Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Баатырбеков: элчиликтерге нааразылар көп


Москвадагы кыргыз элчилигинин короосу, 13-май, 2011-жыл
Москвадагы кыргыз элчилигинин короосу, 13-май, 2011-жыл

Бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети кыргыз элчилеринин отчетторун угат.

Чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчилик жана консулдуктардагы абал тууралуу аталган комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбековду сөзгө тарттык.

- Алмазбек мырза, сиз жетектеген комитет элчилерден отчет алганы жатыптыр. Элчилерден маалымат алууда кайсы жагдайларга көңүл бурулат?

- Биринчиден, мындан 3-4 ай мурун элчилерден маалымат алалы деген иш планыбыз бар болчу. Ошол эле учурда маалым болгондой, чет өлкөдөгү элчиликтерге көптөгөн нааразычылыктар болгон. Чет өлкөдөгү диаспоралардан түшкөн нааразычылыктардан улам алардын маалыматын угуп коёлу деп, иш планга киргиздик. Негизи бүгүн КМШ өлкөлөрүндөгү элчиликтердин маалыматтарын угабыз.

- Кыргызстанда канча убакыттан бери эле чет өлкөгө чыгып келген жарандар элчи, консулдуктардагы орой мамилесине нааразы болуп, кызматкерлердин көпчүлүгү мамлекеттик тилде сүйлөбөгөнүн айтып келишет. Элчилердин отчетун угууда жарандардын дооматтары эске алынабы? Арыздардын негизинде сиздер элчилерге конкреттүү көрсөтмө бере аласыздарбы?

- Кандайдыр бир күнөөлөрү, кемчиликтери болсо, сөзсүз түрдө мунун баары бүгүн каралып, айтылат. Дагы бир маалымат, биз диаспораларга кат менен кайрылганыбызда 300 кол менен Орусиядагы элчиликке даттануулар келип түштү. Орой мамиле жасайт, кыргызча сүйлөбөй, орусча сүйлөшөт деп нааразы болушууда. Бүгүн элчилер келсе, аларга бул суроолорду берип, алардан жооп алабыз, ошого жараша комитеттен чечим чыгарылат.

- Бул маселелер кайрадан эле кайталанып, ушул эле август айында Бириккен Араб Эмиратында кулчулукка кабылдык деген жарандар да ал жактагы консулдукка нааразы болуп келишти. Эми бул маселени кантип чечүүгө болот? Балким элчилик, консулдуктарда иштеген кызматкерлердин саны аз эмеспи?

- Биринчиден, өкмөттүн каржылык абалы бир аз алсыз болгондуктан, элчиликтерде кызматкерлер чынында жетишпей жатат. Бирок ошол эле учурда каржылоо жетишпей жатат дебестен, бул тармакта ишти алып баруу керек Ар бир факт боюнча колдон келишинче маалымат жыйнап, көзөмөлгө алып турабыз. Консулдуктарга деле 20 жылдан бери келе жаткан саясаттын арты менен көп учурда бийликтен түшүп калган адамдар шайланып, оппозицияда жүргөн адамдар шайланып келген. Натыйжада элчиликтерде чыныгы дипломаттар иштебей калышкан.

- Буга чейин элчилерден жылына бир жолу маалымат алып туруу демилгеси көтөрүлгөн. Ошондой эле элчилерди дайындоодо депутаттардын макулдугу болсун деген да сунуштар айтылган. Бул сунуштар ишке ашчудайбы?

- Ишке ашат деп ойлойбуз. Мурунку президенттик башкаруу учурунда иштеген Конституцияда элчилер дайындалып жатканда комитеттин макулдашуусунан өтүшү керек деп айтылган. Жаңы Конституцияда парламенттик башкаруу дегенибиз менен бул пункттун жок болуп калганына байланыштуу, биз депутаттарга сунуш кылып, өзгөртүү киргизген элек. Бирок ал бир аз Конституцияга төп келбегендиктен, президенттин администрациясында мыйзамды аткаруу боло элек.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG