Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:47

Ала-Тоого мигранттардан агылган акча азайды


Өткөн жылы кыргызстандык мигранттар мекенине 800 миллион доллар жиберишкен.

Өткөн жылы кыргызстандык мигранттар мекенине 800 миллион доллар жиберишкен.

Адистердин баамында, дүйнөлүк каржы кризисинен улам, мигранттардан келген каражаттын көлөмү кескин азайышы мүмкүн.

Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын айтымында, дүйнөлүк каржы кризиси мигранттар мекенине которгон каражаттын азайышына алып келиши толук мүмкүн. Ошондой эле төрайымдын айтымында, мигрантардын массалык түрдө үйүн көздөй агылышына дагы даяр туруу керек, анткени кризис аларды мекенине кайтууга мажбур кылат.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров кесиптешинин пикирине толук кошулат. Анын айтымында, кризистин айынан мигранттар жөнөткөн каражаттар кадимкидей азая түшкөнү байкалууда:

-Каржы кризисинин кесепеттери байкала баштады. Сырттагы мигранттардан келген каражаттардын көлөмү кадимкидей азайды. Анткени мигранттардын көбү Казакстан менен Орусияда курулуш тармагында иштейт. Каржы кризисинен улам, бул мамлекеттерде аталган тармактын 30-40 пайызы туруп калды. Демек, иш орундары да кыскарууда.

Министрдин айтымында, эгерде кризис мындан да тереңдей турган болсо, анда ишсиз калган мигрантар мекенине акча котормок тургай, өз жандарын багууга алдары келбей калышы мүмкүн.

Дүйнөлүк Банктын “КМШ мамлекеттериндеги акча которуулар” аттуу отчетуна ылайык, кыргыз мигранттарынын 38 пайызы мекенине айына эки жолу акча которот. Ай сайын жибергендер 19 пайыздан көбүрөөк. Чет жерде иштеп жүргөндөрдүн отуз пайыздан ашыгы үйүнө 50-100 долларга чейинки сумманы жөнөтсө, 150дөн 200 долларга чейин которууга алы келгендер 17 пайызды түзөт экен. Бир жибергенде 2000 долларга жакын каражат которгондор бир жарым пайызга жакын.

Экономист Оруйпа Сулайманова каржы кризисинин айынан эми мигранттар жакындарына жогорудагыдан азыраак акчаны жиберүүгө мажбур болуп калышы мүмкүн деген пикирде:

-Ооба, дүйнөлүк финансы кризиси мигранттардан түшкөн каражаттын көлөмүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал. Бирок Орусияда ушул тапта антикризистик чаралар көрүлүп жатпайбы, андыктан кризис тереңдеп кетет деп ойлобойм.

Ал эми чет өлкөлөргө кеткен замандаштардын көбү барган өлкөсүнүн жарандыгын алып алгандыктан, алардын массалык түрдө кайтып келиши арсар дейт биздин маектеш:

-Айталы Орусияда 500 миң кыргыз болсо, алардын жетимиш пайызы эчак ошол өлкөнүн жарандыгын алып алган да. Демек, кандай болсо да алардын Орусияда калып, жан багууга толук укугу бар. Каржы кризиси күч алган күндө дагы эми аларды кууса да кетишпейт. Башкача айтканда мигранттар массалык түрдө кайтып келип, аларды иш менен камсыз кылууга кудурет жетпей калат деген менимче болбогон кеп.

Орусияда бир канча жылдан бери жашаган Нурлан Шаботоев атуу жигит ал жакта чоң бизнеске ээлик кылат. Анын айтымында, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган каржы кризиси мигранттарга таасир деле тийгизген жок:

-Бул жактагы кыргыздар каржы кризисинин таасирин сезишкен деле жок. Кайта жан бакканы келип аткандардын саны ай сайын эмес, күн сайын өсүп жатат. Анын үстүнө көптөр мурда эле жарандык алып алышкан. Кыргыздарга корко турган эч нерсе жок деп ойлойм.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы кыргызстандык мигранттар банктар аркылуу мекенине 800 миллион доллар которушкан. Эксперттердин пикиринде, чын-чынына келгенде бул сумма бир млр. доллардан ашат, анткени мигранттар акчаны банктар гана эмес, тааныш-тамырлар аркылуу жөнөтүшөт.

Серепчилер эгерде каржы кризиси жөнгө салынбай, тескерисинче күч ала турган болсо, өнүккөн мамлекттердин экономикасы кыйрап, жумушсуздук күч алып, мигранттар акча жибермек тургай, кайра мекенине кайтууга мажбур болоорун айтышууда.

XS
SM
MD
LG