Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:18

Өтүп жаткан жылы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 60 жылдыгы белгиленди. Эл аралык уюмдар бир катар мамлекеттер адам укуктарын коргоо принциптеринен тайып жатышкандыгын билдиришти.

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 60 жылдыгы жана Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы

Адамзаттын алдындагы эң башкы милдет- тынчтыкты сактоодон кийин адам укуктарын коргоо деп ураан чакырган Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынгандан берки алтымышынчы жыл өттү. Бул окуяга байланыштуу Бириккен Улуттар уюму баштаган эл аралык уюмдар менен коомчулук бардык мамлекеттердеги адам укуктарынын абалына саресеп салып, алдыда турган көйгөйлөрдү аныктады.

Бул багытта кыргыз президенти да Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 60 жылдыгын белгилөө боюнча жардыгын чыгарып, ага арналган иш-чараларды өткөрүүнү милдет кылды. Ал иш-чаралар Кыргызстандын Акыйкатчы институту уюштурган чоң жыйында жыйынтыкталды. Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол ошол конференцияда адам укуктарын коргоо Кыргызстандын Баш мыйзамында жазылган жана кыргыз бийлиги Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын принциптерин коргоо милдетинен тайбайт деп сыпаттады:

-Кыргызстандын негизги мыйзамында ар бир адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери кепилденген. Кыргыз эли тандап алган бул жол мамлекеттүүлүктү сактаганга, мамлекеттик жана жеке институттарды түзүүгө жана бекемдөөгө, демократия негиздерин түптөөгө, адам укуктарынын жана жарандык эркиндиктердин бийик баалуулуктарын сактаганга мүмкүнчүлүк берет. Адам укуктарын сактоо мамлекеттин артыкчылыктуу милдети. Кыргызстан адам укуктарын коргоо боюнча дүйнөлүк идеяга берилген бойдон калат жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптерин аткара берет.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов болсо Кыргызстан адам укуктарын кастарлап, анын принциптерин бекем кармоо үчүн БУУнун бардык документтерине кошулган жана аны так аткарып жатат деп билдирди:

-Биздин мамлекет өзүнө адам укуктарын коргоо үчүн өтө бийик жана жоопкерчиликтүү милдеттенме алып, эл аралык укук коргоо механизмдеринин коомдо иштеши үчүн бардык шарттарды түзгөн.

Анткен менен укук коргоочулар бийлик өкүлдөрүнүн мындай баасын сынга алып, өтүп бара жаткан жылы Кыргызстанда адам укугун коргоо абалы мурдагы жылдарга салыштырмалуу начарлап, сөз жана басма сөз, жыйын куруу,тынч жүрүш, митингдерди уюштуруу, жадагалса дин тутуу эркиндигин кысымга алуу аракеттери күчөдү деп нааразы.

Алардын айтуусунда буга ушул жыл башталганда эле Жогорку Кеңешке 2007-жылы 16-декабрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жаштардын “Мен ишенбейм!” деген акциясынын катышуучуларын камакка алуу алгачкы далил. Андан кийин тынч жүрүш, митинг, жыйындарды өткөрүүгө чек койгон мыйзам кабыл алынып, ага каршылык билдирген атуулдардын соттолушу, “Сентябрь” эркин телеканалы менен “Де-Факто”, “Алиби” гезиттери жабылып, бир топ белдүү журналисттердин саясий качкын катары башка жактарга баш калкалап кетишин күбөгө тартышат.

Андан тышкары Улуттук телерадиокорпорацияны коомдук телеканалга айландыруу аракети таш каап, анын Жогорку Кеңеш тандоосунан өткөн Байкоочу кеңешинин ыдырашы жана бийликчил “Ак жол” партиясынын добушу менен адамдын эркиндигин, эркин ой жүгүртүүсүн кысымга алган бир катар мыйзамдардын кабыл алынышын укук коргоочулар артка чегинүүнүн айныксыз көрүнүшү деп таанып жатышат.

Ошондой эле президент уулунун кысымынан чет өлкөгө качкан БШК төрайымы Клара Кабилова менен мыйзам чегинде баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү этибарга алынбаган экс-депутат Ишенбай Кадырбековдун, кылмыш иштери ачылып, куугунтукка кабылган оппозиционерлердин, сотторго тили жетпеген карапайым адамдардын арызданууларынын көбөйгөндүгү жана түрмөлөрдөгү айыпкерлердин абалы адам укуктарынын басмырланышына жакшы далил деген пикир күчтүү.

Мына ушундай окуялардын мисалынан улам Кыргызстанда адам укугунун абалы мурдагыдан начар деген бааны “Кылым шамы” укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдрасулова салтанаттуу жыйында бийлик өкүлдөрүнүн бетине айтты:

-Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 20-беренеси да иштебей калды. Ал беренеде эркин жыйындарды, пикет, митингдерди өткөрүү, өз ойлорун ачык айтуу укугу жөнүндө айтылат. Мына Өзбекстанда 15-20 адам бир жарым-эки саатка пикетке чыга алат. Кыргызстанда жалгыз Максим Кулешов апта сайын бир жолу пикетке чыгат. Аны дайыма кармап кетип, 2 миң сомдон салынган айыппулдун көлөмү азыр 30 миңден ашып кетти. Акаевдин убагында мындай болгон эмес. Акаевдин убагында азыр бийликте отурган адамдар керек болсо миңдеген адамдарды митингге алып чыкчу. Мына кыйноого каршы конвенцияга кол коюлган. Бирок,кыйноо улантылып жатат. Өлүм жазасы алынып салынды деп мактанып жатабыз. Бирок, өлүм жасазын алгандар отурган жер төлөгө кирип алар кандай абалда отурганын карап көргүлө!

“Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаевдин баамында, өтүп жаткан жылда бийлик адам укуктарын акырындап кысмакка алып отуруп коомду көндүрүп, авторитардык режимди орнотуу максатын көздөп жатат:

-2008-жыл Кыргызстан үчүн адам укуктарын, жарандардын саясий укугун чектөөлөрдүн жылы болду десек жаңылышпайбыз. Быйылкы жыл ичинде ага негиз берген канчалаган мыйзамдардын кабыл алынганы күбө. Дагы бир фактор-ойдон чыгарылган себептер менен канчалаган адамдарга карата кылмыш иштери ачылып, куугунтуктоолор башталып жатат. Мына ушундан улам бийлик авторитардык режимди орнотуп, ага ылайыкталган мыйзамдарды кабыл алып, коомдук пикирди көндүрүп анан элди баш көтөргүс кылып үйрөтөйүн деп багыт алганы көрүнүп турат.

Укук коргоочулардын айтымында, чын-чынына келгенде өтүп жаткан жылы бийлик парламенттин колу менен мурда демократиялык өнүгүүгө жол ачат деп кабыл алынган мыйзамдарды өзгөртүп, акырындап ага коомду көндүрө баштады. Маселен, 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин коомдук телеканалга айландырылат деп үмүт артылган жана ага негиз берчү президенттин жардыгы чыкканы менен Улуттук телеканал бийликтин гана көзүн караган куралга айланып барат. Ага УТРКнын көз карандысыз башкаруу органы болчу Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүн мамлекет башчы менен парламент гана тандайт деген жобосу бар жаңы мыйзамды парламенттин үндөбөй кабыл алып бергени шарт түздү. Мындай артка чегинүүгө нааразы болгон медиа чөйрөнүн талабы этибарга алынмак турсун эркин журналисттердин бир нечеси өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Эми кыргыз бийлиги дүйнөдө биринчилерден болуп Интернет мейкиндигин ооздуктоо аракетин көрө баштады. Ал тургай Улуттук телеканалдын толкунунан “Азаттык”, БИ-БИ-СИ радиолорун алып, коомду акырындап эркин маалыматсыз жашоого көндүрүп барат.

Жаш саясатчы Мирсулжан Намазалиевдин баамында, бийлик муну менен өз ордун бекемдөөгө аракеттенип жатат:

- Аз укук милдет менен бийликке келген адамдар убакыт өткөн сайын бийликтин даамын татып, көбүрөөк укуктарга ээ болгусу келет. Үчүнчү жылы бийликте тургандар адам укуктарын бузса да өзүнүн ордун бекемдегиси жана чоң ишенимдерге ээ болгусу келгендигинен кабар берет.

Укугу бузулган жарандардын талабына тартип коргоо органдары кайдыгер

Адам укуктарын бузуу фактылары тургундары саясат менен көбүрөөк алектенген Бишкек шаарында гана эмес жер-жерлерде да көбөйүп, жергиликтүү жарандардын укугун коргоого тартип коргоо органдарынын такыр эле кайдыгер болуп бара жатканы коом өкүлдөрүн кооптондурууда. Маселен, мындай окуялар тизмеги өтүп жаткан жылы Ош аймагында көбүрөөк байкалган. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ош облусу боюнча координатору Керим Макеев милиция кызматкерлери тарабынан ыдык көрдүм деп прокуратурага кайрылган менен арызына кызыккан киши жок.

Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерибиз деген адамдар “Ата Мекен” партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Калмаматов менен жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаевди таң аткыча суракка алышкан.
Журналисттерге кол салуулар да көбөйүп, аларга ким кол тийгизгени тартип коргоо органдарынын көз кырына да алынбай калып жатат. Маселен, “Кабар” агенттигинин Оштогу бөлүмүнүн кабарчысы Алтын Жолдошевди белгисиз бирөөлөр катуу сабап кетишкен. Бирок, азырка чейин муш бергендер ким экенин тартип коргоо органдары аныктай элек.
Бийлик өкүлдөрү болсо мына ушундай окуялар адам укугун коргоо начарлаганын айгинелейт деген пикирге каршы. Акыйкатчынын Оштогу өкүлү Талип Нуралиев азыркы бийлик учурунда адам укуктарынын абалы Акаевдин бийлиги кезиндегиден төмөндөп кетти дегенге мындай окуялар негиз боло албайт дейт.

БУУ комитетинин Аксы боюнча чечими укук коргоочулардын үмүтүн жандырды

Өтүп жаткан жылы адам укугу жаатында жүрөк кубантарлык окуя 2002-жылкы Аксы окуясында каза тапкан Элдияр Үмөталиевдин ата-энесинин арызын Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитети карап, адам өмүрүнүн кыйылышына кыргыз бийлиги күнөөлүү деген чечим чыгарышы болду. Бул өз укугу үчүн күрөшүүнү бийликке каршы чыккан саясатка теңейт деп жүрөксүп жүргөн миңдеген жарандардын үмүтүнө шоола чачкан окуя болду. Аксы окуясында каза болгон жана жарат алган башка адамдар да эми өз укугун эл аралык деңгээлде коргоого даярдык көрө башташты. Бирок, адам укуктары боюнча эл аралык ондогон макулдашуу, конвенцияларга кол койгон Кыргызстандын бийлиги ошол документтер талап кылган нормаларды аткарууга кудуретсиз жана мамлекеттик кызматкерлердин укуктук, айрыкча эл аралык укук жаатында маалыматы менен билими алымсындырбайт деген ой коомдо басымдуу. Ал тууралуу Аксы окуясы адилет иликтениши үчүн 7 жылдан бери күрөшүп, акыры БУУнун чечимине ээ болгон укук коргоочу Сартпай Жайчыбеков мындай дейт:

-Адам укугу боюнча мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн жетекчи же кызматкер жок. Себеби, алар эл аралык бир документке кол коюлгандан кийин аны Кыргызстан аткарууга милдеттүү мыйзам болуп каларын эске алышпайт. Мен эске алган бир да сотту, бир да прокурорду көрө элекмин. Бир дагы мамлекеттик деңгээлдеги жетекчинин мындай пактыга, тигиндей келишимге кол койдук эле анын аткарылышы кандай деп кызыгып сураганын көрө элекмин. Алар андай документтерди билишпейт, себеби укуктук жактан сабатсыз да!

Шайлоо оюндары адам укугун бузуулардын башаты бойдон калууда

Өтүп жаткан жылда адам укугу жаатында дагы бир урунттуу окуя жергиликтүү кеңештерге шайлоо болду. Шайлоодо саясий партиялардын өкүлдөрү жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер бир топ болгону менен өткөн жылкы парламенттик шайлоодогудай эле бармак басты көз кысты оюндар көп болуп, шайлоочулардын укугу бузулду деген айрым укук коргоо уюмдары кээ бир участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Ага моюн бербеген БШК шайлоо мыйзамдуу өттү деп жарыялады.

Анын чуусу басаңдап калган кезде Жогорку Кеңеш добуш берүүдө баш бармакка боек сүртүү деген талапты Шайлоо Кодексинен алып, добуш берүүнү жумуш күндөрү өткөрүү жөнүндөгү жобону киргизди. Укук коргоочулар парламенттин мындай чечими шайлоо укугун бузууларды жана анын жыйынтыгын бурмалоону жаңы баскычка көтөрөт деп кабатыр болуп жатышат.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунованын баамында, мындай чечимдердин максаты президенттик шайлоого даярдык көрүү жана анын жыйынтыгы азыркы бийликке пайдалуу болуш үчүн шайлоочулардын эркин тандоо укугун бузуп, жумуш күндөрү көрсөтмө менен добуш берүүгө мажбурлоо:

-Албетте, өкмөттө иштеген адамдарды жоокерлерди тизип келип добуш бердирткендей кылып шайлатат. Керек болсо сегизден тогузга чейин салыкчылар келсин, тогуздан алтыга чейин бир мектептин мугалимдери добуш берсин деп кезек түзүп коюшат.

Экстремисттик маанай издөө менен Коомдук палата ооз жабууга мажбурлайт деген кооптонуу күч

Өтүп жаткан жылы Кыргызстанда адам укугунун абалын дагы бир тепкичке төмөндөтчү окуя жакында эле Жогорку Кеңеш “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршылык көрсөтүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизген өзгөртүү болду деп укук коргоочулар тынчсыздана башташты. Анткени, жаңы өзгөртүүгө ылайык жазма жана оозеки материалдарда экстремисттик маанай бар же жогун иликтөөчү атайын координациялык эксперттик комитет ишке киришет. Улуттук коопсуздук комитетинин сунушу менен киргизилген жаңы жобо Кыргызстанды адам укугун такыр унуткан репрессия убагына кайтарат деген пикир пайда болду. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова мындай аракет коомду унчукпас кылып, айтылган сөз үчүн камакка алууга алып келет деп кооптонууда.

Өтүп жаткан жылы президент Коомдук палата түзүү жөнүндөгү жардыгын чыгарды. Ал коомдо дароо карама-каршы пикир жаратып, элдин өз көз карашын билдирүү укугун чектеп, оозун жабуучу кулпу болот деген баага ээ болду.

Бирок, Азиза Абдрасулова мындай саясий укуктардын басмырланганынан да жалпы коом мүчөлөрүнүн социалдык укуктарынын бузулганы кооптуу жана ал чоң социалдык кесепетти пайда кылышы ажеп эмес деген ойдо:

-Социалдык укук бузулбаган тармак жок. Пенсионерлердин,көп балалуу үй-бүлөлөрдүн абалы, иштөө укугунун жоктугу буга мисал. Казакстанга же Орусияга үй-бүлө мүчөсү иш издеп кетпеген бир да үй-бүлөнү табуу кыйын болуп калды.

Ал эми өкмөт башчы Игорь Чудиновдун билдирүүсү боюнча мындай сынга негиз жок. Анткени:

-Кыргызстан социалдык мамлекет. Ал адамдын эркин өнүгүүсүн камсыз кылып, социалдык жактан коргоого кепилдик берет. Кыргызстандын Конституциясында ар бир адамдын өмүрү, укугу, эркиндиги жана бедели эң башкы байлык деп белгиленген.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев болсо Кыргызстандагы адам укугу жана укук коргоочулардын аракетине бир беткей баа берүү мүмкүн эмес, себеби, азыр кайсы укук жакшы корголуп, кайсынысы эстен чыгып жаткандыгын иликтөө болбой калды дейт. Анын баамында, адам укугун бирөө коргоп берет же бийлик камкордук көрүш керек деп күтүп отуруу жарабайт, коомдогу укук бузуулардын тамырын кесүүгө коомчулук өзү биригип аракет кылганда гана бийлик эсептешүүгө мажбур болот:

-Коомчулук өз укугун коргоо үчүн адегенде биригиш керек. Экинчиден, депутаттарды жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо акча берген адамдарды эмес укуктарын коргоп бере ала турган адамдарды шайлаш керек. Ушул аракет төмөн жактан башталса натыйжа болор эле. Бирөө бизге келип укугубузду коргоп бербейт.





XS
SM
MD
LG