Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

Тилим-дилим: Төртүнчү ирет кыскарууга тушуккан тил комиссиясы


Мамтил боюнча комиссияны учурунда мурдагы Акаев бийлиги да жоюп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен кайрадан калыбына келген.

Мамтил боюнча комиссияны учурунда мурдагы Акаев бийлиги да жоюп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен кайрадан калыбына келген.

Башкаруу системасын реформалоонун эпкинине туш болгон президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жоюлуп, министрлик даражасынан ажыраган маданият боюнча агенттиктин карамагына өтүп кетти.

Ошентип Мамтил боюнча комиссия өзүнүн комиссия болуп түзүлгөн он жылдык тарыхында ушуну менен төртүнчү ирет кыскарууга туш келип атканын айтышат. Аны эки жолу мурдагы Акаев бийлиги жоюп, Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен кайрадан калыбына келген. Комиссия эми Бакиев бийлигинин учурунда да экинчи жолку жоюлуу жолоюна келип кептелди.

Түрмөгүбүздүн бүгүнкү чыгарылышында ушул тууралу сөз кылалы деп, алгач мына ушул жоюлуп кеткен мурдагы тил комиссиясынын кызматкери Аалы Молдокановго суроо салдык.

- Айтсаңыз, ансыз деле буга чейин көп нерсеге колуңар жетчү эмес эле, укугуңар да бир топ чектелүү эле. Эми мындан аркы абалыыңар кандай болот? Тилиңер да, колуңар да кыскарган заман эми келдиби деген суроону бергим келип турат.

Аалы Молдоканов: - Бийлик түшүнбөгөн менен, көрүнгөндү кеп кылып, ызы-чуу түшүп келаткан депутаттар түшүнбөгөн менен бул тил улуу элдин тили, анткени биз улуу элбиз деп жүрөбүз. Түбү барып түзөлүш керек деген ойдобуз, ансыз деле биз өкмөттүн чөнтөгүн соруп аткан жок элек. Жарыбаган 2-3 миллион акча келет. Он үч-он төрт киши иштейбиз. Шаардагы кымгуут түшкөн жазуу-сызууну, мекемелердеги өйдө-төмөндү, жарыкка чыгып аткан китептердеги каталарды оңдоого чейин кийлгишип келатканбыз. Ким билет, бийликке эми мурдагыдан жашы келди, мыктысы келди, балким кайра калтырып коер.

Бир кызыгы, биздин тил комиссиясы тил мыйзамына ылайык, президент болом дегендерден мамлекеттик тил боюнча экзамен алып жүрөбүз. Бул калайык-калкка да белгилүү. Эми ошол эле “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесинде – Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Респбуликасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы мамлекеттик тилди билүүгө - мамлекеттик тилде окуй, жаза, өз оюн айта жана эл алдында сүйлөй билүүгө милдеттүү” деп жазылып турат. Бирок кечээ премьер-министрликке Данияр Үсөновду дайындап атканда мына ушул тил мыйзамын кабыл алган Жогорку Кеңештин бир депутаты чыгып, дайындалып аткан адам мамлекеттик тилди билеби, жокпу, билсе кандай деңгээлде билет, жаза алабы деп, жок дегенде суроо берип, ооз ачып койгонго жараган жок. Ал эми Чудинов дайындалып атканда баары чурулдап чыгышкан. Эгер мыйзам баарына бирдей колдонулбаса, анда бул мыйзамды жок кылып салыш керек, болбосо муну кандай түшүнсө болот? - деп айтты Аалы Молдоканов.

Кеп тил комиссиясынын жогорку же төмөнкү тепкичтеги кызмат даражасында эмес, кеп анын аткарып келаткан ишинин маңызында дейт Жогорку Кеңештин аппарат кызматкери Абдыкадыр Султанбаев. Анын оюнча, департамент болуп туруп деле тил мыйзамын жүзөгө ашырууга болот.

Мамлекеттик тил менен иштей турган иштер эми мындан ары солгундайт, көп нерселерге укугу да, колу да жетпей калат деген ой-пикирлерге Президенттик катчылыктын кызматкери Султан Жумагулов макул эмес. Катчылыктын өкүлү мамлекеттик тилди мурдагы комиссия же ушул өңдүү бюрократтык мекемелер же министрликтер сактап калат деген түшүнүктөн арылыш керек, тилдин тагдыры – элдин колунда, ар бир кыргыз атуулунун колунда дейт.

Медицина тармагында мамлекеттик тилдин абалы кандай?

Ага байкоо салган кесиптешим Фатима Абдаловага Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик тил боюнча координатору Мейманжан Жээналиев буларды айтып берген. Адистин айтымында, быйыл медицинадагы иш кагазадарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча Ат-Башы райондук оорукананын алкагында көрсөтмө семинар болуп өтүп, беш баянды мамлекеттик тилде жазуу боюнча чечим кабыл алынган. Алар кайсылар?

Мисалы такай орус тилинде жазылып келген: “история болезнь - бейтап баяны, история развития ребенка – бала баяны, история родов – төрөт баяны, история развития новорожденного – ымыркай баяны” деп эки тилде жазыла баштаган. Ал эми “амбулаторная карта” мурда жалаң орусча толтурулуп келсе, азыр эки тилде – кыргыз жана орус тилдеринде толтурулууга өткөн.

М. Жээналиев андан ары ырасмий тил басымдуулук кылган Чүй аймагынын айрым райондорундагы ооруканаларда бул иштер кыйла кыйынчылык менен жүрүп жатканын, бирок жетекчилери башка улуттардын өкүлдөрү болгонуна карабастан Ысык-Атадагы аймактык ооруканаларда аракеттер, жылыштар бар экенин кошумчалаган.

Бишкек шаарынын №3 балдар клиникасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков мындай дейт:

- Айрым медициналык терминдерди кыргызча айтуу дарыгерлер үчүн адегенде аябай эле өөн угулчу. Мисалы мурда: “задный проход” дегенди “көтөн чучук” деп айтып көнбөгөндүктөн кызматкерлерибизге бир топ кыйын болду. Ошондой эле жыныстык органдардын аталышына байланыштуу терминдерди, ошондой эле “заңдайт, заара кылат” өңдүүлөрдү айтышчу эмес. Эми эки жылдан бери көп эле терминдерди кыргызчага которуп сүйлөп калдык. Тил билбеген адистерге тил билгендер жардам берет. Бирок тез үйрөнө турган методика жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG