Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Кыргызстанда бийликтин күч менен алмаштырылышы «2-революция», «элдик көңтөрүш», «үй-бүлөлүк башкарууга каршылык» сындуу сыпаттамаларга арзууда. Өлкөдө мыйзамдуу бийлик орнотуунун кечеңдеши коңшу мамлкекеттердин экономикалык кысымына кабылууда. Токтолго таппай турган саясий кырдаалды жөнгө салуунун амал-аргасы Бишкекте өткөн орусиялык эксперттердин маалымат жыйынында козголду.

Элине жараша бийлиги

Бийликти күч менен алмаштыруунун алгачкы аракетинин натыйжаларына ичи чыкпаган көпчүлүктүн экинчи ирет президентти кууп, ордуна убактылуу өкмөттү орнотуп алышы артынан толгон-токой суроолорду жаратууда. Орусиялык эксперттердин пикиринде, өз бийлигин кантип алмаштыруу өлкөнүн ички маселеси. Бирок да эрежеден тыш иштин эки ирет кайталанышы жалаң бийлик ээси эле эмес, элдин өзүнүн кандайлыгына кызыгууну жаратпай койбойт.

- 2005- жылкы окуяларга чейин көп өлкөлөрдүн саясат таануучулары Кыргызстанды саясий системасы жагынан Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда Европага көбүрөөк ыктаган өлкө катары мүнөздөшчү. Саясий жаңылануу жолуна түшкөн өлкө дешчү. 2005-2010-жылкы окуялардан кийин алар дагыле Кыргызстанды саясий системаны кантип жаңыртуунун үлгүсү катары сыпаттай беришери күмөн. Бийликти алмаштыруунун мындай усулун жаңычыл, демократиялуу деш кыйын,- деп ырастады орусиялык саясий-экономикалык изилдөө борборунун жетекчиси Александр Никитин.

Дагыле укуктук талаа талашы

Чыгыш Азия проблемаларын иликтөө илимий борборунун директору Александр Лукиндин ырасташынча, Кыргызстандын утурумдук бийлиги өлкөнүн мыйзамдуу жолго түшүшүнө зарыл өбөлгө-шарттар түзүшү керек.

- К.Бакиев бийлигинин кадыры түшүп, аны менен А.Лукашенко мырзадан башка эч кимдин мамиле түзгүсү келбей калган. Экинчи жагынан К.Бакиев өкмөтүнүн жасаган иштери жанындагы коңшу өлкөлөргө да жакпай, аны окчундатып коюшкан болчу.

А.Никитин Кыргызстанда бийлик эки ирет тополоң-тос аркылуу кулатылгандан кийин баштагы тынч калыбына келиши кыйлага созуларын белгиледи. Жаңы саясий күчтөр баралына келип, өлкө демократия жолуна түшүшүнө убакыт талап кылынат.

Коңшулар капа

Анын үстүнө Борбор Азиянын толтосундагы Кыргызстандын түстүү ыңкылаптары коңшу республикаларды бейпайга салууда. Орусиялык эларалык изилдөөлөр ассоциациясынын вице-президенти Сергей Тихомировдун айтуусунда, ортолук чек араны Өзбекстан менен Казакстандын бекем жаап салышынын экономикалык себебине караганда саясий шарт-жагдайы көбүрөөк.

- Экинчи жагынан алганда, мага чек аралардын жабылышына саясий факторлор негизги ролду ойногондой сезилет. Революциянын вирусу коңшу өлкөлөргө да жайылып кетиш коркунучу аларды көбүрөөк ойлонтууда. Элге жакпаган бийликке кандай мамиле жасаш керектигин кыргыз эли экинчи ирет көрсөтүп жатпайбы.

Кезектеги бийлик алмашуусунун изи сууй электе Убактылуу өкмөт башчысынын милдетин аткарууга киришкен Роза Отунбаева 7-апрелдеги окуяларга бир кыл баа берүү мүмкүн эместигин ырастап, аны бийликтин өзүм билемдигине, тоң моюндугуна каршы элдин көтөрүлүшү катары мүнөздөгөн.

- Кааласаңар революция деп атагыла! Элдик көтөрүлүш деп койсоңор деле болот! Кыргызстанда өкүмдар болбосун үчүн элдин зомбулукка каршы чыгуусу десеңер деле жарашат. Биз демократияны каалайбыз! Биз бийлик адамдарга бирдей, калыс мамиле кылышын каалайбыз!


Убактылуу өкмөт жаңы Конституция долбоорун даярдап, аны жалпы элдик талкууга коюуда. Ал арада коңшу өлкөлөр ортолук чек араны жаап, ансыз да экономикалык оорчулукта калган өлкөнүн абалын начарлатууда. Токтолго таппаган саясий күчтөр дагы жанданып, башкалаа Бишкекте сүрмөтоп жыйындар күчөй баштады.
XS
SM
MD
LG