Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Жергиликтүү жана эл аралык бир катар уюмдар Кыргызстандан чет өлкөлөргө кулчулукка сатылгандардын саны улам көбөйүүдө деп коңгуроо кагууда. Ал эми мамлекеттик органдар мындай кыйынчылыктан кутулуунун аргасын сунуш этүүдө. Миграция боюнча эл аралык уюм Кыргызстанда миграция агымы мамлекет тарабынан туруктуу көзөмөлдөнбөгөндүктөн, кулчулук өкүм сүрүп жаткандыгын белгилейт.

- Чоң эле аял эне болуп туруп, берген убадасынын өтөөсүнө чыкпады. Эженин чырайына жана бал тилине ишенип, “Стамбулда соода кыласыңар, айлыгы 1000 доллар” десе, үй-жайымды күрөөгө коюп акча алганымды айт. Түркиянын борборуна барганда, алтообуздун паспортубузду жана пулубузду “менде турсун” деп алып койду. Анан бизди “ушунун колунда иштейсиңер” деп алибеттүү кишиге таштап кеткен бойдон жоголду. Ал жерде иштетпей эле, көрүнгөн эркекке күң кылып, каалагандай кордошту. Эмдигиче жалгыз суроо жүрөгүмдү эзгилейт: Буга ким айыптуу? Кыргызстан неге дартын жашырат. Жарыя кылбайбы. Дабаасын таппайбы? – деп өз аты-жөнүн атоодон айбыккан келин бөлөк эл, бөтөн жерде көргөн кордугун айтып олтуруп, анын кейпин кийгендердин айрымдары мекенине кайта электигине ичи ачышты.

Мындай тагдырга кабылгандардын катары, бейөкмөт уюмдардын эсебинде, улам көбөйүп баратат. Ош шаарындагы «Голден Гоал» коомдук бирикмесинин президенти Алишер Мамажанов дүйнөлүк эксперттердин маалыматына таянып «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Кыргызстанда жыл сайын 5 миң чакты адам кулчулукка сатылууда, алардын басымдуулугу өлкөнүн түштүк аймагынын өкүлдөрү.

- Биздин кыз-келиндер көбүнчө Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарына сексуалдык кулчулукка жөнөтүлүүдө, - деп коңгуроо какты бейөкмөтчү Алишер Мамажанов. – Ал эми эмгек мигранттары Орусия менен Казакстанга кара жумушта иштөөгө арбын сатылууда. Ошондой эле балдарды соодалаган фактылар да каттталууда.

Алишер Мамажанов белгилегендей, Кылмыш-жаза Кодексинин 124- беренесинин негизинде пайда табуу максатында адамдарды алдап барып чет өлкөлүктөргө саткан факты боюнча 36 кылмыш иши козголгон. Тилекке каршы, далилдөөчү базанын жоктугунан бардыгы ордунан жылбай турат.

Ошол эле учурда миграция боюнча эл аралык уюмдун (МОМ) бейөкмөт мекемелер менен байланыш боюнча координатору Химия Сүйөркулова Кыргызстанда миграция агымы мамлекет тарабынан туруктуу көзөмөлдөнбөгөндүктөн, кулчулук катуу өкүм сүрүп жаткандыгына кабатырланды.

- Кулчулуктан кайткандар мамлекет үчүн олуттуу проблема болгону турат, - деп кепке кошулду Химия Сүйөркулова. – Анткени алардын бардыгы саламатчылыгынан ажырашкан. Боорубуз ачыганы: психикалык жактан жабыркап, оор абалда келишүүдө. Басымдуулугу абдан кыйналган, турмуштан үмүтүн үзүп коюшкан. Былтыр долбоорго ылайык 90 адамды дарылайбыз деп пландаштырган элек. Бирок, жанагындайлардын саны 119дан ашты. Чындыгында, кулчулуктан бошогондордун ар бири өзүнчө текшерип-дарылоого муктаж.

Эл аралык уюмдун өкүлү Химия Сүйөркулова алар ашкерелеген беш окуя боюнча сот айыпталуучуларга жеңил жаза чегергендигине токтолуп, калган кылмыш иштеринин сотко жетпей калуусуна кыргызчылык, тактап айтканда, тараптардын жарашып алуусу жолтоолук кылып жаткандыгын ырастады.

Айрым мамлекеттик органдар мындай кыйынчылыктан кутулуунун аргасын сунуш этүүдө. Мисалы, Кыргызстандын түштүк башкалаасынын миграция комитетинин төрайымы Нурийла Жолдошева төмөнкүдөй демилгесин бөлүштү:

- Тез барып эптеп көбүрөөк тыйын топтосок деп көчөдөгү мен кыйратам дегендерге алдангандар арбын. Анан тигилер бал тилге салып ээрчитип барып, ишенчээк жердештерибизди сатып ийип жатышпайбы. Мен ойлоп жатам да. Биринчиден, киши соодалагандарга карата катаал чараларды көрүү абзел. Экинчиден, элди маалыматтык жактан агартуу өнөктүгүн жандандырганыбыз оң.

Анткени менен жергиликтүү серепчилер өлкөдө, анын ичинде түштүк аймагында кулчулуктун күчөшүнө борбордук бийликти айыпташууда. Алардын пикиринче, өлкө жетекчилиги ооз жүзүндө мактанганды тыйып, маянасы жогору жана кирешелүү жумушчу орундарын көбөйтсө, миграция агымы кескин азаймак. Ага улай Кыргызстан адам соодалоо көйгөйүнөн да секиндеп арылмак.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG