Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Human Rights Watch жана Freedom House эл аралык уюмдары Кыргызстанды адам укуктары чектелип, эркиндик коркунучка кептелген өлкө деп таанышкан.

“Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу адам укуктарынын абалы жана саясий куугунтук маселесине арналды. Талкууга Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ибрагим Жунусов, азыр Швециянын Стокгольм шаарында качкында жүргөн коомдук ишмер Эдил Байсалов жана “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова катышты.

“Азаттык”: - Ибрагим мырза, Human Rights Watch жана Freedom House эл аралык уюмдары жылдык отчетунда Кыргызстан адам укуктарынын абалы кескин төмөндөгөн, жарандардын эркиндиктери жана конституциялык укуктары кысмакка алынган мамлекеттердин катарында экендигин жарыя кылды. Ушундай эле пикирлерди жергиликтүү укук коргоочулар да айтып, авторитардык режимди бекемдеди деген пикирде турушат. Сиз эл аралык уюмдардын мына ушундай жыйынтыгына макулсузбу, алардын баасына өткөн жылы негиз болдубу?

И.Жунусов:
-Мен ага түк кошулбаймын. Себеби 2008-жылга баа бере турган болсок адам укугун кордогон же ага каршы эч нерсе болгон жок. Кээ бир адамдар ошондой маалыматтарды гезит, радио аркылуу айтып жатышат. Бирок андай маалыматтар быйыл эле эмес, буга чейин 10-15 жыл мурда эле айтылып келаткан болчу.

“Азаттык”- Азиза айым, сиз Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 60 жылдыгына арналган жыйында Кыргызстан адам укуктары менен эркиндиктерин кысымга алуу жагынан мурдагы Акаевдин учурунан да ашып түштү дедиңиз. Бирок бийлик өкүлдөрү өткөн жылы Кыргызстан эл аралык бир катар документтерди ратификациялоо менен адам укуктарын коргоо жаатында алга жылды деген ишенимде. Эмне үчүн кабыл алынган документтер турмушта иштебей жатат? Ага башкы себеп эмне?

А. Абдрасулова:
-Анын себеби мындай: биздин өлкөдө авторитардык бийлик орноп жатат деп эл аралык эки ири уюм билдирип жатат. Мен ушул жаатта иштеген адам катары Кыргызстанда авторитардык бийликтен ашкан президенттик түздөн-түз диктатордук бийлик орноду деп бири-бирибизди “куттуктасак” болот деп ачык айта алам.

Себеби президенттик партия мыйзам чыгаруу бийлигине келип, ошол партия аркылуу аткаруу жана сот бийликтери шайланып жатат. Ошондуктан алар чыныгы абалды көрсө көрмөксөн, укса укмаксан болуп жатышат. Ал эми эл аралык документтердин ратификациялангандыгына мактанбай эле койсок болот. Себеби алар ишке ашкан жери жок. Кыйноолорго каршы эл аралык протокол былтыр ратификацияланды. Бирок ар бир убактылуу абакка, шектүү адамдар кармалчу ар бир жайга барсак милиция кызматкерлеринен таяк жеп азап тарткан, кыйноолорго дуушар болгон адамдарды тапса болот.

Адам укуктарынын башка тармактарында да бүгүн толук артка чегинүүлөр бар. Биз аны душман катары же гезит, теле, радио аркылуу кыйкырууну жакшы көргөн адам катары эмес өлкө үчүн күйгөн укук коргоочу катары муну бийликке да айтып, ачык жарыялап да келатабыз. Ошондуктан бийликте турган партиянын депутаты Ибрагим Жунусов өңдөнгөн мүчөлөрү биздин айтканыбызды жөн эле куру кыйкырык катары кабыл албастан өлкөдөгү чыныгы абал, окуя катары кабыл алуулары керек. Мына ушунун эле мисалы биз менен талкууга катышып жаткан Эдил Байсаловду айтсак болот.

“Азаттык”- Анда сөз кезегин Эдилге берсек. Эдил мырза, сизге БШКнын арызы боюнча 20 миллион сомго байланыштуу иш ачылганда чет өлкөгө кетип калдыңыз эле. Андан бери бир жыл өттү. Кайра кайтып келүүдөн эмне үчүн чоочулап турасыз?

Э. Байсалов:-
Эми бийликке каршы болгон же ага сын айткан кишилердин баардыгына кылмыш иштери ачылып, куугунтукка алынып жатат. Алардын бири менмин. Мага былтыркы шайлоо учурунда жөн эле жерден кылмыш иши козголгон. Ошол кездеги БШКнын төрайымы Клара Кабилова азыр өзү куугунтукталып, чет өлкөгө качып кетти.

Мен өзүм жөнүндө айтпасам деле жалпы Кыргызстандагы абал эл аралык уюмдардын билдирүүсүз эле белгилүү. Азиза эже айткандай мурда Акаевдин учурунда жүздөгөн эл пикет болобу, митинг болобу эркин чыга алса, азыркы учурда бир адам чыгып, Ак үйдүн жанында бир мүнөт туруп сын айтса ошол замат камалып жатат. Мындан тышкары? өткөн жылы “Де-факто” жана башка гезиттер жабылып калды. Ал тургай “Азаттык” радиосу азыр Кыргызстанда угузулбай жатат. “Азаттыкка” каршы куугунтук 2005-жылы 24-мартка жакын башталган болчу. Мындай окуялардын баары элге белгилүү.

“Азаттык”- Ибрагим мырза, өзүңүз жакшы байкап турасыз. Мурда бийликте жүргөн министрлер, коомдук ишмерлер бийликке сын айтаар замат эле кылмыш иштери ачылып, ал тургай балдары да илинчекке илинүүдө. Муну оппозиция өкүлдөрү менен укук коргоочулар саясий куугунтук деп атап, ага каршы күрөшүүчү комитет түзүштү. Бийлик болсо коррупцияга күрөшүп жатабыз деп жатат. Сиз бийликтин ушул аракетине кандай баа бересиз, бул чын эле куугунтукпу же коррупцияга каршы күрөшпү?

И.Жунусов: -Мен чындыгында Азиза эжени абдан сыйлайм, ал өзүнүн туруктуу туруму бар адам. Мен айтчу ойго Азиза эже деле макул болот болуш керек. Сиз өзүңүз мурда бийликте иштеген министрлер деп жаткан адамдар бийликте 2-3 жыл эмес кээ бирөө көп жыл турган адамдар. Алар ошол кызматта турган учурда эмне үчүн азыркы сындарын айтышкан эмес? Кызматта жүргөн учурунда эмне үчүн бийликке сын айта алган эмес? Эмне үчүн иштен кеткенден кийин гана айтышат?

Сиздер “Азаттыктан” кеткен интервьюларын деле эстеп көргүлөчү, алар кудум эле мага окшоп бийликти жактаган учурлары болгон да! Азыр Азиза эже да, Эдил мырза да ким сын айтса эле кылмыш иши ачылып, камалып жатат деп айтып жатышат. Байкап көргүлөчү өзүңөр эле, мурдагы кызматы боюнча иш козголгон адамдар ак болсо акталып чыгып жатышат го! А кээ бирлеринин кызматта жүргөн маалда чоң коррупцияга жол берип коюп, эми коркуп элдин артына жамынган чиновниктер экендиги белгилүү болуп жатпайбы! Чындыгын айтайын, оппозициянын ичинде өзүнүн позициясынан тайбаган татыктуу оппозиционерлер бар. Бирок бүгүн бийликте туруп, эртең эле оппозицияга кетип калган адамдарды мен түк сыйлабайм жана андай адамдардын туруму жок деп эсептейм.

“Азаттык”- Ошол адамдар кызматта турган учурда коррупцияга малынып жатканы эмне үчүн аныкталбай оппозицияга кеткенден кийин эле дароо кылмыш иши ачылат деген маселе коомдо карама-каршы пикирлерди жаратып жатпайбы...

И.Жунусов: -Ошол министрлер иштен эмне үчүн алынды? Эмне үчүн кетип жатат? Демек анын артында бир нерсеси бар. Кээ бир министрлерди кызматтан албай туруп эле кылмыш иши козголсо эле сын айтууга барып жатпайбы? Мисалы мен кээ бир адамдардын атын ачык айта алам. Мисалы үчүн Эдил мырза Ошко барганда Башкы прокурор болуп иштеп турган Азимбек Бекназаров боюнча сизге кайрылып, Бекназаров жасаган иштерди бийликке жеткирүүнү сурангам. Ал окуя эсиңизде болсо керек? Эдил мырза, ошондо жөнөкөй адам катары менин оюмду эмне үчүн эч кимге айткан эмессиз? Анда Бекназаров Башкы прокурор болуп турду эле го...

“Азаттык”Эми Азиза айым, сизге суроо. Конституциялык сот “Эрк” партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу же мурдагы башкы укук коргоочунун чогулуш, жүрүш жана митингдер тууралуу мыйзамды жокко чыгаруу талабын канааттандырган жок. Муну менен эркин чогулуштарды өткөрүү эркиндигине ээ болуу умүтү жок болду деп жатышат. Мындай чечим кырдаалды курчутушу мүмкүнбү?

А.Абдрасулова: -Биринчиден, бир нерсени тактап коюу керек. “Эрк” партиясы арызын ошол мыйзамдын бир гана беренесине таянып берген. Ал жергиликтүү бийликтин сотторго кайрылууга укугу барбы же жокпу деген маселени тактоо болчу. Ал эми жалпысынан алганда бул мыйзамдын өзү Конституцияга каршы келет. Ошондуктан бул маселеге кайра кайрылсак болот. Бирок кандай болгон күндө Жогорку сот болобу, Конституциялык сот болобу же бийликтин башка бутактары болобу бир адамдын каалоосуна, чечимине жараша иштеп, бир эле адамга баш ийип калышты. Мен бир нерсени баса белгилеп койгум келет, президент Кыргызстанга азыр туруктуулук жана тынчтык керек деп жатат. Ушундай эле тынчтык жана туруктуулук керек деп өз убагында Гитлер да айткан. Бирок ал кандай тынчтык керек экендигин өзүнүн түшүнүгүнүн деңгээлинде айткан. Сталин да дайыма СССРде тынчтык жана туруктуулук керек деп келген. Бирок ал дагы тынчтыкты өз көз карашы менен түшүнгөн. Президент Курманбек Бакиев мырза эл аралык ынтымак, тынчтык жана туруктуулук дегенди кандай түшүнүп жатат? Элдин унчукпай, өз оюн көчөгө чыгып ачык айтпай калгандыгын тынчтык же туруктуулук деп эсептегенге болбойт. Тескерисинче ал мунун артында эл бышып жетилип жатат деген маанини түшүндүрөт.

Азаттык”- Эдил мырза, мына ушул тапта АКШнын кетип жаткан президенти Жорж Буш коштошуу сөзүн сүйлөй баштады. Анын ордуна келчү Барак Обама Ооганстанга көңүл бурарын билдирди. Анда Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга саясатын өзгөртүшү жана ага карата кыргыз бийлиги да өз багытын өзгөртүшү мүмкүнбү?

Э.Байсалов: -Кыргыз бийлиги өз мыйзамдарын АКШнын президентин сыйлаш үчүн аткарбашы керек да, туурабы? АКШда ким президент болбосун кыргыз президентинин мамилеси өз элине дайыма түз болушу керек. Тилекке каршы, азыркы кыргыз президентинин эң башкы кызыкчылыгы өз бийлигин сактап калуу жана бекемдөө. Кыргыз элин тебелеп-тепселейби, улуттук кызыкчылыгына каршы иш жасалабы, ага баары бир болуп жатат. Маселен өткөн парламенттик шайлоону эле алсак, элдин каалоосуна каршы парламент түзүлгөн жана ал легитимсиз болуп турат.

Мен дагы бир нерсени баса белгилеп кетким жатат. Испанияда диктатор Франко деген болгон. Ал мыйзамга жамынып алып, досторго баары уруксаат, душманга мыйзам деген бир принцип менен башкарган. Ал мыйзамга жамынган ушундай принцип менен өзүнүн жеке бийлигин бекемдеген. Азыр Кыргызстанда да бир кишинин, бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн бүт бийлик иштеп жатат.

“Азаттык”- Ибрагим мырза, Human Rights Watch, Freedom House сыяктуу эл аралык уюмдардын ачуу сындарына жана биз менен талкууга катышып жаткан адамдардын айткандарына парламент кесипкөй баа берип, андан жыйынтык чыгарууга аракет көрө алабы? Мен мындай суроону “Ак жолдун” көпчүлүктү түзгөн депутаттары бийлик каалаган чечимди кабыл алып бере берген тил алчаак парламент деген сындан улам берип жатам.

И.Жунусов: -Тил алчаак деген сын туура эмес, мен ага түк кошулбайм. Мисалы мен өзүм жөнүндө айтсам, мен бийликтин партиясында болгон менен бийликке дайыма эле сын айтамын. Акыркы жолу Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиевага айткан сынымды бүтүн Кыргызстан укту деген ойдомун. Ушул парламент жаңыдан шайланып келгенде деле алтын балык болбойбуз деп айткам. Эгер алтын балык боло турган болсок бүгүн эле мандатымды тапшырам деп айткан болчумун. Демек, тил алчаак дегенге кошула албайм.

Анан азыр эле Эдил мырза бул парламент туура эмес түзүлгөн, легитимсиз деп айтып кетти. Бул сөзгө да кошула албайм. Себеби партиялык тизме менен шайланып келген парламент президент Курманбек Бакиевдин бирден бир утушу. Партиялык тизме менен парламент түзүш үчун бул жолду Казакстан 15 жыл басып өттү. Орусия мындай жолго 8 жылдын ичинде араң жетишти. Биздин президент ага 3 жылдын ичинде жетише алды.

Демек бул Кыргызстан үчүн алдыга кеткен чоң кадам. Мен буга чейин Акаевдин убагында 2000-жылы да депутаттыкка ат салышкам. Бирок Акаевдин бийлиги жок жерден бир жарым процентке уттуруп койгон. Мен анда бир тыйыны жок катышкам. Эгер ошондой эле абал болсо мен бүгүнкүдөй болуп парламентке эч качан келе алмак эмесмин.

“Азаттык”- Азиза айым, мына сиздер абалды оңдош үчүн саясий куугунтукка каршы күрөшүүчү комитет түзүп, адам укугун басмырлоого туруштук берели деп деп жатасыздар. Бул аракетиңерди бийлик укуктук жактан алганда мыйзамсыз деп табышы, ага тоскоолдук кылышы мүмкүн деген кооптонуу жокпу? Эгер андай болсо кандай аракетке барасыздар?

А.Абдрасулова: - Бул жарандардын каалоосу. Аны мыйзамсыз деп тапканга эч кандай негиз жок. Себеби жарандар каалаган уюмдарды, бирикмелерди түзүп иш алып барса болот. Ага Конституция жол берет. Андыктан мыйзамсыз деп табууга негиз жок.

Бул жерде мен “Ак жол” партиясына сын айткым келген жери жок. Тескерисинче ушул “Ак жол” партиясына легитимдүүлүк берип парламентте отурган Социал-демократтар жана Коммунисттер партиясына кайрылгым келет. Ушул эки партия “Ак жол” партиясынын элге, мамлекетке каршы кабыл алып жаткан чечимдерине легитимдүүлүк берип жатат.

Демек бир эле “Ак жол” партиясы эмес парламенттеги ушул эки партияга жоопкерчиликти артышыбыз керек. Алар азчылык түзүп, эч кандай чечимдерди кабыл ала албасын көрүп турушат. Бирок аталган эки партия “Ак жол” кабыл алган чечимдерге статус берип коюп жатат. Келечекте ушул эки партиянын жоопкерчилиги “Ак жол” партиясынан да жогору болот.

Себеби “Ак жол” партиясы президенттин партиясы, анын саясатын жүргүзөт. Ал эми тиги эки партия жок дегенде эл үчүн кызмат кылып, Ибрагим Жунусов эмес ошол эки партиянын депутаттары мандаттарынан баш тартып кетишсе “Ак жол” партиясы жүргүзгөн ишине өзүлөрү жана президент жооп бермек.

“Азаттык”- Ибрагим мырза, Кыргызстандагы саясат талдоочулар бийлик эл аралык уюмдардын сыны менен эсептешпейт, себеби мамлекеттин эл аралык бедели бийликти ойлондурбайт жана кысым менен элди унчукпас коомго айландыруу сыноосу жакшы өткөн Түркмөнстан менен Өзбекстандын жолуна түшөт деп жатышат. Кыргыз эли чын эле унчукпас коомго айланышы мүмкүнбү?

И.Жунусов: - Андай болбойт. Анткени ал Кыргызстандын элинин мүнөзүнө түк туура келбей турган сапаттардын бири. Кыргызстандын эли буга чейин тээ Манастын учурунда эле өз сөзүн эркин айтып, өзүн эркин эл катары көрсөтүп келген. Аны эч ким ар кандай мыйзамдар менен да токтото албайт. Кыргызстан Борбор Азияда мурда эле аталык ордун аткарып келген жана аны кийин деле аткара берет.

А.Абдрасулова: - Анткен менен азыр ошондой аракет бар. Коомдук палата түзүлгөн жатат. Ошол коомдук палата элдин үнүн басып, унчукпас коомго айландыруунун бирден-бир аракети.

“Азаттык”- Анда сиздердин талкууда ой бөлүшкөнүңүздөр үчүн ыраазылык билдиребиз.Чоң рахмат!


XS
SM
MD
LG