Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

Миграция Ч.Айтматовдун “Маңкуртун” элестетет


Мигранттар, асыресе кыз-келиндер арасында түрдүү ооруларга чалдыккандар арбын

Мигранттар, асыресе кыз-келиндер арасында түрдүү ооруларга чалдыккандар арбын

Статистикалык маалымат боюнча үй-бүлөсүн таштап чет жерде иштеп жүргөн мекендештердин саны 40 миңден ашуун. Эл аралык миграция уюму кыргызстандык мигранттардын саны миллионго жетерин айтып келет.

Мээркан эженин Москвада иштегенине 4-5 жылдын жүзү болгон. Көпчүлүк мекендештер сыяктуу эле ал да алгач жумуш, жашаганга жай издеп кыйналган. Убагында жолдошу экөө бир мекеменин полун жууп, короосун шыпырып бергени үчүн анын жер төлөсүндө жашаганга мүмкүнчүлүк алышкан. Кайра Ала-Тоого келе берүүнү пландаштырган алар, Кыргызстанда үйлөрү жоктугунан гана чыдап Москвада калып калышкан. Кийинчерээк Москванын шартына көнүп, жакшы, эң негизгиси туруктуу жумуш тапкан Мээркан эже “Москвада жумуш тандап убакыт өткөрбөй, кандай иш болсо баштай берген оң”, -дейт ал. Бүгүнкү күндө бул үй-бүлө толугу менен Москвада. Жакын арада Кыргызстанга келүү тууралуу ойлору жок. Ушул тапта Орусиянын жарандыгын алуу үчүн аракет жасап жаткан чагы. Ошону менен бирге Мээркан эже канчалаган кыз-келиндер узак убакыт бою оор жумуштарда иштөөгө аргасыз болушканын, ага карабай айлык акысы абдан аз экенин айтат:

- Жумуш издеп келген кыз-келиндер арасында 12-18 сааттап иштегендер бар. Айрымдары ошончо убакыт бою тик туруп, болгондо да муздак сууга идиш жуушат, ошого да кайыл болуп иштешет. Бир келин дем алуусуз иштейт экен, бирок маянасы болгону 12 миң рубль экен. Ошондой эле жеңил ойлуулук менен үй-бүлөсүн бузуп, башкалар менен жүрүп кеткендер да жок эмес.

Москва шаарындагы “Ала-Тоо” коомдук фондунун төрайымы Жамиля Бегиеванын айтымында Кыргызстандан барган кыз-келиндердин дээрлик бардыгы оор жумуштарда, айрымдары антисанитардык жерлерде иштешет. Москва калаасындагы кыргыздар батирдин кымбаттыгынан бир үйдө 20-30 киши болуп жашашат:

- Орусияга иштегени келгендердин көбүндө жумуш тандоо мүмкүнчүлүгү жок. Көпчүлүк кыз-келиндер айнек, идиш, пол жуугуч болуп иштешет. Азыр Орусиянын жарандыгын алгандар көбөйүп, ошолор бир аз жеңилирээк официант, кассир ж.б. кызмат көрсөтүү жагында иштеп жатышат. Бирок, азыркы финансылык кризис мигранттаргдын маянасына таасир тийгизип, ал да чоң суроо болуп турат.

Жамиля эже Кыргызстанда эле эмес бүгүнкү күндө Москвада да ала качуу күчөгөнүн айтат. Ошондой эле чет жактарда иштеп жүргөн мекендештердин дээрлик бардыгы ооруп калган учурда дарыгерге кайрыла албайт. Анткени бул багытта атайын баракчасы жок болгондуктан жергиликтүү врачтар мигранттардан акчаны көп сурайт. Экинчиден, мигранттарды кабыл алуудан жөн эле баш тартышат. Ошол себептүү мигранттар, айрыкча кыз-келиндер арасында түрдүү ооруларга чалдыккандар арбын. Алар көп учурда колун сууга салып иштегендиктен бөйрөк, муун, жыныс ооруларына чалдыгышат.

Ал эми “Сезим” кризистик борборунун кызматкери Сүйүн Курманова миграциянын кесепети өзгөчө үй-бүлө, эне-бала мамилесине терс таасирин тийгизип жатат деген ойдо:

- Алардын кептелген маселелери өтө эле чоң. Көр оокаттын айынан сыртка чыгып кеткен аялдар, биринчиден , кыска, узак убакыт болобу үй-бүлөсүнөн ажырап калат. Экинчиден, эне менен баланын ортосундагы мамиленин сууп, алыстап кеткенине мүмкүнчүлүк түзөт. Барган жеринде иштеген жана жашаган жери дайыма эле ойдогудай болбогондуктан ден соолугунан абдан жабыркашат. Оор жүктөрдү көтөрүүгө, суук жерлерде ишетегнге туура келет. Иштеген акысын ала албаган учурлар да көп кездешет. Андан сырткары аял катары да басмырлоого дуушар болушат. Сырт жактан башка бирөөгө үйлөнүп, же турмушка чыгып алган учурлары көп болууда.

Сүйүн эженин айтымында, чет жакка убактылуу иштегени кеткен кыз-келиндер таптакыр өзгөрүп, психологиялык жактан жабыркап кайтышат. Чет жакка иштегени кетип 15-16 жылдан бери дайынсыз жоголгон кыз-келиндер да жок эмес.


- Энелер менен чогуу иштеп кеткен балдар да ошондой эле жабыркап кайтышат. Өкүнүчтүүсү чоң-ата, чоң-энесинин колунда өскөн балдар өз энелерин тааныбай калган учурлар да кездешет. Баласы менен сүйлөшүп жаткан учурда “сенин апаңын аты баланча, мен сенин апаңмын” деп айтканы Ч.Айтматовдун “Маңкуртун” элестетет. Акча тапкан башка, бирок ушул жагынан көп жабыркап жатышат.

Эл аралык миграция уюмунун изилдөөсү боюнча чет жакта жүргөн эркектердин көбү курулуш, ал эми аялдар кызмат көрсөтүү тармагында иштешет. Кыз-келиндер арасында бала багып, бирөөнүн үйүн жыйнап, тигүүчү болуп ишегендер да арбын. Ал эми Бириккен улуттар уюму акыркы жылдары Кыргызстанда балдардын төрөлүшү көбөйгөнүн, бирок төрөттөн каза тапкан энелердин саны өскөнүн жарыя салды. Социологдор муну репродуктивдүү, төрөй турган убактагы кыз-келиндердин миграцияга кабылып жүрүшүнүн кесепети деп баалашууда.

XS
SM
MD
LG