштуруу, Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Сот имараттарынан 50 метр, автомагистралдардан 30 метр алыс өткөрүү каралган, узак мөөнөттүү иш чараларды боз үй, чатырларды орнотуу аркылуу улантууга тыюу салынган.

Эң негизгиси эркин жыйын өткөрүүнү чечкен тарап ал тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө 12 күн мурда билдирип, макул болбосо сот чечимдери аркылуу тыюу салуу киргизилген. Муну адамдардын фундаменталдык укуктарына шек келтирүү катары санаган Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун баштаган укук коргоочулар мыйзамга каршы чыгышып, президент Курманбек Бакиевге жана коомчулукка бир нече жолу кайрылышкан. Кезинде олуттуу талаш-тартыштарды жаратып, бул өңүттөгү соттук териштирүүлөр Конституциялык Сотко чейин жеткен.

Коомчулуктун карышылыгынан улам президент мыйзамга кол койгондон кийин аны өркүндөтүү ниетин билдирген. Бул Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун баштаган жумушчу топтун түзүлүшүн шарттаган. Топ даярдаган долбоор жайында Венеция комиссиясына жиберилип, анын колдоосуна арзыган болчу. Эми жумушчу топ долбоорду коомдук талкууга коюуга камынууда, соңунан парламентке сунушталары күтүлүүдө.

Учурда иштеп жаткан мыйзамдын авторлорунун бири Искак Масалиев жаңы демилгеге өз көз карашын айта элек. Ал эми коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейитказиев тигил же бул мыйзамдар аркылуу тынч жүрүштөрдү өткөрүүнү кепилдөөнүн ордуна аны болтурбоонун камын көрүүнү эп көрөт:

- Мамлекет өзүн-өзү коргой билиш керек. Ошон үчүн митингдерге жеткирбей, социалдык негизги проблемларды чечип бериш керек. Ошондо митинг болбойт.

Демилгечилер болсо долбоор парламентте тоскоолдуктарга кабылышы ыктымал деп кооптонуп турушат. Парламентке долбоор кимдин демилгеси аркылуу сунушталары да белгисиз бойдон турат. Кыргызстандын акыйкатчысы мыйзам долбоорун сунуштоо укугуна ээ эмес. Мыйзамда тигил же бул долбоорду парламентке сунуштоо укугу коомчулукка, депутаттарга, өкмөткө жана президентке гана берилген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG