Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Майыптарды майрам күнү эстешти


Ош облусунда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны кийинки мезгилде кескин түрдө көбөйүүдө. Ушул жылдын он бир айында эле булардын катарына 700 майып кошулду.

- Чындыгында, майыптардын саны жыл сайын көбөйүп баратат, - деп коңгуроо какты Ош облустук социалдык кызмат көрсөтүү борборунун башчысы Рустам Бакиров. – Айрыкча жаш балдар тамеки талааларында, базарларда оор жумуштарда эмгектенишет. Мындан тышкары Өзгөн районунда тестиерлер жайы-кышы машиналарга кум жүктөшөт. Ошентип жүрүп алар сукка урунуп, саламатчылыгынан кантип ажыраганын билбей калууда. Ал эми Орусияда жана Казакстанда иштегендер да ар кандай дарттарга чалдыгып, бул жакка кайтканда мүмкүнчүлүгү чектелген кишиге айланууда. Ушундай аянычтуу тагдырга кабылгандар былтыр тогуз миң сегиз жүз адам болсо, ушул тапта андайлардын катары он миң беш жүздөн ашты. Демек, бир жылга жетип-жетпей жети жүз адам майыптардын армиясын толуктады.

Араван районун Керме-Тоо кыштагында жашаган биринчи топтогу майып Абай Шамуратовдун баамында, ар тараптуу кризистен улам мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоосу барган сайын татаалдашууда:

- Бир миң төрт жүз сом пенсия алам. Төрт балам бар, аларга пособие төлөнбөйт. Меники бардыгыбызга жетпейт жатат. Электр энергиясына жеңилдиктер киргизилсе, Өкмөттөн ушуну суранат элек, бизге окшогон майыптарга сооп болмок. Антишпесе, турмушубуз чындап оорлошуп баратат.

Абай Шамуратовдун оюнча, ушундай шартта электр энергиясын пайдалануу акысынын жогорулашы биринчи кезекте майыптарга катуу сокку урушу ыктымал, ошондуктан Өкмөт тарифтердин көтөрүлүшүн токтото туруусу абзел.

Бирок мындай талапка Өзгөн районуна караштуу Кароол айылынын тургуну, биринчи топтогу майып Дооронбек Акматалиев кошулган жок:

- Пенсия убагында тийип атат. Мамлекет жардамын аяй элек. Мисалы, мага бир миң беш жүз сом пенсия тиет. Кудайга шүгүр, ошол жетет. Дагы көбөйөт деп атышат. Кыскасы, ар эки-үч айда акча кошулуп турат. Нааразылык жок, Өкмөткө ыраазыбыз. Ошентсе да, электр кубаты мурунку тарифте калтырылса, ашыкча болбос эле.

Карасуулук Кожоназар Айдаров кырчындай кезинде Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, Сталинград майданында немистер менен салгылашып, бактыга жараша Ата Журтуна жеңиш менен кайткан. Учурда жашы сексен бештен ашкан ардагердин кебине караганда, аларды 3-декабрда, майыптардын эл аралык күнүндө, бийлик эстеп да койгон жок.

- 9-майда гана көңүл бурумуш болушат. Эл катары пенсиябызга кичине үстөк кошуп коюшат, - дейт Кожоназар Айдаров. – Орусияда Улу Ата Мекендик согушка катышкандарга бирден машина тартуулап жатышат. А бизде андай жок. Быйыл президент Бакиевдин көрсөтмөсү боюнча үч миң сом пенсиябызга коштурушту. Аскар Акаевдин доорунда он миң сомдон алчу элек. Жыл өткөн сайын бизге карата мамиле салкындап баратат.

Согуш майыбы Кожоназар Айдаров аларга карата мамлекеттик камкордук жыл сайын солгундап бараткандыгына майдандаштары да нааразы экендигин билдирди.

Айтмакчы, 1999-2000-жылдары терррочулар Баткен жергесине басып кирип, тынч жаткан калкка бүлүк салганда Ош жергесинен жүздөгөн жаран Мекенин коргоого аттанган. Алардын жыйырма чактысы душмандын огун жеп, майыпка айланды. Ушулар бүгүнкү күндө жардамга зарыгып тургандыгын Баткен согушунун ардегерлери уюмунун төрагасы Абдыманап Караев «Азаттыкка» төмөнкүчө маалымдады:

- Баткенчилерге жеңилдиктер каралган эмес деп жергиликтүү чоңдордун бардыгы мыйзамга такап жатышат. Болжолу жыйырма чакты майып куралдашыбыз бар. Ошентип, аларга быйыл да көмөк көрсөтүлбөй калды. Башка согушка катышкандардай эле элүү же жүз пайыз жеңилдик ыйгарылса, тигилерге куп пайдасы тиймек. Аларга мамлекет тарабынан эч кандай камкордук көрүлбөгөндүктөн, ал-акыбалы улам начарлап баратат.

Абдыманап Караев Баткен согушуна быйыл туптуура он жыл толгондугун белгилеп, коогалаңга катышкандарга социалдык жана башка жеңилдиктерди ыйгаруу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылышкандыгын, тилекке каршы, демилге колдоо тапппагандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Ош облустук социалдык кызмат көрсөтүү борборунун башчысы Рустам Бакировдун ырасташынча, баткенчилердин маселеси мыйзам нугунда чечилиши зарыл, ал эми калган майыптарга президент Бакиев кол койгон жарлыктардын негизинде камкордук көрүлмөкчү.

- Ошол жарлыктардан улам социалдык төлөмдөр жыйырма беш пайыдан эки жүз пайызга чейин көтөрүлдү. Мындан тышкары жаңы жылдан тарта Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына ай сайын жети миң сомдон жөлөк пул таратыла баштайт. Ушундай эле компенсация Ооган согушунун майыптарына да төлөнөт, - деди Рустам Бакиров.

XS
SM
MD
LG