Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Жакында кыргызстандык майыптардын бейөкмөт уюмдары биригип, ассоциация түзүштү. Алар биригүү жолу менен эл аралык уюмдардын жардамын натыйжалуу пайдаланууну максат кылышууда.

“Такси керекпи? Каяка барасыз?” деп, айткан жерине заматта жеткирип, кайра зуулдаган бойдон кетип калган таксисттин тагдыры эч кимге деле кызык эместир. Бирок таксист болуп иштеген Рустамдын жөнү башка таксисттерден өзгөчөрөөк. Анткени анын эки буту тең баспайт. 2003-жылы март айында жол кырсыгына кабылып, омурткаларына доо кетип, эки буту тең баспай калган.

Рустамдын минтип такси айдап иштегенине бир жыл болду. Такси - ал үчүн жан багуунун бирден-бир жолу:

-Иштегенден баштап, эл менен аралашып калдым. Азыр эч кимдин көзүн карабайм. Тапкан акчам өзүмө жетет. Биздейлерге мындан башка деле жумуш жок да. Коляска менен каякка жетесиң. Эптеп минтип машинам менен аракет кылып жүрөм,-дейт Рустам.

Рустам мамлекеттен 740 сом пособие алат. Ал эми эл аралык уюмдардын жардамы туурасында деле кабары жок. Бир билгени - үч жыл мурун бир коляска алган:

-Бул убакка чейин эч кимден деле жардам көргөн жокмун. Чынын айтсам кайсы уюм эмне кылып иштээрин деле билбейм. Болгону бир жолу жардам катары коляска алгам. Ошол. Оор мезгилдерде болсо, бир туугандарым жардам берип турушчу.

Майып адамдарга жардам берген ири эл аралык донорлордун катарында гуманитардык багытта түздөн түз жардам берген эл аралык уюмдардын саны азыр өтө аз. “Каунтерпартинтернешнл” уюму гана Кыргызстанда майыптарга даректүү жардам көрсөтүп келет.

-Биз иштеп, өз оокатын жасап жүргөндөргө эмес, өтө жардамга муктаж, оор абалдагы адамдарга колдоо көрсөтөбүз. Биздин күчүбүз менен көп адам коляска, балдактарды ала алышты. Биз жардамды бергенде жөн эле жөнөтуп койбойбуз. Жардамдын даректүү көрсөтүлүшүнө аракет жасайбыз,- дейт аталган уюмдун директору Бибира Акмолдоева


Мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын республикалык көз каранды эмес ассоциациясынын жетекчиси Асипа Мусаеванын айтуусунда, негизинен эл аралык уюмдар деле даталуу күндөрдө гана жардам беришет. Эл аралык фонддон жардам алуу үчүн аларга долбоорлорду жазуу керек. Долбоор жактырылбаса эч нерсе жок. Кээ бир эл аралык уюмдар өздөрүнүн кандайдыр бир максатына жетүү үчүн гана чогуу иштемиш болуп келип, кийин аларды таптакыр унутуп дай койгон учурлар жок эмес.

-Мисалы “Сострадание” деген эл аралык уюмдун максаты өздөрүнүн кудайына ишендирүү экен. Ким ишенем десе, ага жардам бергендей болуп, калганын акырындап түртүп коюшат. Ал эми башында ачылганда биз майыптарды колдойбуз деп, биздин уставдарды алышып, катуу киришкендей болушкан. Эми таптакыр эле биз менен иштешпей, өз билген иштерин жасап, бизди унутуп салышкан. Эл аралык уюмдардан деле жардам оңой жол менен тие койбойт, - дейт Асипа Мусаева.

Жакында майыптардын бейөкмөт уюмдары биригип, ассоциация түздү. Эми алар биригүү жолу менен гана эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешүүнү максат кылып турушат.

-Буга чейин ар кимибиз өзүбүз менен өзүбүз болуп иштеп келгенбиз. Эми көзү көрбөгөндөр, кулагы укпагандар, баспагандар-ошолордун бардыгы биригип, чогуу иштейли деп жатабыз. Мындай биригүү аракети Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылганы турат. Бул өз кезегинде эл аралык уюмдар менен тыгыз иштөөгө шарт түзөт.

Ал эми Рустамдын айтуусунда, жардам мейли өкмөттөнбү же ар кандай уюмдардан болобу, аны алуу өзгөчө бир машакат. Ошондуктан бирөөгө үмүт арткыча, өзүңдүн колдон келген аракетиңди жасай берүү керек:

-Бир жерден керектүү кагазды алуу азыр майыпты эмес, соо кишини да түйшүккө салат. Мен өзүмө окшоп, үйүндө баспай жаткандарга коляска менен тепкичтен кантип түшсө болоорун көрсөткүм келет. Аракет кылсаң, натыйжасы болот да. Ал эми эл менен аралашсаң, өзүңдүн оору жериңди унутасың. Керек болсо, мен кээде анча мынча кыйналган кары кишилерди жетчү жерине бекер жеткирип, кайрымдуулук да көрсөткөнгө жарайм. Азыркы заманда бирөөгө ишенип, үйдө жатпаш керек.

Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча , учурда Кыргызстанда 48 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Алардын жарымы балдар. Аларга колдоо көрсөтүү боюнча 300дөн ашуун бейөкмөт уюмдар иштешет. Анткен менен Кыргызстанда майып адамдардын саны жыл сайын көбөйүп барат.



  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG