Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Башкы прокуратура жөнүндө мыйзамдын башы талаш


Башкы прокуратура жаңы мыйзам кабыл алып,кызматкерлерин материалдык жана укуктук жактан коргоо негиздерин бекемдеген жатат. Ал ЖК фракцияларында карама-каршы пикир жаратып,Социал-демократтар мыйзам мекемени мыйзамдуулукту эмес,бийликтин гана кызыкчылыгын коргоочуга айлантат деп сынга алышты.

“Башкы прокуратура жөнүндөгү” мыйзам мындан он төрт жыл мурун 1993-жылы кабыл алынган. Башкы прокурордун биринчи орун басары Сумар Насизанын билдирүүсү боюнча, өткөн жылдар аралыгында мыйзам жоболору мезгилден бир топ артта калып, прокуратуранын милдетин мезгилге шайкеш ачыктоого муктаж кылды. Андан да 2007-жылы кабыл алынган Конституцияда Башкы прокуратура борбордук орган деп белгиленгендиктен укуктук жактан да мыйзамды баштан аяк жаңылоо зарылдыгы бышып жетти:

-Укуктук мейкиндикте өтө көп өзгөрүүлөр болуп, жаңы Конституциянын 77-беренесине ылайык Башкы прокуратура аткаруу бийлигинен чыгарылып,борбордук орган болуп калган. Ошого жараша прокуратуранын милдети менен иши азыр таптакыр башкача болуп калды.

Сумар Насизанын айтымында, мыйзам долбоору эки жыл мурун даярдалып, адистердин талкуусунан өткөндөн кийин гана парламенттин кароосуна берилди.

Бирок Социал-демократтар фракциясы долбоор өтө шашылыш даярдалып, президенттик шайлоо алдында прокуратуранын укугун кеңейтүү үчүн атайылап кабыл алынган жатат деген жыйынтыкка келип, кабыл алууга каршы болушту. Ал тууралуу депутат Роза Отунбаева:

-Эмне үчүн ушунчалык шашып жатабыз? Эмнеге кыйсыпыр түшүп жатабыз? Эмне үчүн шайлоо алдында мындай жаңы мыйзам жазылып жатат? Азыр бардык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, бардык тармак боюнча жаңы мыйзамдар жазылып жатат. Буга эмне зарылдык? Мындай фундаменталдуу мыйзамдарды шашылып кабыл алууга эмне үчүн шашабыз? Мындай маанилүү мыйзамдарды абдан дыкат талдап туруп, анан кабыл алышыбыз керек. Прокуратура мурдагы милдети менен эле президенттик шайлоону калыс жана ачык өткөрүп алсынчы! Шайлоо алдында күч структурасынын укугун бекемдеген мыйзамды шашылып кабыл алууга каршымын,-деп мыйзамды прокуратуранын ишин коомдук угууда салмактап, анан элдин жана адистердин жалпы талкуусунан өткөрүп туруп гана кабыл алууну сунуштады.

Социал-демократтардын кызуу талкуусун долбоордогу айлык акыны атайын эсепке түшкөн каражаттын 30 пайызынын эсебинен көбөйтүп, пенсияга көбүрөөк каражат менен чыгаруу жобосу жаратууда. Баш прокурордун биринчи орун басары Сумар Насизанын айтымында буга прокуратурада 30-40 жыл иштеген кызматкерлердин пенсияга эки миң сом менен чыгып жатканы жана ага орточо айлыктын үч миң сом экендиги түрткү берди. Фракциянын төрагасы Бакыт Бешимов маяна эң аз айлык ченеминен да төмөн болсо жүз миң долларлык машина минип, “Ролехс” сааты менен төрт жүз долларлык галстук тагынган прокуратура кызматкерлери кайдан чыкты деп кызыкты. Андай байлар жок деп четке каккан Сумар Насиза жок жерден байыган кызматкерлер жакында тескелет деп убада да берди. Депутат Иса Өмүркулов болсо мамлекеттин казынасына кайтарылган каражаттын 30 пайызы маянага кошула турган болсо прокуратура мыйзамдуулукту сактоого көзөмөл кылуу милдетин унутуп, зыян келтирсе, келтирбесе да чөнтөгү калыңдардын артынан түшөт деп эскертип, мыйзамды фракция толугу менен четке какты.

Ал эми долбоорду буга чейин жактырган Коммунисттер фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев:

-Мыйзам азыр өтө зарыл.Бул жерде божомол кылуунун кереги жок, себеби мыйзамдын шайлоого эч кандай тиешеси жок,-дейт.

Ал эми “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары Афтандил Арабаев Социал-демократтардын каршылыгын бийликтин ар бир аракетинен кынтык табуу далалаты деп баалады:

-Эми азыр ар кандай каралоо болуп жатат. Бийлик кандай жасаса деле анын баарын мына шайлоо үчүн атайылап жасап жатат деп жатышат.

“Ак жолчу” депутаттардын ушундай маанайынанбы Сумар Насиза парламент долбоорду кабыл алат деп бекем ишенгендигин жашырган жок.

Ал эми Башкы прокуратуранын атайын эсептеги каражаттан маянаны көтөрүү аракети Каржы министрлигинен колдоо таппайт деген божомол бар. Анткени министрлик бардык пенсионерлер бирдей деңгээлде пенсия алыш керек деп, азыр пенсия көлөмүн маянага байлоо системасын жокко чыгарууга аракет көрүүдө. Каржы министри Марат Султановдун баамында, Башкы прокуратуранын атайын эсепке түшкөн каражаттын эсебинен маянаны көтөрүү аракети башка мекемелерге терс таасир бере турган үлгү болот жана кызматкерлердин каражатты түшүрүү кызыгуусун күчөтөт:

-Анда буларда кандайдыр бир иштерди жасап, каражатты өзүлөрүнүн бюджетине түшүрүү кызыгуусу күчөйт. Мен ага каршымын.

“Башкы прокуратура жөнүндөгү” мыйзам долбоору эми көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясынын элегинен өтөт. Анда Социал-демократтардын каршылыгы баага татып, мыйзамдын ар бир жобосу дыкат талданабы же жокпу, азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG