Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:02

22-августта Кыргызстанда мергенчилик маалы расмий түрдө ачылды. Мергенчилик коомуна мүчөлөр гана 2010-жылдын 31- январына чейин аңчылык кылууга укуктуу.

Кыргызстандын жарандары үчүн 22-августтан баштап жапайы канаттууларга жана жаныбарларга мергенчилик кылууга расмий уруксат берилди.

Бул тууралуу Мергенчиликти көзөмөлдөө жана мергенчилик ресурстарын пайдаланууну тескөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алмаз Мусаев “Азаттыкка” мындай деп билдирип, анын иретин айтып берди.

-Мергенчилик сезон 2010-жылдын 31-январына чейин созулмакчы. Бирок ар башка жаныбарга мергенчилик кылуунун өз бөлүнгөн убакыты бар: Бөдөнөгө - 22-августтан-22-ноябрга чейин, көгүчкөнгө - 22-августтан- 27-декабрга чейин, каз, өрдөктөргө - 19-сентябрдан - 27- декабрга чейин болсо, тоо теке, улар, каманга - 12-сентябрдан - 6-декабрга чейин атууга уруксаат берилет.
Ал эи эликтерди 19-сентябрдан - 27 - декабрга чейин, кекилик, коенго 3-октябрдан - 2010-жылдын 30-январsyf чейин ууга чыкса болот.
Ал эми фазанга мергенчилик сезондун датасы аныктала элек.

Алмаз Мусаевдин айтымында, аркар, кулжаларга аңчылык кылуу чет өлкөлүктөр үчүн 15-августан тартып башталган. Кыргызстандык мергенчилер үчүн бөдөнө, көгүчкөнгө аңчылык кылуу 22-августтан баштап уруксат берилип, жапайы доңуз, тоо теке, уларга аңчылык кылуу 12-сентябрдан баштап 6-декабрга чейин жүргүзүлөт.

Ысыккөлдүк мергенчи Канат Карыбаевдин айтымына караганда акыркы жылдарда жапайы жаныбарлар менен канаттуулардын саны 2 эсеге азайган. Мергенчилик маалы баштала электе кайберендерди атып, этин сатып жүргөн браконерлер да кезигет.

Кыргызстандын “Табият-Лайф” экологиялык кыймылынын төрагасы Канат Молдашев кайберендердин саны кыскарып баратканына тынсызданып, мергенчиликти уюштурган мекемелерди бейөкмөт уюмдар көзөмөлгө алуусу керектигин белгиледи.

Бейөкмөт уюмдарынын ассоциациясынын төрайымы, президенттикке экс-талапкер Токтайым Үмөталиеванын пикиринде жаныбарларды, куштарды кароо, камкордукка алуу, көбөйтүү боюнча эл аралык талаптарга ылайык өкмөттүн программасы жок.

Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандагы мергенчилигин уюштуруудагы өзгөчөлүктөрдүн бири, мурдакы жылга караганда атууга коюлчу кайберендердин саны былтыртан бери кыйла кыскартылган. Маселен, мурда 70 кулжага квота берилсе, былтыртан бери 60 гана кулжага уруксат. Мурда 450 баш тоо теке атууга коюлса, алардын саны 350гө түшүрүлгөн.

Ошондой эле чет элдиктердин Кыргызстандагы мергенчилиги куутка байланыштуу 25-ноябрдан бир айлык мөөнөткө токтотулат да, андан кийин кайра февралга чейин созулат.

Президентинин алдындагы улуттук тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов да мергенчилик коомуна мүчө экенин, куралдын бардык түрүнөн жакшы атаарын, жылына бир маал текеге мергенчилкке чыгаарын “Азаттыкка” билдирди.

- Жакында эмгек эс алууга чыктым, теке атууга барам го. Куралдын бардык түрүнөн жакшы атам, аскерде жүргөндө үйрөнгөм. Буга чейин Чаткал тоолоруна улар, кекиликке аңга чыккам. Таамай атып алыш - жигиттик өнөрдүн бири. Бирок Кожожаштай болуп барын кырып салбай, карыган текени гана тандап атыш керек. Жылына бирден тоо теке аткан күндөр болду, лицензия менен.
А жанагы вертолет менен барып, тоо үстүнөн автомат менен атканга каршымын.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун берген маалыматына караганда Кыргызстанда аңчылык коомдордо, ички иштер бөлүмдөрүндө катталган 17 миңден ашуун мергенчи бар. Алар катталууда турган 20 миңге жакын үлгүдөгү аңчылык мылтыктарды аң уулаганда колдонуп жүрүшөт.

Чынында жылдан жылга Кыргызстанда мергенчилик ышкысы күчөп барат. Чет өлкөлүктөр үчүн бул кызмат 1993-жылы ачылган. Германия, Франция, Канада, Орусия, АКШ атуулдары байма-бай каттайт. Алды алты жолу келген, аларды мергенчилик гана эмес, кыргыздын көз жоосун алган жаратылышы, абасы, суусу, тамагы тамшандырат.

Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда мергенчилик иштерин уюштуруучу сексенден ашуун мекеме бар.

Сөз соңунда айта кетели, Кыргыз эл баатыры, залкар жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” аттуу романы ошол чет өлкөлүк мергенчилерге байланышкан көйгөйлөр, ак илбирстин, кайберендердин тукумун курут кылгандар туурасында баяндалган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG