Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

“Ислам мамлекети” Пальмирадагы байыркы эстеликтерди кыйратты


Пальмирадагы байыркы Рим амфитеатрынын көрүнүшү мурда ушундай эле.
Пальмирадагы байыркы Рим амфитеатрынын көрүнүшү мурда ушундай эле.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери Сириянын Пальмира шаарындагы байыркы эстеликтердин бири - тетрапилонду жана анын алдындагы амфитеатрдын бир ыптасын кыйратышты. Бул тууралуу Сириянын маалымат каражаттары жазышты.

САНА маалымат агенттигинин ырасташынча, согушкерлер тетрапилон архитектуралык комплексин толугу менен жана экинчи кылымга таандык Рим амфитеатрынын бир ыптасын жер менен жексен кылышкан.

Байыркы эстеликтердин кыйраганы тууралуу маалыматты Эстеликтерди коргоо мекемесинин башчысы Маамын Абдулкарим да ырастады. Анын айтымында, жергиликтүү булактар тетрапилон он күн мурда жок кылынганын билдиришкен.

- Кечээ биз Бостон университетиндеги кесиптештерибизден спутниктен тартылган сүрөттөрдү алдык. Ал жерде Рим амфитеатрынын бузулганы көрүнүп турат, - деди ал “Франс пресс” агенттигине.

Экстремисттик уюм Пальмираны алгач 2015-жылдын май айында басып алган. Он айдан кийин өкмөттүк күчтөр орус аба чабуулдарынын жардамы менен шаарды жихадчылардан бошоткон. Он айдын ичинде согушкерлер көптөгөн байыркы эстеликтерди жок кылып, археологиялык музейдин жетекчисинин башын алышкан.

Экинчи жолу “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлери байыркы шаарга өткөн жылдын декабрь айында кол салышкан.

XS
SM
MD
LG