Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын “Азаттыкка” бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, ИИМдин 9-бөлүмүнүн кызматкерлери Ысык-Көлдөгү анын жакындарына сурамжылоо салып, териштирип, ар кандай кысымдарды көрсөтүүдө.

“Азаттык” -Төлөкан айым, кечээ сиздин конституциялык укуктарыңызды тартип коргоо орган кызматкерлери бузуп жатат деген билдирүү таратып, аларга чара көрүү арызы менен Башкы прокуратурага кайрылдыңыз. Буга эмне себеп болду жана аны кандай баалап жатасыз?

Т.Исмаилова:- Менин гана саясий укуктарым эмес, Кыргызстандагы жалпы жарандардын конституциялык укуктарынын кысымга алынышы өтө терең жана олуттуу маселе болуп калды. Анткени 10-январь күнү 38 жыл мурун турмушка чыгып кеткен менин Ысык-Көл облусундагы Сары-Ой айылыма Ички иштер министрлигинин 9-бөлүмүнүн кызматкерлери келип мен жөнүндө сурамжылоо жүргүзгөн.

Анын бири милициянын лейтенантымын деп өз колу менен аты-жөнүн, телефон номурун жазып калтырган Турар уулу Шүкүрбек айылда өмүр бою мугалим болуп иштеп, атам курган мектепке барып окуу бөлүм башчысынан “Төлөкан Исмаилова айылга келип жатабы? Анын бир туугандарынын кандай жеке бизнеси бар? Ысык-Көл облусунда өзү да ишкерлик кылабы?” деген суроолорду берип кеткен.

Ага мындай суроолорду эмне үчүн берип жатасыз деп сурашса, ал биз ушундай тапшырма алганбыз, ар бир саясатчы, укук коргоочу жана коомдук ишмер тууралуу маалыматтарды топтоп иштейбиз деп жооп берген экен. Ысык-Көлдөн 11-январда бир туугандарым Бишкекке келип, Акаевдин убагында да ушундай окуя болду эле, азыр андай окуялар кайра кайталанып жатат деп чочулап келишкен экен. Анан мен ошол боюнча министрликке чалып, эмне үчүн сурамжылоо жасалып жатат деп сурадым.

Мен бул жерде жеке турмуш деген эң олуттуу жана маанилүү маселе экендигин баса белгилегим келет. Анткени ар бир жарандын жеке турмушу ыйык жана кол тийгис деп Конституцияда жазылган. Андыктан тартип коргоо органдары мыйзам чегинде иштеп, биз төлөгөн салыктын эсебинен иштеп жаткандан кийин элге гана кызмат кылышы керек. Алар тартып алуучулук, зордук дегенди токтотууга милдеттүү.

Ошондуктан кечээ ушул окуя боюнча Башкы прокуратурага арыз бердик. Бирок Башкы прокуратура да жарандардын саясий көз карашына жана оппозициянын өкүлдөрүнө тез көңүл буруп жатат. Мисалы, карикатура үчүн “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевге тез аранын ичинде эле кылмыш ишин ачты.

“Азаттык”: -Азыр оппозиция өкүлдөрү өзүлөрүнө же балдарына карата кылмыш иштеринин ачылышын куугунтуктоо деп баалап жатышат. Бирок президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев “Азаттыкка” алар куугунтуктоо эмес, мыйзам бузган адам жооп берүүгө милдеттүү деп билдирди. Демек, муну бийликтин коррупцияга каршы күрөшү деп айта албайбызбы же мурда бийликте турган оппозиционерлер кызматында иштей беришсе кылмыш иштери ачылбайт беле?

Т.Исмаилова: - Оппозиция гана эмес жөнөкөй журналисттерди деле куугунтуктоо болуп жатпайбы. Маселен, 2008-жылды анализ кылсак канча журналисттер чет өлкөгө качып кетүүгө мажбур болушту. “Де-фактону” жана анын башкы редактору Чолпон Орозобекованы же башка журналисттерди мисалга алалычы.

Алар качып кетишпесе кандайдыр бир коркунучтуу окуяга туш келмек. Себеби журналисттерди сабап кетип жатышат, үйүн тинтип кетип жатышат. Мисалы көз карандысыз журналист, менин күйөөм Асылбек Исмаилов врачтардын колунан каза болду. Андан бери 5 ай өттү, бирок Башкы прокуратура кылмыш ишин козгобой жатат.

Өткөн жылдын август айында Чолпон-Атанын врачтары жана Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Мамбетов мырза кандай аракеттерди жасаган фактыларын ачык айтсак да Башкы прокуратура тарабынан бир да иш жасалган жери жок. Ошон үчүн мен мыйзам ким үчүн иштейт деп таң калам. Оппозиция болбогон эле жөнөкөй адамдардын конституциялык укуктарын азыркы бийлик такыр унутуп салды.

“Азаттык” –Эми буга башкы эмне себеп деген ойдосуз?

Т.Исмаилова: - Буга биздин ачыктыкты талап кылышыбыз себеп. Анткени биз 2008-жылдагы энергетикалык кризисти, Жогорку Кеңештин, аткаруу бийлигинин ишин тескеп, бюджет кандай аткарылып жатат, кандай чечимдер кабыл алынып жатат, бюджеттен социалдык тармакка канча акча берилип, кандай сарпталып жатат деген көзөмөлдөөгө аракет кылып жатабыз. Бирок катардагы жарандар мындай көзөмөлдөө укуктардан четте калды. Экинчи жагынан сөз эркиндиги чектелип, кыргыз жарандары сокур жана дүлөй болуп баратат. Эгер мындай багыт улана берсе бийликке эле жаман. Алар өз коопсуздугун да ойлоосу зарыл.

XS
SM
MD
LG