Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Геннадий Павлюк Алматыдагы ооруканада эсине келбей каза тапты


Алматыдагы ооруканага оор абалда түшкөн кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк эсине келе албаган тейден бүгүн таңга жуук дүйнө салды. Бул кейиштүү кабарды "Азаттыктын" казак кызматына Г. Павлюктун жубайы Ольга ырастады. Дарыгерлер журналисттин алган жаракаты оор болгонун, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калгандыгын билдиришкен.

Ибрагим Рустамбек аттуу псевдоним алдында белгилүү Геннадий Павлюктун денеси 16-декабрда Алматыда Фурманов атындагы көчөдө орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан табылган. Журналист алтынчы кабаттан буту-колу байланган абалда ыргытылганы жөнүндө шектүү кеп тараган. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган Геннадий Павлюк ооруканага жеткирилип бир аптадай врачтардын көзөмөлүндө эсине келе албай жатып үзүлдү.

Журналист буту-колу таңылып ушул ыргытылды деп көп айтылып жаткан үй, Алматы калаасы
Казакстандык тартип коргоо органдары журналистке кол салуу окуясы боюнча кылмыш ишин жарыялап, иликтөө-тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Г.Павлюк «Аргументы и Факты-Кыргызстан» жана «КП в Кыргызстане» гезиттерине баш редактор болуп иштеген, «Белый пароход» интернет басылмасын чыгарып келген.

Кыргызстандык укук коргоочулар жана саясатчылар журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердиги менен түздөн-түз байланыштырууда.
“Мен бул саясий заказ мүнөзүндөгү кылмыш деп ойлойм.
Ө. Текебаев
“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде каргашалуу окуяны Геннадий Павлюкка карата атайын уюшулган кол салуу катары баалады:

Мен бул саясий заказ мүнөзүндөгү кылмыш деп ойлойм. Бул Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөгө багытталган кезектеги кол салуу”.

Геннадий Павлюк “Ата Мекен” деген аталыштагы интернет газета түзүп, жакында аны коомчулукка алып чыгуу аракетин көрүп жаткан. Ал ошондой эле гезитке аты уйкаш өлкөдөгү оппозициялык саясий партия менен да тыгыз кызматташа баштаган.

XS
SM
MD
LG