Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Белгород облусу Борбор Азиядан тажрыйбалуу жумушчуларды чакырууда


Москвадагы кыргыз мигранттары
Москвадагы кыргыз мигранттары

Орусиянын Белгород облусунда жаңы иш орундары түзүлүп жаткандыгына байланыштуу аймакта жумушчулар жетишпей жатат. Бул тууралуу облус губернатору Евгений Савченко премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолукканда билдирди.

Кырдаалдан чыгуу үчүн Белгород облусу тажрыйбалуу мигрант-жумушчуларды чакырууну көздөөдө.

Белгороддо ушул тапта алты миңден ашык мигрант патент алып иштейт. Алардын ичинен жогорку квалификациялуу жумушчулардын саны 300гө жетет. Андыктан Белгород облусу айрыкча тажрыйбалуу адис мигранттарга муктаж болуп жатканы айтылды. Аймакта мигранттарга патент берүүгө квота киргизилген эмес. (SDz)

XS
SM
MD
LG