Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

7-апрелде Кыргыз президенти "Кыргызпатентти" “KG” домендик атын көзөмөлдөө органы катары дайындоо жарлыгына кол койду. "Кыргызпатенттин" домендик зонаны өз карамагына өткөрүү демилгеси коомчулук арасында ар кыл сындарды жаратты.

Кыргызстанда интернет мейкиндиги тийиштүү денгээлде өнүкпөй жатат деген жүйөө менен "Кыргызпатент" кызматынын жетекчиси Улан Мелисбек “KG” домениндик зонасында дарек бөлүштүрүү функциясын мамлекеттик көзөмөлгө алуу демилгесин көтөрүп чыккан. Президент Курманбек Бакиев болсо жакында эле, 7-апрель күнү, "Кыргызпатентти" “KG” домендик атын көзөмөлдөө органы катары дайындоо жарлыгына кол койуп, аткаруу бийлигине бул жаатта тийиштүү мыйзам жоболорун иштеп чыгууну буйурду.

Ал ортодо кыргыз бийлигинин мындай кадамына нааразы болгон айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү муну рейдерлик басып алуу аракети катары сындашты. Маселен бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, Кыргызпатенттин эл аралык уюмдун интеллектуалдык менчигин ыйгарып алуу аракетинин артында Кыргызстандын интернет мейкиндигиндеги сөз эркиндигин ооздуктоо максаты турат.

-Домендик башкаруу беш алты мамлекеттен турган уюмдун интелектуалдык менчиги. Булар кааласа өз менчигин кайра алып башка мамлекеттерге сатып деле жибериши мүмкүн. Дегинкиси кыргыз өкмөтү өзүнө керексиз функцияны талашып жатышат. Биринчиден мунун артында сөз эркиндигин көзөмөлгө алуу аракети болушу ажеп эмес.

Ал эми "Кыргызпатент" кызматынын деректири Улан Мелисбек жогоруда айтылган сын дооматтар негизсиз деп четке какты. Анын айтымында учурда “KG” доменинде ат бөлүштүрүү функциясын аркалап келген “Азияинфо” өлкө аймагында жападан жалгыз провайдер болуп, атаандаштыкка жол берилбегендиктен интернеттин өнүгүшүнө тосколдук кылып жатат.

-"Кыргызпатент" патент каттоонун функциясын өзүнө алгысы келген жок. Акчанын баары ошол каттоочуларда болот. Ал эми "Кыргызпатент" өзүнө болгону административдик функцияны алгысы келип жатат. Бул эмнени туюндурат? Эгер биз башкаруу функциясын өзүбүзгө алсак, анда биз элге, коомчулукка түшүнүктүү куралдарды жаратабыз. Домендик даректерди каттоону бир эмес, бир нече провайдерлерге таратабыз. Мунун жыйынтыгы интернет үчүн баанын арзандашына алып келет.

Ал эми коммерциялык кызыкчылыктар тууралуу дооматтарга Улан Мелисбек мындай жообун айтты:

-Биз коммерциялык багытты көздөп жаткан жокбуз. Коммерция менен биз алектене албайбыз, анткени биз мамлекеттик органбыз. Болгону биз домендик зона мейкиндигин бир тартипке салалы деп жатабыз.

Деген менен домендик көзөмөлдөөну бир колдон экинчи колго өткөрүү оңой олтоң жумуш эмес дейт байланыш операторлор жамаатташтыгынын аткаруучу деректири Олег Жеребко. Ал мындай демилгенин ишке ашышына ишенбейт.

-Биринчиден мындай демилге көптөгөн каражатты, техника жана адистерди талап кылат. Экинчинден “ICAAN” уюму да “ме” деп эле бере салбайт. Бул жараян көпкө созулуп, буга бир нече жылдар кетиши мүмкүн.

Дүйнө жүзү боюнча ар бир өлкөнүн “ICAAN” деп аталган эл аралык уюм тарбынан ыйгарылган домендик зонасы болот. Мындай зоналардын саны 200дөн ашуун. Маселен Казакстандаыкы – “kz”, Озбекстандыкы – “uz”, Кыргызстандыгы – “kg”. Ал эми Кыргызстанда болсо “kg” домендик зонасында жаңы даректердүү бөлүштүрүү “Азияинфо” провайдерине ыйгарылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG