Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Опурталдуу он тогузунчу жыл


Кыргыз Республикасынын эгемен мамлекет катары өз алдынча жашай баштаганына туура 19 жыл толду. Бул жылдары Кыргызстан эки ыңкылапты башынан кечирди. Ушул жылы түштүктө улут аралык жаңжал кайталанып, анын кайгысы азырынча сууй элек. Бул ирет Кыргызстан эли эгемендүүлүк майрамын чоң адамдык жана материалдык жоготуулар менен тосууда.




Кыргызстан бөлүнүп-жарылуу коркунучуна кептелди

Кыргызстан өзүнүн 19-эгемен жылында эл аралык коомчулуктун кызуу талкуусуна тушукту. Буга өлкөдөгү экинчи ыңкылаптын болушу, 1990-жылдагы кандуу түштүк окуясынын кайрадан кайталанышы себеп болду. Бир топ чет элдик маалымат каражаттары Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн арты бүдөмүк экенин жазышууда.

Июндагы коогалаңдын залакасынан айыга элек Ош шаарында эгемендик майрамы коопсуздуктун күчөтүлгөн кырдаалында өттү

Айрыкча түштүктөгү улут аралык жаңжалдын кайра тутанып, кеч күзгө таяп чек аралардан согушкерлердин кирип келүү ыктымалдыгы байма-бай айтылып, ушул тапта коопсуздук маселеси алдыга чыкты. Бул жагдайдан айрым бир күчтөр пайдаланып кетиши ыктымалдыгы белгиленип, өлкө экиге бөлүнүү коркунучуна кептелди.

Өлкөдөгү соңку кырдаалдарга байланыштуу экономикалык чоң муктаждыкка дуушар болгон Кыргызстандын келечек тагдыры башка донор өлкөлөрдөн көз каранды экени белгиленип жатат. Айрым байкоочулардын пикиринде, донор уюмдар сөз берген миллиард доллардан ашуун каражаттын келер-келбеси да арсар.

Эгемендиктин 19-жылында Кыргызстанда саясий оюндар болуп көрбөгөндөй күчөп, өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору койгон жагдайлар жаралды. Ошондон улам да өлкө келечеги ак ниет саясатчылардан жана алдыда боло турган парламенттик шайлоонун ачык жана таза өткөндүгүнө байланыштуу болуп турган чагы.

Демократиялык реформалар кыйчалыш жолдо

Эл аралык басылмаларда бир топ татаал жана кыйчалыш маселелерди чечүүдө борбордук бийликтин алсыз жана чабалдыгы белгиленип, Кыргызстандын демократиялык жолго түшүп, реформаларга жетүү максаттары орундалбай калышы мүмкүн экенин жазып чыгышты. Ал тургай кошуна мамлекеттер менен теңата сүйлөшүүгө күчтүү-харизмалуу мамлекет башчы жок экени да айтылып жатат.

Жергиликтүү серепчилер болсо Кыргызстан учурда кыйын шартта жашап жатканын моюнга алган менен, муну айрым саясатчылар өз кызыкчылыгана пайдаланып жатканын белгилешет. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде учурда саясатчылар бириге албай, шайлоонун алдында өздөрүнө упай топтоонун гана айла-амалын ойлоодо:

- Ошол саясатчылар мамлекеттин кайыгын чайпалтып, өлкөнү кыйын акыбалга алып келип коюшту. Азыр чынында эле кыйын болуп турат. Түштүктөгү улут аралык жаңжалдын отун тутандыргандын аракети, максаты эмнеде болуп жатат? Кыргызстанды эле эмес, Фергана өрөөнүн дестабилдештирип жалпы Өзбекстанды кандуу окуяга тартуу аракети болгондугу көрүнүп эле турбайбы.

"Кылымга тете жыл"

Ошентип, президент Роза Отунбаева белгилегендей, Кыргызстан эли өлкөнүн кубанычтуу эркиндигинин 19-көз ирмемин ары татаал, ары эң маанилүү, тагдыр чечээр мезгилинде тосуп жатат. Президент айым бул тууралуу борбордук аянттагы салтанатта сүйлөгөн учурда белгиледи.

Белгилей кетүүчү жагдай, туңгуюкка кептелген Кыргызстанды алдыга сүрөп, опурталдуу кырдаалдан чыгарып кетүү жоопкерчилиги дал ушул айымга жүктөлдү. Кыргызстан учурда чоң сыноону башынан кечирип жатканын Р.Отунабева да моюнга алды:

- 2010-жыл кыргыз тарыхында кылымга тете жыл катары калат деген терең ишеничтемин. Мындай ойду айтып жатканыдыгымдын себеби, ушул жылы өлкөбүздүн эгемендүүлүгү, мамлекеттүүлүгү чоң тарыхый сыноодон өттү. Бизди бөлүп жарган, эгемендүүлүгүбүзгө көлөкө түшүргөн, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө залака тийгизген аракеттер ичтен да, сырттан да жасалып, кыргыз мамлекетинин тарыхындагы жана тагдырындагы оор мезгилди баштан өткөрдүк жана өткөрүп жатабыз.

Саясат талдоочу Марс Сариев өлкөдө кырдаал татаал болгон менен, анын экиге бөлүнүп же эгемендигинен айрылып калышы ыктымал деген айрым пикирлерге кошулбайт. Анын айтымында, мындай сөздөрдүн чыгышынын эки себеби бар. Биринчиси, Кыргызстандын эгемен өлкө болбой калышын каалаган эксперттер акырындап ушундай сөздөр менен кулакты көндүрүүгө өтүшкөн. Экинчиден, мунун артында саясий да оюндар бар. Анткен менен М.Сариев Кыргызстандын мындан аркы келечеги саясий элитанын кадамдарына байланыштуу деп эсептейт:

- Учурда саясий кырдаал элитанын жоопкерчилигине байланыштуу. Эми алар биригип, бөлүнбөй-жарылбай, чоң оюндун ичинде экенибизди түшүнүп, Кыргызстандын келечегин ойлош керек.

Эгемендикти алган жылдардан бери бийлик бир канча адамдарга гана кызмат кылып, эки бийлик тушунда тең үй-бүлөлүк башкарууга жол берилип, элдин жашоо-турмуш деңгээли улам төмөндөгөндөн төмөндөп отурду. Мындай көрүнүштөргө чыдабаган эл эки бийликти тең кулатып, натыйжада эки президент тең өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушту. Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы үчүнчү президент Роза Отунбаева Кыргыз мамлекетинин ар бир жараны мамлекеттик принциптерди сыйлап, урматтаганда гана мамлекеттүүлүк сакталып кала турганын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG