Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Чек арачылардын чечиминде жылыш болобу?


Кыргыз--өзбек чек арасы, Баткен областы
Кыргыз--өзбек чек арасы, Баткен областы

Бүгүн Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу башталды.

Үстүбүздөгү жылдын июль айынын башында Анжиян шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп, анда мындан аркы кызматташтык тууралуу сөз болгон. Чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбековдун “Азаттыка” билдиргени боюнча, бүгүнкү жолугушууда июлда каралган маселелердин жана иш- жоболордун аткарылышы талкууланмакчы:

- Ар кыл маселелер каралат. Мисалы, чек ара коопсуздугу боюнча алдыдагы максаттар, пландар, жалпы биргелешип иштөө маселелери каралат. Ошондой эле талаштуу жерлер боюнча жана биргелешип чек араны биргелешип кайтаруу маселесин ортого коюп жатабыз.

Мындан тышкары, 25-сентябрда Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын биргелешкен коллегиясы өтөт. Чолпонбек Турусбековдун белгилешинче, мындай иш - чара Кыргызстандын Чек ара кызматынынын тарыхында алгачкы жолу өтмөкчү.

Адистердин баамында, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларынын демаркацияланбай жана делимитацияланбай жатышы - Фергана өрөөнүнүн стабилдүүлүгүн буза турган факторлордун бири. Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун пикиринде, эки өлкө ортосунда чек ара маселеси чечилмейинче, Фергана өрөөнүндө чатак чыгып кетүү коркунучу сакталып тура берет:

- Өзгөчө Фергана өрөөнү коркунучтуу өрөөн. Анткени элдин көпчүлүгүндө жер, суу жетишпейт. Анын үстүнө чек ара проблемасы кошулганда бул - жарыла элек бомбадай болуп турат.

Чек аранынын такталабй жатышы карапайым элдин эки жака каттап туруусуна тоскоолдук жаратууда. Жыйынтыгында чек ара жана бажы бекеттеринде ар кандай талаш-тартыштар келип чыгууда.

Маселен жакында эле Өзбекстан бийлиги Ханабад шаарына кирип келишкен чакан куралчан топ Кыргызстан тараптан келгендигин айтып чыгып, чек араны бойлото чоң аңдарды казып, өз чегин кайтарууну күчөткөн.

Кыргыз-өзбек чек араларындагы талаштуу жерлерге байланыштуу сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталып, буга чейин эки өлкөнүн ырасмий өкүлдөрү кыйла жолугушууларды өткөрүп, бирок ушул кезге чейин ал жерлер такталбай келет.

“Дин, саясат жана коопсуздук” уюмунун жетекчиси, саясат таануучу Орозбек Молдалиев бул маселенин узакка созулушунун негизги себебин эки өлкө ортосунда тең ата мамиленин жоктугунан көрөт:

- Өзбекстан Казакстан менен чек ара маселесин Кыргызстан менен бирдей мезгилде баштаган эле. Өзбекстан Казакстан менен чек арасын чечип алды. Эми бул жерде өзбек тарап тең тайлаш мамлекет менен маселени чечишип алганы, ал эми майда мамлекетти теңине албай жаткан саясаты оркоюп эле көрүнүп турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев соңку учурда чек арада болгон окуялардан кийин өзбек тарап Кыргызстан менен чек ара маселесин чечүүгө кызыкдар болуп баштаганын айтты. Депутаттын көз карашында, өзбек тараптын мындай кызыгуусу өз коопсуздугун чыңдоо максаты менен байланыштуу:

- Ханабад шаарында болгон чагым аракеттерден кийин, чек арасын тактап, жаап алсак ушундай чагымчыл аракеттер болбойт деген үмүт пайда болду окшойт өзбектерде. Анын үстүнө Ооганстандагы кырдаал, Өзбекстан ислам кыймылынын өкүлдөрү Тажикстанга, Пакистанга өтүптүр деген маалыматтардан кийин алар да кыймылдай баштады. Ушундай жанданууну пайдаланып чек ара маселесин чечип алсак жакшы болоор эле.

Өзбекстанда өлкөнүн көз карандысыздык күнүн белгилөө жана борбордун 2200-жылдык майрамына байланыштуу 28-августтан тартып кыргыз-өзбек чек арасы жабык турат. Чек ара 10-сентябрда кайрадан ачылаары кабарланууда. Кыргыз-өзбек чек арасынын тилкеси 1375 чакырымды түзөт. Ушул тапта эки өлкө ортосунда 60ка жакын талаштуу аймак бар экендиги айтылып келатат.

XS
SM
MD
LG