Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Петровкадагы тополоңдо оппозициянын салымы барбы?


Петровкадагы окуялар
Петровкадагы окуялар

Петровкадагы улут аралык жаңжал боюнча “Жашылдар” партиясынын жаш канатынын жетекчиси Каныбек Сарымсаков “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү. Анын айтымында, бул жактагы окуяларды оппозиция уюштурду жана курчутту деген билдирүүлөрдүн негизи жок.

-Айылдагы кырдаал кандай?

- Кечээ күнү жамгыр аябай нөшөрлөп жааганына карабай жүзгө жакын эл чогулуп, өзүнүн талаптарын коюп, СДПКнын депутаттары менен жолукту. Ал талаптардын ичинден бирден-бири Эркин Бөлөкбаевди, Сапар Аргынбаевди, Уран Рыскуловду, Турат Мадылбековду, Орозбек Токтогуловду бошотуу болду. Экинчи талабы, жаңжалга күнөөлүүлөрдү таап, ошолорду соттоп, кандайдыр бир иш жүргүзүү. Үчүнчү талабы - Молдомуса Конгантиевдин отставкасы болду.

- Бүгүн Бишкекте жыйынын өткөрүүнү максаттап жатышпайбы, анда эмне тууралуу айткылары келип атат?

- Кечээ күнү СДПКнын депутаттары келгенде ошондой сунуш кылышты. Эртең биздин фракцияга Молдомуса Конгантиев жана башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келет деп, ошондон улам өзүнүн дагы документтери да бар экен, ошолорду көрсөткөнгө уруксат беришти.

-Петровкадагы кырдаалды оппозиция курчутту деген расмий билдирүүлөр уланып келе жатат. Ички иштер министринин сөзүнөн кийин кечээ бул сөздү Кыргызстандагы күрттөр биримдигинин башчысы да кайталады. Окуя болгон жерде башынан бери катышып келе жаткан адам катары сиз кандайча айта аласыз?

- Туура суроо берип атасыз. “Ак жолдун” депутаты Бегалы Наркозуев дагы жазыптыр, бир эле мисал келтирип кетейин, Эркин Бөлөкбаев ошол жерде өзүнүн саясий оюнун ойноп атат деп. Ошонусуна жооп берип кетет элем, ал жерде саясий оюн ойной турган жер эмес.

Экинчиден, Москва району Эркин Бөлөкбаевдин шайлоочулары. Ал жерге Эркин Бөлөкбаев барып, жалындап күйүп турган, жолду тособуз, жөө жүрүш кылабыз деген элдерди барып анча-мынча болсо дагы токтотуп, жолду тоспогула, мыйзам түрүндө камалган балдарды чыгарабыз, мен эл мененмин деген ураандарды айтып жатты.

Бегалы Наргозуевдин интервьюсун окудум, ал киши же “Акжолдун” бир депутаты ошол жерге барып көрүп туруп, анан ошондой интервьюларды берсе деп ойлойм.

- Демек бул жерде сиздин оюңузча бул окуяны оппозиция курчуткан эмес турбайбы?

- Жок бул жерде эл өзү чыкты.

-Каныбек, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG