Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

АКШ Сирияда уруш уланып жатканына кабатыр


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри 24-октябрда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Сирия көйгөйүн талкуулады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын жетекчиси Жон Кирби кабарлады. Маалыматка караганда, тараптар Сирия кризисин тынч жол менен жайгаруу, Женева сүйлөшүүлөрүнө кайтуу, согуштук аракеттерди токтотуу зарылдыгына токтолушту. Керри аба жана жердеги чабуулдар уланып жатканына тынчсыздануу билдирди.

Алепподо салгылашуулар 22-октябрда Орусия менен Сирия жарыялаган үч күндүк тынчтык режиминен кийин кайра башталган. Ок атышууларды убактылуу токтотуу жараяны карапайым жарандардын шаардан чыгып кетишине, дарыгерлерге бейтаптар менен жаракат алгандарды эвакуациялоого мүмкүндүк бериши керек эле. Reuters агенттигинин билдиришинче, Алепподон чыгууга аракеттенген бир топ жарандар ок атууга кабылган. БУУ 250 миңдей адам курчоодо экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG