Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

Бишкекте бүгүн адам укуктары боюнча үчүнчү эл аралык форум башталды. Биз ушул форумдун чоо жайы тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акунду кепке тарттык.

- Форумга кимдер чакырылган негизи, күн тартибинде кайсы маселелер бар?

- Адам укугу боюнча Ысык-Көл эл аралык форуму үчүнчү жолу өткөрүлүп атат. Ушул салтка айланып калсын деп аракет кылып атабыз. Мурдагы уюштурган форумдарга бир-эки гана омбудсмен келчү экен, азыр болсо ондон ашуун омбудсмен келип атат ондон ашуун өлкөдөн. Чехия, Словения, Босния-Герцеговина, Украина, Пакистан, Иран, Азербайжан, Казакстан жана Россиянын федерациясынын субъектилерин кошкондо 16-17 омбудсмен келип атат да. Адам укугу боюнча маселеде мынча делегация келген ушундай чоң форум Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Биз бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып чоң сүйлөшүүгө жетишебиз деген чоң тилектерибиз бар.

-Турсунбек мырза, акыйкатчылардын адам укуктары боюнча эл аралык форумунда негизги кайсы маселелер козголуп атат адам укуктары жаатында?

- Чехиядан келген же Словениядан келген омбудсмендин ар биринин өзүнүн иш өзгөчөлүгү бар. Кандай өзгөчөлүктөр бар, иштөө формасы, методдору, канча штат бар аларда, мамлекет кандай жардам берет, коомдук уюмдар менен эл аралык уюмдар менен алар кандай иштешет, мына ушулардын баардыгы боюнча тажрыйба алмашабыз да.

Андан тышкары негизги маселе - миграция маселеси. Россиянын тогуз субъектисинен келип атат делегация, ошолор биздин жарандардын баарын куубай, жакшы шарт түзүп берсин деп меморандумга, макулдашууга кол коюп атабыз. Бул жөнөкөй эле конференция эмес, конкреттүү түрдө омбудсмендердин ортосунда өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлуп атат.

- Кыргызстанда адам укуктары жаатында башкы көйгөй кайсыл жана ал ушул форумда козголобу?

-Кыргызстанда демократиянын, сөз эркиндигинин, айрыкча саясий укуктардын бузулушу башкы көйгөй болуп эсептелет. Кыргызстанда акыркы убактарда тынч чогулуштарды өткөрүүгө чоң бир топ жагынан кедерги болуп атат. Мына саясий укуктар бузулуп атат, оппозиция менен жергиликтүү бийлик, тынч чогулуу, миграция маселеси, бийлик менен жарандык коомдун маселеси, экономикалык маселелер - кыскасы көп. Эң негизгиси омбудсмендердин ортосундагы өз ара карым-катнаш. Омбудсмендер менен жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын, бийликтин ортосундагы карым-катнаш чоң роль ойнойт деп эсептейм да.

- Сизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG