Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Петровкада эл тынчый элек


Бейшембиде Петровкада кайрадан нааразылык акциясы өткөнү жатат. Коомдук комитет бийлик өкүлдөрүнө коюлган төрт талап аткарылмайынча нааразылык акциясын уланта беришээрин айтышууда. Негизги талап - кармалып турган беш адамды тезинен бошотуу.

Петровкадагы баш-аламандыкка байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин абагында беш адам кармалып турат. Алардын ичинен баш-аламандыктын негизги уюштуруучусу деп шектелип жаткан жергиликтүү укук коргоочу Сапар Аргынбаевдин адвокаты Асел Аргынбаеванын билдиргенине караганда, Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, Петровкадагы окуя боюнча козголгон кылмыш иш тергелип бүткөнгө чейин С.Аргынбаевди эки ай камакта кармоо чечимин чыгарды.

Ал эми кармалгандардын ичинен Жашылдар партиясынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаевге жана “Ата- Мекен” партиясынын өкүлү Уран Рыскуловго байланышкан сот 29-апрелге белгиленген болчу. Алар менен бирге камакта жаткан Норузбек Талканбаев жана Туратбек Мадылбековго байланыштуу сот качан болоору азырынча белгисиз.

Ал эми бүгүн (29-апрелде) ЖКнын “Ак жол” жана СДП фракцияларында Петровкадагы кырдаал талкууга коюлуп, "Ак жол" фракциясы жыйындын соңунда Петровкадагы окуяны, андагы тартип коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин иш аракетин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү чечти.

СДП депутаттары болсо ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин Петровкадагы окуяларды курчутууга оппозиция өкүлдөрүнүн тийиштиги бар деп айткандыгы үчүн жооп берүүсү керек деп белгилешти. Укук коргоочулар болсо ички иштер министри М. Конгантиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

- Менин ачык кайрылуум, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Петровкага байланыштуу туура эмес, бир жактуу маалымат таратканы үчүн жалпы элден кечирим сурап, кызмат ордун бошотуп бериши керек,- деди укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.

Бүгүн Петровка айылындагы абал бир калыпка келди, бирок баарысы көзөмөлдө турат деп билдирет жергиликтүү бийлик. Айылдыктардын өздөрү болсо абал азырынча кооптуу, элде тынчсыздануу күч дешет.

Айылдагы күрт аксакалдары өз улутташтарын тартипке келтирүү жана кылмыш кылгандар болсо айылдан көчүрүү үчүн үч күн сурашкан. Бүгүн Петровкадагы окуяга байланыштуу Москва районундагы айыл депутаттары борбор калаада маалымат жыйын уюштуруп, анда бийлик өкүлдөрү маалыматты бурмалап атат деп белгилеп өтүштү.

Ал эми Петровкадагы болуп жаткан окуяларды мыйзамдуу жөнгө салуу жана элдин талаптарын толук аягына чыгаруу максатында түзүлгөн коомдук комитеттин өкүлдөрү эртең кайрадан Петровканын өзүндө нааразылык акциясы боло тургандыгын “Азаттыкка” билдиришти. Бирок облус башчысы Болоткан Кумаров нааразылык акциялары аркылуу оппозиция өзүнө упай топтобосо деп билдирет:

- Айылдагы болуп жаткан окуяны саясатташтырбаса деп айткым келет. Ансызда абал курч, оппозиция бул окуя аркылуу өзүнө упай топтобосун. Көбүнчө нааразылык акциясына Петровканын жергиликтүү тургундары эмес, башка жактан ташылып келинген адамдар катышууда.

Эртең боло турган нааразылык акциясына оппозициянын айрым өкүлдөрү жана ЖК депутаттары да бара тургандыгы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG