Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Марат Токоев: Укук коргоо органдары журналисттерди коргобой эле, кайра кас чыкты


33 жашында киши колдуу ажал тапкан Алмаш Ташиев.

33 жашында киши колдуу ажал тапкан Алмаш Ташиев.

Ноокат районунда журналист Алмаз Ташиев милиция тарабынан келтектелип, эс учуна келбей ооруканада мерт болду. Бул факты Кыргызстанда иштеген журналистердин коопсуздук проблемасын кайрадан күн тартибине чыгарып отурат. “Журналисттер” коомдук уюмунун жетекчиси Марат Токоевдун айтымында мындай кейиштүү көрүнүштөрдүн төркүнү социалдык кырдаалдын курчуп кеткенинде жана журналисттер сабалган мурдакы окуялардан эч жыйынтык чыкпагандыгында болуп жатат.

-Статистиканы карап көрсөк, журналистердин жабыркоо фактысы жыл сайын өсүп бараткан экен. Мунун себеби эмнеде? Сиздердин уюм иликтеп көрдүбү?

Марат Токоев
- Журналистерди сабап кетүү себептери көбүнчө коомдогу социалдык кырдаалдын курчуп кеткенине байланыштуу го деп ойлоп атам. Акыркы мезгилде журналистердин аброю кичине түшүп баратат эл арасында. Буга мурдагы уруп- сабоолор дагы себепкер болду. Эмне үчүн дегенде ошол ар бир уруп-сабоо боюнча бир дагы жыйынтыктуу иш жасалган эмес болчу, күнөөкөрлөр жазаланган эмес. Азыр элде бир пикир пайда болду да журналисттерди сабай берсе болот экен деген. Эми баарынан өкүнүчтүүсү жөнөкөй элден эле ушундай мамиле болбостон, журналистердин коопсуздугун камсыз кыла турган укук коргоо органдары дагы өздөрү кыса баштаганы эң өкүнүчтүү болуп атат да.

-Ушул укук коргоо сиздер акыркы медиа-мекеме менен чогуу бир тараткан кайрылууңуздарда, бийлике кайрылуу жасаган экенсиздер. Ошондо айтып атасыздар, тартип коргоо кызматтарын түп тамырынан бери реформалоо керек деп. Ушул реформалоо сиздердин көз карашта кандай болушу керек?

-Эми бул иштер боюнча мен билем, көп эле иштер жасалып атат жыл сайын эле. Көп жылдан бери реформа, реформа деп эле келебиз, бирок анын жыйытыгын көп деле көрө элекпиз. Биз айласыздан мындай талаптарды коюп атабыз. Эмне үчүн дегенде мурдагы көптөгөн журналистерди сабап кетүү фактылары боюнча көп иштердин баардыгы ачыла элек, дагы эле көз алдыда жүрөт.
Мисалы ошол Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш ордунан жылган жок. Анан кийин көп фактылар болду журналисттерди сабап кетүү боюнча, кээ бирлери гана ачылбаса көбүнчөсү ачылган жок.

- Ушул жанагы журналисттерге келип аткан коркунучтар, өлүмгө чейин жеткен окуялар ушулардын баардыгы журналисттин өзүнүн кесиптик ишмердигине, маселен, коомдук саясий турмуштун бир курч өңүттөрүн чагылдырууга терс таасирин тийгизген жокпу. Бул боюнча байкоолор барбы силерде?

-Бул түздөн-түз таасир берип жатат. Эмне үчүн дегенде өзүңөр билесиңер чет жакка баш калакалап канча деген журналисттерибиз кетип калышты. Болгондо дагы курч мүнөздөгү макала жазган журналисттер кетип атышат. Азыр дагы мен кесиптештерим менен сүйлөшүп калганда ушундай көп суроолор туулуп атат, журналистиканы аркалап кете берсекпи же башка кесипке кетсекпи деген. Мына мен жакында бүт аймакты кыдырып келдим, ошондо мурунтадан бери журналистикада жүргөндөрдү жөн эле коёюн, жаңыдан журналистикага аралашып аткан балдар келип менден сурап атат: Журналистикага барсакпы- барбасакпы, эмне кылабыз бизди сабап атса деп. Бул сөзсүз жанакы самоцензура деген түшүнүк бар, ошону чоңойтот да.

-Журналистердин бири-бирине кандай жардам көрсөтө алышат. Журналисттик тилектештик деген барбы кыргыз журналистикасында?

-Эми журналисттер чынын айтканда бөлүндү болуп атат, тилектештик жок болуп атат. Эмне үчүн дегенде буга дагы баягы эле учурдагы абал болуп атат. Эмне үчүн дегенде ар- бир журналист өзүнүн нанын тапканга иштеп атышпайбы. Коркушат жумушсуз калбайлы дешип. Ошон үчүн өз ара тилектештик болбой атат.

Бирок акыркы окуялар көрсөтүп атат журналистер арасында тилектештик сезими акырындан, акырындан көбөйүп келип атат. Мына акыркы убактарда Абдылдаев боюнча сабап кетүү фактысы жакшы күбө болду. Эмне үчүн дегенде мурда жардам берели деп кыйкырып бүтмөкпүз да. Азыр болсо өздөрү келип чалышып, бизден эмне жардам керек деп айтып атышат.

-Рахмат анда.
XS
SM
MD
LG