Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

И.Чудинов: «Экономикалык кризис учурунда электр баасын көтөрбөдүк»


Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов

Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов

Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудиновдун «Азаттык» үналгысына берген маегинин 1-бөлүгүн сунуш кылабыз.

- Игорь Витальевич, сиз башкарган өкмөттүн мына эки жылга жакын убактагы ишин сиз өзүңүз кандай баалайт элеңиз? Сиздин оюңузча, өкмөттүн бул убакыттын ичинде жетишкен жагы кандай болду, мүчүлүштүктөрү эмнеге байланыштуу болду?

Игорь Чудинов: - Эң алгач мен “Азаттык” үналгысы менен көптөн бери кызматташып келатканыбызды айта кетким келет. Өкмөт башчы болгондон кийинки биринчи маекти да “Азаттыкка” бергем. Айтканыңыздай эле мен бул кызматка дайындалгандан бери бир жарым жыл өттү. Биринчиден, ишимди өзүм баалашым осол болуп калар. Менин ишиме бааны президент менен Жогорку Кеңеш берет. Быйыл жазында Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишине баасын койду. Канааттандырарлык деп баалады. Мындай баага биз да макулбуз.

Бүгүн биз сиз менен өкмөт башчынын иши тууралуу кеп кылып жатканда президент да анын ишин азырынча канааттандырарлык деп эсептейт болуш керек. Ал эми биз кандай иштердин өтөлүнө чыгып, эмнелерде жасай албай калганыбыз жөнүндө айта турган болсок, оболу чоң иштерге токтоло кетсемби деп турам. Биздин өкмөт иштей баштагандан бери “Камбарата - 2“ ГЭСинин курулушун, ири улуттук долбоордун толук каржылана башташын эң маанилүү жумуш деп айтсак болот. Быйыл декабрда ал жерде тоо көчүрүлүп, уникалдуу курулуш аягына чыгарылат. Азыр ал жерде жумуш мурда белгиленген ыраатында жүрүп жатат. Ири курулуш биздин өкмөт тарабынан жүргүзүлүүдө. “Камбарата – 1” ГЭСинин курулушу боюнча Орусия Федерациясы менен макулдашканбыз. Бул курулушка 1 миллиард 700 миллион АКШ долларын бөлүп берүүгө макул болушкан. Бул да биздин өкмөттүн олуттуу жетишкендиги.

“Кумтөр” боюнча келишимдерге кол коюуга жетишкендигибизди да айта кетким келет. Маселе кыйла жылдар чечилбей келген. Билесиз, “Кумтөр” компаниясы биртоп сунуштарга, Кыргызстандын үлүшүн 33% көтөрүүгө макул болду. Алтындын ар бир унциясынан сатылгандан кийин 18% салык алынат. Келишимдерди Жогорку Кеңеш жактырып колдоп берди. Бул да жакшы жетишкендик.

Дагы бир жагдайды айта кетейин. Быйыл биз медицина тармагын каржылоону ички дүң продукт көлөмүнүн 13% жеткирдик. Бул да олуттуу көрсөткүч. Мындан тышкары билим берүүгө ички дүң продукттун 5,6% жумшайбыз. Билесиз, июлда президент демилгеси менен Социалдык фонд макул көрүп пенсияны 50% көтөрдүк. Социалдык фонд менен пенсиянын базалык бөлүгүн толугу менен бюджетке киргизүү программасын аныктадык. Пенсиянын негизги бөлүгүн бюджетке киргизип, аны үзгүлтүксүз төлөп берүү милдетин алуудабыз. Пенсияны такай көбөйтүп, бара-бара пенсия топтоо системасына өтүүгө киришебиз. Бул деле дурус көрүнүш.

Өкмөт өз ишин баштап жаткан чакта кандай абалда турганыбызды билесиз. Азык- түлүктүн баасы кымбаттап, мунайдын баасы көтөрүлүп кеткен учур болчу. Дүйнөнү финансы кризиси каптай баштаган. Бул аз келгенсип биз оор энергетикалык кризиске капталдык. Чет элдик аналитиктер менен адистер муну төө өркөч толкунга кабылуу катары сыпатташкан. 2008-жылды ички дүң продукттун өсүшүн 7,6% жеткирүү менен аякташыбыз менин оюмча, өлкө ошол кезде кабылган абал үчүн дурус дегидей жетишкендик. Кыскача айтканда, ушул.

Эми эмнелерге жете албай калганыбыз жөнүндө. Жана мен медицина тармагына ички дүң продукттун 13% жумшаларын айттым. Мындай караганда бул кыйла эле жакшы көрсөткүчтөй сезилет. Калкты медициналык тейлөө кандай экенин көрүп туруп бул көрсөткүчкө ыраазы болуш кыйын. Кеп бул жерде бөлүнгөн каржынын натыйжалуу жумшалышы жөнүндө болуп жатат. Кыйла иштер жасалды, бирок дагы көп иштер тармакта жасалышы керек. Ушундай эле сөздү билим берүү тармагы боюнча да айтса болот. Билим берүү тармагы толук каржыланганына карабастан, башталгыч, орто билим, мектепке чейинки тарбия жаатында олуттуу проблемалар бар. Бул тармак да реформалоого муктаж. Бир жарым жыл ичинде аны жасоого биз жетише албадык. Өкмөт азыр ага көңүл бурууда. Президент тапшырмасы боюнча билим берүүнү реформалоо программасы иштелип жатат. Кыскачасы ушул.

- Сиз энергетикалык кризис жөнүндө кеп кылдыңыз. Энергетика жөнүндө кеп болгондо биздеги эң ири ишканалар Бишкек ТЭЦ, Бишкек жылуулук тармактар системасы, «Түндүкэлектр» акционердик коомдорун жеке колго өткөрүү, менчиктештирүү маселеси козголгон. Мына ушул маселеге токтоло кетсеңиз. Дагы бир суроо быйыл да жарыкты өчүрүүлөр болобу?

Игорь Чудинов: - Чынында биздин энергетика үчүн 2008-жыл кыйла эле оор болду. Ал жөнүндө көп айтылып, көп жазылды. Энергетика тармагын оңдоо үчүн чоң аракеттер жасалды. Мен биздин элге ыракмат айткым келет. Эл Нарын дарыясында курулган энергетикалык объектилерде түзүлгөн жагдайды түшүнүү менен кабыл алды. Эмнени айтса болот? Өкмөт менен энергетиктердин аракети менен ушу тапта Токтогул суу сактагычында жетишерлик суу запасы топтолду. Көлдө азыр 12 миллиард 400 миллион ашуун куб суу сакталып турат. Бул суу биздин энергетикалык системабыздын үзгүлтүксүз иштөөсүнө жетет.

Энергетикадагы коррупция, уурдоо, талап-тоноо жөнүндө айта турган болсок, кышка даярдыктын жүрүшүн караган өкмөттүк жыйында айтылган сандарга көңүл бурсаңыз керек. Бүгүн энергетикадагы 32% жоготууларды 26% чейин азайта алдык. Бул дурус сандар. Мындан тышкары электр акысын чогултуу, мисалы “Түндүкэлектрде” 100% жетти. Башка компанияларда 96% чейин электр акысы чогултулууда. Анткен менен токту уурдоолор, калктын дебитордук карыздары дагыле жолугат. Бул жалаң эле энергетиктердин проблемасы эмес. Маселен, уурдоолорду айтсак, ал көбүнчө электр энергиясын пайдалануучу менен аны таркатуучулардын жең ичинен макулдашуусунун натыйжасынан чыгууда.

Мындай болушка, энергетиканын өнүгүшүнө, айрыкча электр энергиясын бөлүштүрүүчүлөрдүн ишине ушу таптагы тариф бөгөт болууда. Каалайбызбы-каалабайбызбы, чындыкты айтышыбыз керек. Өткөн кыштан көрдүк го, 1,5 миллиарддык тариф жабылбай калууда. Бул маселени жакынкы мезгилде карап чыгышыбыз керек. Экономикалык кыйын кырдаалда 2008 – 2009-жылдары биз тарифтерди көтөргөнүбүз жок. Көпчүлүк ишканалар үчүн бул кошумча түйшүк, оорчулук алып келерин эске алып бааны көтөрбөдүк, бирок бул темага кайрылышыбыз керек.

Ал эми Бишкек ТЭЦ, жылуулук борбору жөнүндө айтсак, аларды менчиктештирүү программасы жокко чыгарыла элек. Билесиз, конкурс эки ирет өттү. Бул компанияларды сатып алууга куштар ишкерлер чыкпады. Ушу тапта Мамлекеттик мүлк фонду башка мүмкүн болчу варианттарды: менчиктештирүү же олуттуу инвесторго башкарууну ишенип берүү жагын карап жатат.

Жыл аягына чейин бул компанияларды сатуунун жаңы шарттары: менчиктештирүү, ишенимдүү башкарууга, концессияга берүү сунуш кылынат. Бөлүштүрүү компанияларындагы уурдоолорду, талап-тоноону ишин мыкты жүргүзгөн менчик ээси токтото алат деп эсептейм. Жеке киши же компания бөлүштүрүү тармагынын ишин жакшыртуунун үстүндө иштеп, акы чогултууну бекем көзөмөлгө алганда гана өзгөрүү болот. Башкача айтканда, тариф боюнча киреше таап, уурдап-тоноого чек койчу менчик ээси келиши керек.

XS
SM
MD
LG