Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Чечен менен ингуштардын Борбор Азияны мекендегенине 65 жыл толду


Сталиндик депортациянын курмандыктарына тургузулган эстелик. Грозный шаары.

Сталиндик депортациянын курмандыктарына тургузулган эстелик. Грозный шаары.

Бүгүн бир жарым миллионго чукул чечен менен ингуштун Кавказдан Кыргызстан менен Казакстанга зордоп көчүрүлгөнүнө 65 жыл болду. Кыш чилдесинде бөтөн жерге келген бул элдердин азыр Кыргызстанда бир миңден ашык өкүлү бар.

СССРдин курамындагы Чечен-Ингуш автономиялуу республикасы жоюлгандан кийин 1944-жылдын 23-февралынан 9-мартына чейин Кыргызстан менен Казакстанга зордоп көчүрүлүп келген чечен менен ингуштардын саны али күнчө так эмес. Айрым маалыматтар боюнча, 496 миң болсо, кээ бир маалыматтарда 650 миң болгон деп айтылат. Ошол 1944-жылдын 20-мартындагы маалымат боюнча, жолдо 56 бала төрөлүп, 1272 адам же ар бир үчүнчү адам көз жумган деген маалыматтар да бар.

Кыргыз тарыхчылары болсо Кыргызстанга 137 миң ингуш-чечен келип, согуш бүткүчө алардын 102 миңи калгандыгын жазышкан. Ошон үчүн бул күндү чечен менен ингуштар аза күтүү күнү деп эскерет дейт Кыргызстандагы ингуштардын “Вайнах” коомдук уюмунун төрагасы Алихан Божов:

- Ар жылы 23-февралды бул жердеги чечен менен ингуштар чогулуп, аза күтүү күнү катары белгилейбиз. Анткени элди өз жеринен эркине карабай башка жерге күч менен көчүрүп келишкен. Алар жолдо бир нече күндөп жүрүп келе жатканда ар бир үчүнчү адам көз жумган. Анан элди поэздден түшүргөндө, маселен Казакстандагы бороон, чапкындан ар бир экинчи адам өлүмгө дуушар болушкан. Элди бул жакка алып келип жайгаштыргандан кийин деле ачкачылыктан, оору менен сууктан абдан көп адам өлүп калган. Бул биздин эл үчүн чоң кайгы, чоң трагедия.

Чечен менен ингуштарды Борбор Азияга көчүрүүгө Исраилов жана Шерипов деген эки лидердин “Чечен-Ингуштардын элдик революциялык убактылуу өкмөтү” деген кыймылды түзүп, Гитлердин баскынчылыгын колдогон көтөрүлүштөрдү бир нече жолу уюштурганы жана 1942-жылы Чеченстанга түшүрүлгөн немец десанттарынын тобуна кошулуп кетиши башкы себеп болгон деген маалыматтар бар.

Бирок ошол эле мезгилде 2 миң 300 чечен менен ингуш согушта каза болуп, ону “Советтер Союзунун баатыры” деген наам алышкан. Андан тышкары Кавказдагы “Баатыр шаар” наамы берилген Малгобек шаарынын катардагы тургундары окоп казып, аскер менен бирге күрөшүп жатып фашисттердин чабуулун кайтарган. Ошон үчүн бүтүндөй элди чыккынчы деп күнөөлөп, жазалоо абийирге жатпайт деген Алихан Божов мындай тарыхый фактылар иликтенген менен мамлекеттердин ички саясатына жараша бааланганы ич күптү кылаарын белгиледи:

- Тарыхчылар иликтөөсүн жүргүзүп жатышат. Бирок бааны мамлекеттердин саясий жетекчилиги берип жатат.

Репрессияга туш болгон элдердин тарыхы тууралуу Москвадагы жашыруун архивдик материалдардын негизинде монография жазган окумуштуу доктор Шайыр Батырбаева мындай дооматка макул болгон менен тарыхый айрым окуялар жалпы элди жазалоого түрткү болгондугун төмөнкүчө белгиледи:

-Жалпы элге ушундай кине койгон, албетте, негизсиз. Илимий жактан алганда да илимпоздор буга туура эмес болгон деп баа беребиз. Бирок ошол учурдагы кээ бир окуяларга тарыхчы илимпоз катары баа бере турган болсок, фашисттик Германия СССРге кол салган кезде өлкөнүн чет жактарындагы, анын ичинде Кавказдагы кээ бир элдер Гитлердин чабуулун колдойт деген көз караш басымдуу болгон. Эмне үчүн дегенде 1920-жылдары жүргүзүлгөн социалисттик кайра куруулардын учурунда калктын бир топ катмары жапа чеккен. Кыска мезгил ичинде агрардык-индустриалдык мамлекетке айландыруу адам ресурстарынын эсебинен жүргүзүлүп, көп ката кеткен. Мына ушундан улам Кавказдын, Украинанын, Беларусиянын калкынын бир бөлүгү советтик бийлик кетирген кемчиликтен фашисттик Германия кутултат деп, Гитлердин чабуулун колдоого умтулушкан. Бирок аны жалпы элге жазып салуу жарабайт. Дагы бир өтө трагедиялуу учур - согушта “Советтер Союзунун Баатыры” деген наамды алган жана ар кандай сыйлыктарга ээ болгон жоокерлерди жалгыз гана улутуна карап туруп, чыккынчы элдин өкүлү деп кайра артты көздөй айдаганы өтө туура эмес болгон.

Шайыр Батырбаеванын айтымында, бирок келгиндерге кам көрүү жана аларды жайгаштырууда жергиликтүү эл менен бийлик кайтарымсыз колдоо көрсөткөн жана аны тарыхый маалыматтар тандырбайт:

- Чыккынчы эл деп, күч менен депортацияланган менен алардын жашоосу үчүн шарт түзүүгө жергиликтүү эл менен бийлик өкүлдөрү кам көрүшкөн. Тарыхта мындай окуяларга бир беткей кароо да жарабайт.

Азыркы күндө Кыргызстанда 300дөн ашык ингуш, бир миңден ашуун чечен улутундагы тургундар бар. 1957-жылы бул элдерге өз мекенине кайтууга уруксат берилгенде көбү кеткен менен Кыргызстанда калгандары өз каада-салттарын сактоо менен бирге жергиликтүү элдин турмушун сыйлоого көнүшкөн.

Кыргызстандагы калктардын Улуттук ассамблеясынын жооптуу катчысы Светлана Пактын айтымында, Кавказдагы акыркы согуштардан улам мурда кеткендердин ичинен кайра кайтып келип, баш паанек тапкандардын саны арбыды:

-Көптөгөн чечен тургундары Кыргызстандан баш паанек таап, кыргыз жарандыгын алып жатышат. Бул үчүн алар өкмөткө абдан ыраазы. Азыр өз мекенине кеткендердин саны жокко эсе.
XS
SM
MD
LG