Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Тоталитардык токмоктон кутула элек Кыргызстан


Бүгүн тоталитардык жана авторитардык режимдин курмандыктарын жалпы европалык эскерүү күнү. Кыргызстанда болсо оппозиция тоталитардык доор кайтып келди деп коңгуроо кагууда.

Европарламент тоталитардык жана авторитардык бардык режимдин курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө чечимин быйыл апрелде кабыл алган. Муну менен тоталитаризмдин мурастарын түп-тамырынан жоюу максатын алдыга койгон. Ал эми Кыргызстандагы оппозиция бийлик өткөн кылымдагы тоталитардык доордун калдыктарын жоймок түгүл, демократиядан тайып, авторитардык, тоталитардык режимди бекемдеп жатат деп жар салууда.

Кыргызстанда тоталитардык, авторитардык режимдин курмандыктары ар жылы 8-ноябрда эскерилет. Ал күнү репрессияга кабылган жүздөн ашык адам көмүлгөн “Ата Бейит” комплексинде эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп, андай куу заман кайта кайталанбашын ар ким тилейт.

Бирок оппозиция өкүлдөрү бийлик андай иш-чараларды өткөрүп, атайын эскерүү күнүн белгилеген менен иш жүзүндө акыркы беш ичинде авторитардык режимди бекемдеп, тоталитардык доордун пайдубалын түзө баштады деп добулбас кагууда. Саясий куугунтуктарга каршы аттуу комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев быйыл эле Кыргызстанда саясий куугунтукка дуушар болгон адамдардын саны элүүдөн ашып, айрымдары чет өлкөгө из жашырууга мажбур болсо, айрымдары камакта отургандыгын жарыя кылды.

Саясат талдоочу Табылды Акеров оппозициячыл комитеттин мындай бүтүмүнө толук негиз бар деп, ага негиз берген төмөнкү көрүнүштөрдү мисалга тартты:

- Акыркы беш жылда Кыргызстан демократиядан артка чегинди деп ачык эле айтсак болот.Мисалы, массалык маалымат каражаттарына жана журналисттерге басымдын күчөшү жакшы далил. Андан тышкары шайлоолордун өтө чоң тоскоолдуктар жана демократиялык принциптерден таюу жолу менен өтүп жатканы, добуштарды уурдоолор да мисал. Жакындагы эле президенттик шайлоодон кийинки камакка алуулар жана камакка алынган адамдарга коюлган айыптарды да мисалга алсак болот. Аларга Конституциялык түзүлүшкө каршы аракеттерди жасаган деген доолор коюлуп жатат.

Укук коргоочу Сартпай Жайчыбеков да президенттик шайлоодон кийин Балыкчыда 19 адамды камакка алуу тоталитардык режимде колдонулчу ыкмалардын бекемделип бараткандыгын далилдеди дейт:

-Кыргызстандын Кылмыш-жаза мыйзамында да, Административдик Кодексинде да адам кармалгандан кийин адвокат менен камсыз болот деп жазылган. Андан кийин тараптардын каршылыгы жок болсо 10 күндөн кийин гана камакка алынат деп жазылган. Азыркы бийлик адамдарды турган жеринен эле камап жатат. Бул тоталитардык режимге мүнөздүү аракеттер. Мындан тышкары митинг, жөө жүрүш, демонстрация тууралуу мыйзамды Исхак Масалиев баш болгон депутаттар кабыл алып коюшту. Ушундай мыйзамдын кабыл алынышынын өзү эле демокартиялык принциптерден четтеп кеткендик. Себеби, митинг, жөө жүрүштөрдү адамдын өмүрүнө коркунуч келбей турган бардык учурда, бардык жерде өткөрүүгө болот. Андан тышкары акыркы шайлоодо эмнелер гана болгон жок! Бюллетендерди боо-боосу менен салып да жатышты, кошумчалап жазып да жатышты, “карусель” деген ыкма менен добуш бердиртип да жатышты. Ушунун баары демократиянын принциптеринен четтөө көрүнүштөрү.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ибрагим Жунусов мындай ойлорго эч негиз жок деп четке какты. Ал мындай көз караштар оппозициянын мыйзамдуу көрүнүштөрдү бурмалап көрсөтүүсүнөн улам пайда болуп жатат деген ишенимде:

-Оппозициянын өкүлдөрү өздөрүнө упай топтоо үчүн гана ушундай аракеттерди көрүп жатышат. Шайлоодо эч кандай укук бузулган жок, андан кийин эч кандай куугунтуктоо болгон жери жок. Тоталитардык режим орноду деген түк туура эмес. Оппозициянын өкүлдөрү Балыкчыга башка жактан элдерди алып келип, башка райондогу, башка участоктогу элдердин кыжырын кайнатпашы керек болчу.

Айрым саясат талдоочулар Кыргызстанда авторитардык, тоталитардык режимдин бекемделбеши жана кийин анын курмандыктарын эскерип калбас үчүн бийлик менен оппозиция бетме-бет отуруп, кырдаалды салмакташы жана мамлекеттин келечеги үчүн бирдиктүү багыт алышы зарыл дешсе, кээ бирлери азыркы бийлик ага даяр эмес деп жатышат. Саясат талдоочу Табылды Акеров бийликтин сүйлөшүүгө барбасына эки себеп бар дейт. Анын баамында, буга бийликтин өз системасын бекемдеп алганы жана эми авторитардык бийликти биротоло бекемдөөгө өбөлгө түзчү эки жолду тандоо мезгилинин келгени башкы себеп:

-Кыргыз бийлигинин алдында азыр эки жолдун бирин тандоо турат. Биринчиси Молдованын жолу. Ал оппозицияга анча-мынча жеңилдиктерди берип, парламентке алып келүү. Экинчиси Өзбекстандын жолу. Ал авторитардык бийлик орноп бүткөндөн парламентке тил алчаак партияларды алып келүү.

Президенттик шайлоодон кийинки саясий кырдаал күздөн тарта кандай өнүгөөрү белгисиз. Бирок, укук коргоочу Сартпай Жайчыбеков кыргыз бийлигинин мындан ары демократиялык принциптерди аздектеши күмөн, себеби ал президенттин үй-бүлө жана жакындарынан толук баш тартуусу менен барабар деп билдирди.

XS
SM
MD
LG