Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Дунгандардын арасында кыз ала качуу кийинки он-он беш жылда айрыкча күчөгөн. Убагында дунган жигит ала качып алган Айшанын пикиринде, мында бир чети кыргыздардын кыз ала качуу адатынан терс таасири тийүүдө.

Айша кайната-кайненеге кызмат кылып, уул-кызын үйлөндүрүп, неберелүү. Ижарага алган рестораны жабылып калган соң, азыр айлык алган ашпозчу. Алты баш үй бүлөсүн жалгыз багып жаткан Айша Шисырдын төркүнү кыргыз, быйыл кыркка чыгат, эки кыз, бир уулу бар. Сокулуктан ары Садовое деген айылда турат.

Орозо айтта жайыл дасторкон үстүндө отурдук. Ал күйөөсү Арли өзүн он жети жашында уурдап кеткенин сөз кылганда кабагы чытыла түштү:

- Мени күйөөм онунчу класстан ала качты. Ал менден төрт жаш улуу болчу. Бирок аны таанучу эмесмин. Бир көрүп эле, досторуна
«мен кыз таптым» деп айтыптыр. Мен мектептен чыгып, курбуларым менен жолуккандан кийин үйүмө баратканда ала качты. Ата-энем эч нерсе кыла алган жок. Бирок атам ооруп, жатып калды.

Айшанын атасы айылда бригадир эле, энеси кызылчада иштечү. Кызын ала качып кетиши аларга катуу бетке чиркөө болот:

– Уят эле болгон, баары сөз кылышты. Кичинекей айыл болсо. Атам айылда сыйлуу адам эле. Анын көкүрөк кызын күйөөгө уурдап кетиптир деген ушак таркады.

Дасторкондо түркүн тамак-аш жайнайт. Айша Шисыр дунгандардын улуттук тамактарын жаштайынан билгени керекке жарады.
Айшанын Орозо айтка жайган дасторкону

Ал бүгүн Бишкектеги Ак куу ресторанында ашпозчу болуп иштейт. Күнүнө тапкан үч жүз сому менен күйөөсүн кошуп, алты кишини багат.

Кризиске чейин Бишкектеги Моссоветте Дунган ашканасы болоор эле. Бүт үй-бүлөсү менен ошол жакта иштечү. Ижарасы кымбаттап кеткендиктен, ашкана жабылып калды. Бүгүн ал кыргыздар ээлик кылган ресторанда эртең мененки саат ондон кечки онго чейин иштейт, дагы эки сааты жолго кетет.

Айшанын кайындары дунган болгону менен, энеси кыргыз, болгондо да жумгалдык саяктардан. 1930-жылдардагы сталиндик коллективизация, репрессиялардын коогалуу заманында эжеси экөө жетим калып, дунган бүлө багып өстүрөт, атын да дунганча коюшат.

Моданза Лицун апа азыр сексенден ашкан, небере-чөбөрөлүү. Садовоеге улаш дунгандар жердеген Александровка айлында көзү өтүп кеткен кичүү уулунун үйүндө келини менен турат. Ал кыргызчаны бир аз чалып сүйлөгөнү менен эне тилин унуткан эмес:

- Атам үч айымда өлүп калыптыр, энем кайтыш болгондо мен сегизде элем. Менден үч жаш улуу эжем экөөбүздү дунган бүлө багып өстүрдү. Таекем бар эле ал өлдү, анын баласы бактап кулап, ал да өлдү. Ошентип, энем жактан эч кимди билбей калдым. Бул айылда бүт дунгандар, кыргыз-казак жок.

Мусулманчылыкты карманган дунган эли хан-кытайлардын куугунтугунан качып, он тогузунчу кылымдын этегинде Ала-тоого ооп келишкен. Өз арасынан алар бул жерлик, келгиндер деп бөлүнүшөт. Айшанын өмүрлүк жары Арли ата-бабалары бул жакка качан келип калганын биле бербейт, бирок өзүн түпкүлүктүү дунгандарга кошот:

- Атасы араб, энеси кытай, ортодон дунган чыккан. Дунган тили кытай тилине көп окшобойт. Кытай тили татаал тил. Биз Александровкада дунгандар Кытайдан келгендер жана түпкүлүктүү деп экиге бөлүнөбүз. Кытайдан келгендерди «восмерка» (эки орундуу Жигули), ал эми бул жактыктарды «девятка» (төрт орундуу Жигули) деп коебуз. Биздин ата-бабалар бул жакка тээ мурдагы замандарда келген, биз аны билбейбиз дагы.

Дунган элинде мусулманчылыктын эрежелери күчтүү, тегиз намаз окуп, орозо тутушат, үрп-адаттарды да катуу кармашат. Ошонун эсебинен ажырашуу аз, бирок анын кесепети айалдарга тийген учурлар да жок эмес. Айша:

- Мындай көп, жөн деле сабашат. Ооруканага түшкөндөр болот. Эч ким билбесин деп үйүндө жатышат. Үйдө болгонду сыртта эч ким билбеши керек. Балдардан сурада да, жок бизде баары тынч деп коюшат.

Эдуард - Айшанын жалгыз уулу. Айттап келгендер эркектерге куран окуп жатканда, келинчеги Алина сыртка чыгып кетти. Экөө тең ата энесиндей эле орто мектепти бүткөн эмес, талаада иштеп, соода сатыкка чыга калышат. Эдуард да Алинаны жыйырма жашында ала качып алган. Жалгыз уулуна чоң той берип үйлөнтөм деп жүргөн Айша баласына капа болгон:

- Meн уулума кийин айттым, уурдаганың туура болгон жок. Кудалап, той өткөрүп алсак болмок дедим. Дагы жакшы, экөө мурда сүйлөшүп жүрүшкөн.

Азыр Айшанын келини менен мамилеси сый, бирден өткөн небересин багышат.

Дунгандардын арасында кыз ала качуу кийинки он-он беш жылда айрыкча күчөгөн. Айшанын оюнда, мындан бир чети кыргыздардын кыз ала качуу адатынан терс таасири болсо, мыйзамсыздыктын күч алышы да өз кесепетин тийгизип жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG