Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Петровкада кырдаал турукташты


Бүгүн Петровка айылындагы абал бир калыпка келди. Күрт улутундагы аксакалдар башка улуттун өкүлдөрүнөн кечирим сурашып, ички тартипти жөнгө салууга үч күн мөөнөт алышты.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сабырбек Курманалиев “Азаттыкка” берген маегинде Петровкадагы 4 жашар кыздын зордукталышына байланыштуу соттук- медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандыгын айтты. Экспертиза наристе кыздын зордукталганын жана анын натыйжасында жыныстык ооруга чалдыкканын көрсөттү.

Наристе кызга зөөкүрчүлүк жасады деп шектелип жаткан Абдулла Осмонов Петровкада тополоң башталганда эле камакка алынып, азыр анын иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Петровканын өзүндө бүгүн жергиликтүү бийлик жана ички иштер министрлигинин өкүлдөрү айылдагы күрт аксакалдары менен жыйын куруп, кырдаалды чогуу-чаран колго алуу жөнүндө бир чечимге келишти.

- Кеңешмеде күрт аксакалдары айылдагы башка улуттун аксакалдарынан кечирим сурашты. Алар бүгүндөн баштап күрддөрдүн үйлөрүн кыдырып, тартипти жөнгө салуу жана өтө тартип бузгандарды айылдан көчүрүү жөнүндө негизги жоопкерчиликти алышты. Негизинен бүгүн Петровкадагы абал бир калыпка түшүп калды. Ал эми оппозиция өкүлдөрү айылдагы бул окуяны саясатка айлантышпаса деп суранаар элем,- деди Чүй областынын губернатору Болоткан Кумаров.

Петровкага бүгүн бир эле маалда ЖКнын социал-демократиялык фракциясынын мүчөлөрү Роза Отунбаева, Жусупжан Жээнбеков жана башкалар келип, жергиликтүү эл менен жолугушуп, сабырдуулукка үндөштү. Алар ишти толук териштирбей туруп, жөн жай митингге катышкандарды камакка алып жатат деп күч органдарынын аракетине нааразы болушту.

Петровкадагы болуп жаткан окуяларды мыйзамдуу жөнгө салуу жана элдин талаптарын толук аягына чыгаруу максатында кечээ коомдук комитет түзүлгөн болчу. Комитет мүчөлөрү 26-27-апрель күндөрү камакка алынгандарды тезинен чыгаруу, 4 жашар кызды зордуктоо фактысына байланышкан ачык сотту айылдын өзүндө өткөрүү, 26- апрель күнү митингге чыккандарга ок аткандарды жоопко тартуу жана коомчулукка бир жактуу, туура эмес маалымат бергени үчүн ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевди кызматтан бошотуу керек, деген төрт талапты коюшкан.

Петровкадан чыгып кеткен күрттөр үйлөрүнө келише элек. 26-апрелде күрддөрдүн үйлөрүнө таш ыргытып, талкалоо башталганда күрттөрдүн көпчүлүгү айылдан чыгып кетишкен.

- Алар кайда жүрөт эч ким, эч кандай маалымат билбейт, бирок биз өтө тынчсызданып жатабыз. Биринин келини, биринин жаш балдары качып кеткен. Кача албай калган кемпирлер кудайдан балдарынын амандыгын тилеп олтурушат. Үйүнөн чыгып кеткендердин өлүү-тирүүсүн эч ким билбейт, -дейт петровкалык түрк Юсуп Абуев.

Петровкадагы күрттөргө каршы жаңжал жергиликтүү 84 улуттун өкүлдөрү жашаган Чүй жериндеги бийликке болгон биринчи коңгуроо дешет айыл тургундары. Бул областта улуттар аралык мамиле боюнча эл ичинде кооптонуу тарай элек.

XS
SM
MD
LG