Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

6-майдан тарта интернет дүйнөсү өзгөрүүлөргө дуушар болду. Буга чейин маалымат желесиндеги сайттардын аты жалаң латын арибинде жазылып келген болсо, эми башка ариптерди да колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Маалымат желесиндеги сайттардын аталыштарын көзөмөл кылган ICANN (айкэн) уюмунун билдирүүлөрүнө ылайык интернеттин тарыхында биринчи болуп латын арибинен башка ариптер да домен аттар үчүн колдонула баштады. Мындай мүмкүнчүлүккө алгачкылардан болуп Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираты жана Египет ээ болушту. Эми бул өлкөлөр латын ариптерин колдонбой, сайттардын аттарын өз ариптеринде жаза алышат.

Араб арибинин сайттардын аталышында колдонулушунун негизги пайдасы, интернеттеги араб тилин билгендер арасында маалымат алмашууну тездеткени жана башка ариптерди билбеген кээ бир араб эли үчүн тилдик тоскоолдуктар азайтканы болуп саналат.

Компьютерлер кыйынчылык жаратышы мүмкүн

Латын арибинен башка ариптерди домен жазууда колдонуу ал ариптерди билгендер үчүн ылайыктуу болгонуна карабастан, көбүнчө латын арибине ылайыкташкан компьютерлер бул багытта кыйынчылык жаратышы мүмкүн дешет айрым адистер. Анткени компьютерде интернет баракчаларын ачып бере турган программалардын баары эле араб, кирилл тамгаларын тааныбайт. Натыйжада интернет тармагын жаңы ариптерге ылайык кайра иштеп чыгуу маселеси келип чыгат.

ICANN уюмунун маалыматтарына ылайык Араб өлкөлөрүнөн сырткары дагы 21 өлкө өз ариптеринде домен алуу үчүн кайрылууларын жасашкан. Маалымат желесиндеги кээ бир булактарда жазылгандай Орусияга РФ менен бүткөн кирилл домени берилген. Ал эми калган өлкөлөрдүн сунуштары учурда чечилүү алдында.

Кыргызстан кайсы арипти колдонушу керек?

Кыргызстанда учурда латын ариби менен гана домен аттар жазылып келет. Бирок кирилл ариби маалымат желесинде кеңири жайыла турган болсо кайсы арипке басым жасалышы керек деген суроо туулат.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде эмгектенген инженер-программалоочу Алтынбек Эрматов бул багытта мындай оюн билдирет:

-Анын зарылчылыгы деле жок. Сайт жасата тургандар домендердин кайсы арипте болоорун өздөрү чечишет. Ал эми интернет дүйнөсүндө ар түрдүү ариптердин колдонулушун, биринчиден, жетишкендик деп эсептейм. Анткени кайсы гана сайт болбосун өзүнүн кардарларына мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Тагыраак айтканда орусча болобу, арабча болобу, каалаган арипте домендик ат жазууга мүмкүнчүлүк берилип жатат. Мурда болсо мындай жетишкендик жок болчу. Натыйжада бул нерсе учурдагы негизги жетишкендиктердин бири.

Алтынбек Эрматов Кыргызстанда интернет тармагында латын арибинен башка арипти домендик аттарды жазууда колдонуунун эч кажети жоктугун белгилейт. Ал эми бул багытта интернет колдонуучулардын көз караштары кандай?

Нурзада: Менин оюмча бул нерсенин кереги деле жок. Анткени араб тилин билбегенден, же араб өлкөлөрүндө жашабагандан кийин биз үчүн маалымат чектелип калат деп ойлойм да. Балким алар үчүн жакшы, бирок башка дүйнөдөгү колдонуучулар үчүн пайдасы деле жок болуп калат.

Раушан: Интернетте латын тамгаларынан башка тамгалардын киргизилип жатышы менимче бул жакшы нерсе. Анткени бизге интернетке кирилл арибин киргизсе бизге деле пайдасы тиет деп ойлойм. Биз өзүбүз кирилл арибин колдонгонубуз үчүн карапайым калктар латын ариби менен интернетке кирүүдө кыйналышат.

Азамат:
Менин оюмча интернетте өзүн жакшы билген ариптерди колдонуунун жакшы да, жаман да жагы бар. Мисалы, мен өзүм көнгөн ариптер аркылуу интернетке кирсем мага оңой болот. Бирок жаман жагы - ошол тилди билбегендер үчүн, мисалы, мен кытай тилин билбесем кытайча жазылган домендер колдонуум кыйын болуп калат. Ошондуктан домендик аттарды латын ариби менен да, өзүбүздүн арип менен да жазылганы туура болот.

Бул сурамжылоого катышкан көпчүлүк интернет колдонуучулар латын арибинен башка ариптердин сайттардын аталышында колдонулушунун жакшы да, жаман да жагы бар экенин жана кайсы бир арипти колдонуу ар кимдин өзүнүн тандоосу экенин белгилешет.
XS
SM
MD
LG