Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Дааватчынын терисин хизбутчулар жамынып жүрөбү?


Ысык-Көл областында даават жүргүзүү чаралары убактылуу токтотулду. Буга дааватчы атын жамынган “Хизб-ут-тахрир” уюмунун мүчөлөрүнүн айыл жерлеринде өз идеяларын таратып жатышы себеп болду.

Дааватчылар жер-жерлерди кыдырып, диндин маанисин элге түшүндүрүп, даават жолу менен адеп-ахлакка үндөп, ыйман тилеп келишет. Ага чын ниети менен тартылган адамдар өздөрүнө рухий жактан бир азык издеп кайрылышат.

- Пайдасы аябай көп. Бул Алланын буйругу да. Дааваттан тарбия-таалим алып,адеп-ахлакка үйрөнөт. Чын жүрөктөн берилгенде динге жүрөк ачылат,-дейт дааватчы.

Бирок акыркы мезгилде ыйык милдетти аткарган дааватчынын атын жамынып, башка экстремисттик көз караштагы уюмдун мүчөлөрү айыл жерлериндеги айрым дин кызматкерлеринин чала сабаттыгынан пайдаланып, өздөрүнүн идеяларын таңуулоонун аракетинде экендигин айтат Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын башчысы Эркин Эсеналиев:

- Жер-жерлерде элди кыдырып, даават жүргүзгөн адамдардын деңгээли кандай, өздөрү ким? Арасында динге тиешеси жок адамдар бар. Ошолорго эмне үчүн мүмкүнчүлүк, уруксат беришет.Эмне үчүн элдин арасына жөнөтөт.Эми жергиликтүү бийлик менен дин өкүлдөрүнүн ортосунда бир туруктуу келишим болбойун биз дааватчыларга тыйуу салууга мажбур болуудабыз.

Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жумановдун айтуусунда, бүгүнкү күндө “Хизб-ут- тахрир” сыяктуу мындай уюмдардын терс аракеттери чыныгы дааватчылардын атына көө жаап жатат:

-Дааватчыларды муфтият көзөмөлдөйт. Аларды област, райондорго жиберүү биздин милдет. Исламда дааватка документ болбош керек. Дааватчыларды жаман көрсөтүү максатында, аларга жашырынып ар кандай уюмдардын терс ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы кейиштүү көрүнүш.

Ал эми серепчи Кадыр Маликовдун көз карашында, кандайдыр бир диний ээнбаштыктарга тыйуу салуулар деле ойдогудай жыйынтыкты бербей калышы мүмкүн:

-Дароо тыйуу салуу жолу менен маселени чечүүгө аракет кылган күндө да проблема чечилип кетпейт. Тыйуу салынып калса, алар ишмердигин жашыруун жүргүзө башташат. Башкача айтканда ичтен жей башташат.

Жаш депутат Алишер Мамасалиевдин пикиринде, учурда кооптуу кырдаалдан оолак болуу үчүн азырынча мындай тыйуу салуулар керек. Анткени азыр мындай илдеттерге өзгөчө жаш муундун өкүлдөрү чалдыгып жатат:

- Азыр жаштарды диний уюмдар жана криминал дүйнө өз максаттарында пайдаланууну көздөшөт. Жергиликтүү бийлик мындай тыйуу салса, туура эле болуш керек. Анткени Ноокаттагы окуяны баарыбыз көрдүк. Баш аламандыкка сексен пайыз жаштар катышты.

Жаш дааватчы Мураттын ою боюнча кандай болгон күндө да жаштардын, дааватчынын сөзүн уккандардын өздөрүнүн жеке көз карашы болуш керек. Айтылган ар бир нерселерди таразалай билүү зарыл:

-Ар бир кишинин деңгээлинен болот. Мисалы, турмуштук тажрыйбасы аз жаш бала баян берсе, анын ар кайсы жагын ойлоо керек. Айтылгандын баарын эле бир жактуу сиңирүүгө болбойт.

Ошентип диний экстремизм менен күрөшүүнүн таасирдүү жолун издеген күндө деле негизги проблема кайра эле барып мыйзамдын толук кандуу эместигине такалууда. Анткени диндеги мүчүлүштуктөр иш жүзүнө келгенде эле өзүнөн өзү чыгып калган учурлар көп дейт Эркин Эсеналиев:

-Диндин бардык тармагы мыйзамда каралган эмес. Ушул күнгө чейин мыйзам чегинде экстремизмге каршы иш жүргүзүү жана ага баа берүү жагынан анча көңүл бурулбаса керек. Кылмыш жана жаза, административдик кодексте тиешелүү так беренелер көрсөтүлгөн эмес. Диний экстремизмге катышы бирды 3 жолу жоопко тартып жиберип жатабыз. Кээ бир учурда мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдөн ушундай болуп жатат.

Мамлекеттик дин агенттигинин директору Каныбек Осмоналиевдин билдирүүсүндө 6-ноябрда жогорку кеңеште экинчи окууда “Дин эркиндиги жана диний уюмдар” деген жаңы мыйзам долбоору 81 добуш менен кабыл алынды. Мыйзамдын жаңылыгы- анда биринчи жолу диний уюмдардын укук-милдеттери каралды:

-Мен мындай деп айтаар элем. Жаңы мыйзам долбоорунда дин эркиндиги бузулган жок, диний ээнбаштык токтотулуп жатат.

Азырынча жаны мыйзам долбооруна президент кол кое элек. Качан ага кол коюлганда, мыйзам күчүнө кирет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG