Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

А.Сасыкбаева: Бийлик эркиндикти чектеген система түзүп жатат


“Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева кыргыз жарандары жакында сөз эркиндиги, пикирин ачык билдирүү, көз карандысыз шайлоо деген укуктарды унутат деген ойдо. Уюм жетекчиси мындай пикирин “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди.

- Асия айым, Кыргызстандагы бир катар укук коргоо уюмдары Кыргызстан 2008-жылдан тарта укуктар менен эркиндиктерди чектөө багытын алды деп билдирүү таратып, тынчсызданып жатышат. Ага кандай негиздер бар?

- Бийликтин акыркы жылдардагы кабыл алган мыйзамдарын жана демилгесин иликтеп көрсөк, өзүнчө эле бир система түзүп жатканы айкын болуп турат. Ал система элге каршы иштеп жатат. Өзүңөр эле карап көргүлөчү, тынч жыйын өткөрүү, көз карандысыз шайлоо укугу, сөз эркиндиги, дин тутуу эркиндиги деген түшүнүктөр жакында жок болот деген коркунучтабыз. Анткени көз карашты эркин билдирүү укугуна да мыйзам жолу менен тыюу салынып, баш көтөргөндөрдү милиция дароо камакка алып жатат. Азыр өлкө калкынын элүү пайызы жакыр жашайт. Ага карабастан кыймылсыз мүлккө салык салынып жатат. Анын ичинде жашап турган үйлөргө да салык салынып жатпайбы. Бизнести карасак, өнүктүргөндүн ордуна жаңы кабыл алынган мыйзамдар иштөөгө да тоскоолдук кылып жатат. Соодагерлер ага жараша бааны көтөрүп жатышат. Элдин көбү жөнөкөй тамак-ашка да жетпей калышты. Анткени алардын көбү жумушсуз, айлык алышпайт. Бул экономиканын көйгөйлөрү эмес, булар биринчи кезекте элдин жакшы жашоого укуктары. Мына ошол укуктардын баары тебеленип жатат.

- Өзүңүз айткандай, укук коргоочулар 2007-жылы болгон парламенттик шайлоодон бери эле калыстыкты, эркиндикти талап кылган митинг, пикеттерди өткөрүп келе жатышат. Бирок бийлик аны укмаксанга салып, “Митинг, жүрүш, жыйналыштарды өткөрүүнү чектеген, талаш жараткан телерадио берүүлөр, дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамдарды кабыл алды. Эми коммерциялык эмес уюмдардын ишин чектеген мыйзам долбоору даярдалып жатат. Мына ушул жагдайдан алып караганда бийлик укук коргоочулардын чакырыгын угат деген ишеним барбы?

- Менин оюмча, андай ишеним жок. Себеби бийлик дүлөй жана сокур болуп жатат. Бирок ишеним жок болгон менен унчукпай кое албайбыз. Унчукпай койсок кийин элибизге аябай жаман болот. Анткени элдин укугун ким коргойт? Тартип коргоо органдары коргомок түгүл башкача саясат жүргүзүп жатат. Ошондуктан биз баары бир өз укубузду коргоо үчүн аракет кыла беребиз. Бийлик менен иштешели десек, алар жактан демилге болбой жатат. Бирок ага карабастан биз тырмышып аракет кылып жатабыз.

- Укук коргоочулар мыйзамдуулукту, эркиндиктерди сактап калуу керек деп элге кайрылды. Адам укуктары боюнча эл аралык федерация да кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, саясий куугунтуктоолорду токтотууну талап кылды. Мындай чакырыктарды бийлик угат жана карапайым эл аны колдойт деген үмүт барбы?

- Үмүт бар, анткени мыйзамдуулук менен эркиндик жалгыз эле укук коргоочуларга эмес жалпы элге керек. Мыйзамдуулукту, эркиндикти баардыгыбыз азыр коргобосок эртең кеч болуп калат. Ошондо карапайым эл эмес, жалпы Кыргызстан мамлекетин жок кылып алабызбы деген коркунуч бар. Элге кайрылганга азыр биздин сөзүбүздү элге жеткире турган эркин массалык маалымат каражаты да жок болуп жатпайбы. Андай шарт болсо мен радиоугуучуларга “Качанга чейин чыдай беребиз? Качан эл болобуз? Качан ойгонобуз? Бийликке талап кылган суроолорду качан беребиз?” деген суроолорду берер элем. Жок дегенде анча-мынча аракет кылып, болбоду дегенде жөнөкөй эле укуктарыбызды коргоого аракет кылышыбыз керек да. Ал үчүн жалпы эл ойгонушу зарыл.

-Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG