Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Учак апаатын иликтөөгө “Боинг” компаниясынан өкүлдөр келет


Авиакырсык.
Авиакырсык.

Чүйдө ондогон адамдын өмүрүн алган учак кырсыгынын себептерин иликтөө үчүн “Боинг” компаниясынан да эки адис келет. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министринин орунбасары Гүлмира Абдралиева бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди.

Мурдараак Эл аралык авиация комитетинен да өкүлдөр чакырылган. Эки уюмдун адистери Бишкекке бүгүн келишет.

16-январда “Боинг-747” үлгүсүндөгү жүк учагы Чүйдүн Дача айылына кулап түшкөн. Акыркы маалыматтарга ылайык, андан 36 адам набыт болду. Алардын төртөө - экипаж мүчөлөрү, калганы кыштактын жайкын тургундары. Маалыматтарга караганда, Гонконг-Стамбул багытында бараткан учак май коюу үчүн “Манас” аба майданына конууга баратып кырсыкка кабылган. Куткаруу-тазалоо иштери токтой элек. Апааттан улам 17-ноябрь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланган. (SE\EBM)

XS
SM
MD
LG