Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Өзбекстан Душанбе-Ташкент авиакаттамын токтотуп койду


Душанбе аэропорту.
Душанбе аэропорту.

Өзбекстан 20-февралга белгиленген Душанбе-Ташкент аба каттамын токтотуп койду. Бул тууралуу каттамды аткара турган “Сомон Эйр” компаниясы дүйшөмбүдө билдирди. Маалыматка ылайык, өзбек тарап акыркы мүнөттө белгилүү болгон чечимине түшүндүрмө бере элек. Жүргүнчү каттам башка күнгө жылдырылары да белгисиз бойдон.

10-февралда Душанбе менен Ташкенттин ортосунда техникалык каттам ишке ашкан. Жүргүнчүлөр 20-февралдан тарта эки жакка каттай баштары айтылган.

1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда Өзбекстан коопсуздук маселелерин эске алып, түз авиакаттамдарды токтотуп койгон. Өзбекстандагы бийлик алмашуудан кийин эки тарап чейрек кылым бою токтоп турган аба каттамдарын жандантууну чечишкен.

XS
SM
MD
LG