Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:30

Ж.Тороев: Өкмөт Ноокат окуясын көрсөтмө курал кылып жатат


Жогорку Сот 14-майда Ноокат окуясы боюнча арызды карай баштайт. Укук коргоочулар сот бардык күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн толук угуп, далилдерди дыкат иликтегенден кийин гана чечим кабыл алышы керек деп талап кылып жатышат.Ноокат окуясын тергөө жана сот жараяндарына байкоо жүргүзүп жаткан адам укуктары боюнча “Эдвокаси борбор” аттуу Ош шаарындагы уюмдун директору Жеңиш Тороев “Азаттыкка” берген маегинде ага себеп болгон жагдайлар тууралуу маалымат берди.

"Азаттык"-Жеңиш мырза, Жогорку Сот 14-майда Ноокат окуясы боюнча соттолгондордун арызын караган жатат. Буга байланыштуу укук коргоочулар сот бардык күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн толук угуп, далилдерди дыкат иликтеп туруп гана чечим кабыл алыш керек деген талаптарды коюп жатышат. Буга эмне негиз берди деген ойдосуз?

Ж.Тороев: -Албетте, мындай талапка негиз бар. Себеби апелляциялык арызды караган сот бир канча күбөлөрдү алып келип, көрсөтмөлөрдү толук уккандан кийин гана чечим чыгарыш керек эле. Бирок буга чейинки сотто күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жарым-жартылай угулуп, жарымы калып калган. Көп күбөлөр сотко киргизилбей калып калган. Мисалы үчүн Ноокат окуясы боюнча соттолгон кээ бир адамдар башка жерде, айрымдары талаада картошка терип жүрсө, кээ бири бата кылган жерде жүрүшкөн. Сотко аны далилдечү көптөгөн күбөлөрдү алып келишкен. Сот алардын кээ бирин угуп, кээ бирин укпай туруп прокуратуранын өкүлдөрү берген көрсөтмөлөрдү гана угуп туруп чечим чыгарып жиберген.

“Азаттык”- Ушул окуяга байланыштуу айыпталган 32 адамдын иши боюнча жүздөн ашык адам көрсөтмө берет деп айтышты эле. Бирок райондук жана облустук сот алардын баарынын көрсөтмөлөрүн толук укпай туруп эле өтө оор жазаларды берип салды деген нааразылыктар айтылып жатат. Чынында эле ага негиз барбы?

Ж.Тороев: -Негизи бар. Мисал үчүн Исанов жана Асанов деген адамдар соттолгон. Исанов айылда мугалим болуп иштейт. Анын ошол күнү бир тууганы каза болуп, ошол жерде саат экиге чейин жардам берип жүргөн. Аны көп адамдар көргөн. Адвокаты ошол адамдардын ичинен жыйырмадан ашык адамды сотко алып келген. Сот жарымысынын көрсөтсмөсүн гана угуп, калганын киргизбей койду. Бул биринчиден, экинчиден берилген көрсөтмөлөрдү деле сот эмнегедир эске албай койду. Бир мисал, сотто прокуратура тарабынан күбө катары милиционерлер катышып жатат. Ошол милиционерлер аянтта болгон окуяда баланчаев, бастанчаев деген адамдар жүргөн деп, фамилиясын айтып жатышат. Сот ошол адамдарды сот залынан көрсөтүп бергилечи, ошол адамдар барбы деп суроо берсе милиционерлер бар, мына деп көрсөтө албай жатышат. Бирок сот аны эске алган жери жок. Дагы бир мисал ошол окуя болуп жатканда окуянын бардыгы төрт видеокамера менен төрт тараптан тартылган. Ошол тасмада соттолуп жаткан 32 адамдын ичинен беш гана адамдын жүргөнү көрүнүп, анык болду. Бирок алар мыйзамга каршы эч кандай аракеттерге барбай эле карап турушканы көрүнүп турат. Камакка алуулар ага карабастан эле мурда түзүлгөн тизме менен болгон экен. Ал тизмеге айыл өкмөттөрү ушул беренелер боюнча мурда соттолгон же “Хизбут-тахрирдин” мүчөсү деп шектелген адамдардын баарын киргизип, мурда түзгөн экен. Андан тышкары ИИМдин тогузунчу бөлүмү түзгөн тизме бар экен. Камакка алуу мына ушулардын негизинде болгон.
Ошон үчүн Жогорку Сот ушул маселелердин баарын калыс карап, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, адвокаттар топтогон далилдерди эске алып, мыйзам негизинде гана чечим чыгарса эл да ыраазы болот эле. Жок дегенде кайра тергөөгө жиберип, кайрадан иликтеш керек. Себеби бул жерде адамдын тагдыры чечилип жатпайбы! Негизсиз, далили жок айыптардын негизинде 18-20 жылга чейин түрмөгө камалып жатышат.

“Азаттык”-Сиз жетектеген уюм тергөө, соттоо процессине көзөмөл салып жаткан экен. Эмне себептен ушундай оор жазалар берилип жатат жана күбөлөрдү толук укпаганга эмне себеп болуп жатат деген ойдосуз?

Ж.Тороев: -“Хизбут-тахрир” партиясынын мүчөлөрү көбөйүп, айрыкча түштүк региондо, анын ичинде Өзгөн, Кара-Суу райондорунда күч алып жатат деген ой бар. Ошондуктан өкмөт Ноокат окуясы менен өз күчүн көрсөтүп, ушундай кыймылдар менен ушинтип күрөшөбүз дегендей бүт өлкө боюнча көрсөтмө курал катары колдонуп жатат деген ойдомун.

“Азаттык”-Ноокат окуясын БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин тогуз докладчысы иликтеп жаткан экен. Ушундай эл аралык уюмдар сотко кандайдыр бир таасир көрсөтө алат деген ойдосузбу?

Ж.Тороев:-Эми ошондой үмүт бар. Жогорку Сот болгондон кийин ар бир далилге принципиалдуу жана мыйзамдуу баа бериши керек.

“Азаттык”- Эгер Жогорку Сот төмөнкү баскычтагы соттордун чечимин күчүндө калтырса коомдо кандай пикирди жаратышы мүмкүн?

Ж.Тороев:-Эгер Жогорку Сот мурунку чечимди күчүндө калтырса адвокаттар соттолгон ар бир адамдын атынан БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылган жатышат.

“Азаттык”-Маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG