Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Дүйнөнү каптап жаткан каржы кризисинин тушунда өзгөчө аялдарга кыйынчылык түшүп жатканы айтылууда.

Жумуш жок болсо... баары жок

25 жаштагы Назира Алиеванын турмуш курганына беш-алты жылдын жүзү болсо да, жолдошу экөөнүн жашай турган турак-жайы жок. 2005-жылы жер талоондо көпчүлүк менен кошулуп, Бишкектин чыгыш тарабындагы “Туңгуч” кичирайонунун жанынан үй сала турган участок алууга жетишкени менен, ага үй тургузууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Эки баласын жетелеп алышып, жолдошу экөө улам бир батирге көчүп-конуп жашап келишет:

-Эки жыл мурун бош турса алып коебуз, деп коркутушканынан эптеп агаларымдан карыз алып, кичинекей пайдубал куюмуш болгонбуз. Анда цемент да кымбаттап, 4х7 метр өлчөмүндөгү чакан тамдын пайдубалына деле оңой акча кеткен эмес. Ошондо эле үстүнө эптеп ылайдан болсо да чампалап үй тургузуп алсак болот эле, бирок жыгачы менен шыйпырына акча чыкмак эмес. Алдын-ала тааныш-тунуштардан карыз акча сураштырганыбыздан майнап чыга бербеди. Үй тургузууга акча таап келем деп, жолдошум Москвага барып, жарым жыл өтпөй, кайра келди. Кризис болуп иш жок, болсо да акчасы аз, аз болсо да иштейин десе ооруп, келе бериптир. Ал алып келген бир аз акчаны бат эле батирге, балдардын тамагына деп жок кылып отуруп калдык. Анча-мынча чыга калган иштерди жасап жүрдүк экөөбүз тең. Балдарды болсо айылдан алып келген сиңдим эптеп карап турат.

Жогоруда айтылгандай жаш үй-бүлөлөрдүн кендирин кескен негизги маселе-турак-жай. Ушул тапта Бишкектин өзүндө эле миңдеген үй-бүлөлөр батирлерде жашашат.

ЖК депутаты Бейшенбек Абдырасаков парламентте бир нече жолу социалдык турак-жай куруу маселесин көтөрүп, быйыл жазында Орусиядан алынган 300 млн. доллар өлчөмүндөгү акчаны мына ушул долбоорго салууну сунуштаган. Депутаттын пикири боюнча мындан жаштар иш менен да, турак-жай менен да камсыз болуп калмак:

-Мен ошол Орусиядан алынып жаткан насыя акчаны социалдык турак-жай курууга жумшоону өкмөткө сунуш кылган элем. Казакстанда он жылда Астана деген чоң шаар пайда болду. Жок дегенде көп балалуу үй-бүлөлөргө, бюджеттик кызматкерлерге, үй-жайы жок жаштарга социалдык турак-жай куруу биздин да колубуздан келет эле. Мындан канча киши үй менен камсыз болмок, канча киши жумуш менен камсыз болмок, -дейт Бейшенбек Абдырасаков.

Биздин каарман Назиранын айтуусунда ал турмушка чыгып, бала төрөгөнгө чейин шаардагы көп цехтердин биринде тигүүчү болуп иштечү:

-Ал кезде эмне, жалгыз башыңды багуу кыйын эмес, бир нече кыз болуп, батирдин акчасын чогуу төлөп жашачубуз. Жашоо балалуу болгондон кийин кыйындады, балдарды сиңдиме каратып коюп, кайра цехке ишке киргем. Жаңы жылдан кийин заказ азайып, биздин цех жабылып калды. Москвадагы Черкизов базары жабылып калыптыр, ошондуктан ушундай болуп атат дешти.

Ушул тапта Назира жолдошу менен борбор калаадагы базарлардын биринде кой сойгон жерде иштейт. Анын айтуусунда айылдык тааныштары менен кой союп иштөөнү жолдошу баштаган. Бирок жолдошу биртике акча тапса ичип келчү болгонунан, балдарын таштап, аны менен кошо кой сойгон жерде ичеги-карын жууп иштеп баштаган:

-Чындыгында эркектерге баары бир окшойт. Үйдө балдары ачка отурабы, эмне кийип, эмне жеп атышат, иши жок, ичип келгенине кыжырым кайнайт. Мурда ал жалгыз иштегенде күнүнө 30-40 сом тапса таап, таппаса жок куру кол барчу. Азыр эми мен жанталашып, кой сойдурганы келгендерге жабыша калып, коюн союп, ич-эттерин жууп-тазалап берип, күнүнө 100 сомдон 300-400 сомго чейин табабыз. Балдар да жыргап калышты, каймак, май жеп. Орозо башталгандан бери кой сойдурууну каалагандар да көбөйдү, жакшы болуп атат, үч күн мурда экөөбүздүн тапканыбыз 1000 сомго жетип, тим эле сүйүнүчүм койнума батпады. Минтип тапкан акчаны чачпай жыйнап, эмки жазда кандай болсо да тамды бүтүрөм деп сөз бердим.

Үңкүр болсо да үй

Назира турган батир Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде. Бир караган кишиге ичинде адам жашай турган шарттары да жок, курулушу аяктай элек үй. Эшик-терезеси гана салынган эки бөлмө үйдүн дубалдары эптеп шыбалып, акталган. Полу да тактай эмес. Курулуш иштеринде иштеп калган жолдошу жыгачтан эптеп секиче жасап койгон, бул алардын уктаган керебетинин да, балдар ойноочу жердин да милдетин аткарат. Бурчтагы темир керебетте Назиранын сиңдиси уктайт. Мына ушул эки бөлмө үчүн үйдүн ээси Назирадан 1 500 сом акча алат.

Шаарды айланта курчаган жаңы конуштар көбөйгөн сайын Кыргызстандын ар тарабынан агып келип жатышкан ички мигранттардын саны дагы көбөйүүдө. Бирок алардын маселеси менен өкмөттүн анча иши болбой жатат, деп эсептейт ЖК депутаты Бейшенбек Абдырасаков:

-Сыртка кетип аткан мигранттарга көбүрөөк көңүл бурулуп, биздин өкмөт Орусия бийлигине алардын абалын жеңилдетүүнү өтүнүп, аздыр-көптүр кыргызстандык мигранттардын ал жакта иштеп-жашашына шарт түзүп берип жатат. Бирок ошол эле учурда өлкөнүн жети облустунан борбор калаага көчүп келген ички мигранттарга эч кандай шарт жок. Паспортунун каттамы жок деген негиз менен же акысыз дарылана алышпайт же балдарын мектепке бере алышпайт. Же турак-жайдан жок, мына ушундай бир оор турмушту баштан кечирип жаткан катмар пайда болуп атат. Натыйжада үй-бүлөлөр бузулуп, балдар жетим калып, кароосуз көчөгө тентип кетип атышат. Ошондуктан, келечегибиздин камын азыртан көрүү үчүн өкмөт парламент менен, жарандык коом менен биригип чоң бир Улуттук долбоор түзүүсү тийиш. Ошол долбоор боюнча ички мигранттардын, алардын ичинде жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн абалын жөнгө салбасак болбойт.

Үзүлбөгөн үмүт

Турмуштун кыйчынчылыгынан, жолдошунун улам ичип келгенинен улам Назира бир күндөрү күйөөсү менен ажырашып, балдарын алып, айылдагы үйүнө кетип калууну каалаган учурлары болгонун эскерет. Айылдагы оор турмуш, ал-күчтөн тайыган ата-энеси эки баласы менен аны бага албасына жана айылдан жумуш табуу алда канча оор экенин ойлогон Назира кайрадан бул оюнан баш тарткан:

-Жыйырмадан ашпай туруп турмуш кургам. Эки баламды да жетим калтыргым келген жок. Анын үстүнө көзүм жетип турду, мен кетсем жолдошум көчөдө калмак. Ден-соолугу да начар анын үстүнө, бир-эки күн тамак ичпей калса, көчөдө бир жерде жатып калабы деп чочуладым. Ошондуктан, жакшысы аны өзүм менен кошо жетелеп жүрүп болсо да оокатымды тыңдап кетүүнү туура көрдүм. Турмуш ушинтип эле тура бербес, эртеңки күндөн үмүт үзбөй жашаш керек го.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG