Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыктын” таңкы маегинде Кыргызстанда адам укуктарын, анын ичинде маалымат алуу укугун чектөө бар экендигин мойнуна алып, аны жөнгө салууга кийлигишээрин билдирди.

-Турсунбек мырза, мына бүгүн Адам укуктарынын кабыл алынгандыгынын 60 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнгө байланыштуу дүйнөдөгү бардык мамлекеттер адам укуктарын коргоо жаатында жасалган иштерге саресеп салат. Кыргызстан болсо адам укуктарын коргоо, сактоодо бир кадам артка кетти деген пикирлерди жергиликтүү жана эл аралык уюмдар айтып жатат. Сиз ага кошула аласызбы?

-Мен ага толугу менен кошулам. Анткени, мурда эл кандайдыр бир пикет, митинг, жүрүштөрдү өткөрүп келсе, азыр мындай аракеттер чектелип калды. Чынында бир адам чыкса да кармап кетип жатышат. УТРКнын журналисттери да наарызылык акциясына чыгып, боз үйүн тигели десе тиктирбей коюшту. Ага кийлигишип жатып, араңдан зорго талкалатпай алып калдым.

Андан тышкары көптөгөн жаштар, мисалы, “Мен ишенбейм” деген кыймылдын жаштары нааразылык билдирип, пикетке чыгышса да кармап кетип жатышат. Анан эң негизгиси “Азаттык” жана Би-Би-Си деген радиолор Акаевдин доорунда да токтогон эмес.Тарыхта мындай болгон эмес. Азыр кандайдыр бир шылтоолор менен токтотулуп жатат. Бул өтө чоң маселе. Бул маалымат алуу укугун чектөө.

Бирок буга карабастан жакшы иштер да жасалууда.

Мисалы, Кыргызстанда эркинен ажыратылган 16 миң адам болсо Кылмыш-Жаза кодексин гумандаштыруунун негизинде анын 6 миңи чыгарылды. Анан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 60 жылдыгына байланыштуу жашы жетпеген өспүрүмдөр менен аялдарга мунапыс берилип, анын негизинде 3 миңден ашык адам эркиндик алууда. Бул чоң жетишкендик.

Андан тышкары быйыл “Кыйноого каршы факультетивдик протокол” ратификацияланды. Ушул маселе боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлүп, анын башында өкмөт башчы турган. Бугүн мына ушул иштердин жыйынтыгына арналган атайын конференция өткөрүп, натыйжасын талкуулаган жатабыз.

-Акыйкатчы бийлик менен коомчулуктун ортосунда көпүрө болуу милдетиңизди аткарып, укук бузуулар тууралуу маалыматтарды бийликке жеткирип, билдирүүлөрдү берип жатасызбы?

-Бардык укук бузуулар боюнча, айрыкча демократияны чектеген аракеттер тууралуу президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке убагында билдирип жатабыз. Анын арасында “Азаттыктын”, Би-Би-Синин уктурууларын чектөө жана башка маселелер боюнча да маалыматтарды берип жатабыз. Кандай болсо да кечээ УТРКнын 50 жылдыгы белгиленди. Ага карабастан бүгүнкү чоң конференцияда УТРК тарабынан “Азаттыкка” болгон чектөөнү да талкуулайлы деп жатабыз.

-Андан кандай жыйынтык болот деген ойдосуз?

-Жыйынтык такыр болбойт дегенден алысмын. Анткени, Акыйкатчы институтуна эл аралык уюмдар тарабынан жакшы жардамдар берилип жатат. Ошондуктан, Кыргызстандын Акыйкатчы институту Борбор Азиядагы мамлекеттеринин ичинен көз каранды эмес институт. Биз бул маселелерге кийлигишип, маселени президентке чейин коюп чечебиз деген ишенимдемин. “Азаттык” да, Би-Би-Си да иштейт. Демократияны чектөө аракеттери бара-бара жоюлат деген чоң ишенимдемин.

-Кечээ Акыйкатчы институтун өнүктүрүүнүн планын иштеп чыккандыгын жарыя кылдыңыз. Анын максаты эмне жана кандай натыйжа берет деген үмүт бар?

-Борбор Азия жана КМШ мамлекеттери гана эмес дүйнө мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп Кыргызстандын Акыйкатчы институтун өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыктык. Ал алдыдагы 5 жылга эсептелген жана эки бөлүктөн турат.

Биринчи бөлүгү реактивдүү, экинчиси проективдүү деп аталат. Буга чейин Акыйкатчы институту арыздар менен гана иштеп, бүтүп калган иштин жыйынтыгынан кийин пайда болгон арыздарды гана териштирип келген. Стратегиялык пландын проективдүү бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттердин алкагында арыздар менен иштебей, адам укуктарын чектөөлөрдү, укук бузууларды болтурбоо үчүн кандай аракеттер көрүү керектиги көрсөтүлгөн.

Андан тышкары ушул багытта кандай мыйзамдарды даярдап, кандай мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу керектиги да белгиленген. Бул багытта конференцияларды өткөрүп, иш алып бара турган адистерди тренингдерде окутуу иштерин да жүргүзуп жатабыз. Ушундай иштерди жасоо үчүн Акыйкатчынын фонду, адам укуктарын коргоо кеңеши, студенттердин, ишкерлердин кеңеши түзүлүп жатат. Ошондуктан биздин алдыбызда жасай турган зор иштер турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG