Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Күнөө бизде - сизде эмес, системада дейби?


Конституциялык сот иши токтотулду
Конституциялык сот иши токтотулду

13-апрелден тарта Конституциялык сот иши токтотулду. Ушул эле күнү Жогорку сот жетекчилиги да алмашты. Убактылуу өкмөт жетекчисинин орунбасары Азимбек Бекназаров президент К.Бакевдин кол тийбестиги алынып салынганын маалымдады.

Конституциялык сот ишинин токтотулушуна айрым саясий күчтөрдүн ал аркылуу убактылуу өкмөт чечимдерин жокко чыгаруу аракети себеп болгон.

Кош бол, Консот!

Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Азимбек Бекназаровдун ырасташынча, Конституциялык сот президенттердин бийлигин узартуу, үй-бүлөлүк башкарууну мыйзамдаштыруу менен көбүрөөк алектенип келди. 1993-жылкы Конституциянын корголбой калышы, бийлик кумарына азгырылгандардын тизгинин тартып коюуга Конституциялык сот батына албады. Иши кылып, 17 жыл ичинде топтолгон проблемалардын текши баары чогулуп келип 12-апрелдеги убактылуу өкмөт чечиминин чыгышына себепкер болду окшойт. Анын үстүнө өлкөнүн улук сот ишинин токтотулушуна кайсы бир күчтөрдүн ал аркылуу убактылуу өкмөт чечимдеринин Башмыйзамга кайчы келишин ырастоо аракети да шыкак берди көрүнөт.

- Эң негизгиси кечээ демократиялык Кыргызстанды ал жолдон тайдырып, монархиялык республикага айландыралы деп президент өз ыйгарым укуктарын аткара албай калганда анын милдетин ким аткара тургандыгын президенттик кеңешме аныктайт дегенди макул деп, болгону эки сөздү алмаштырып, аны мамлекеттик кеңешме деп оң корутунду берген. Же тактап айтканда, Конституцияны коргогондун ордуна кеңешчи болуп, “мобусун оңдоп койсоңор болот”, деп чечим чыгарып берген.

А бирок мындай бүтүм чыгарып салуу Конституциялык соттун көп жылдык ишмердигине карата бир жактуу баа болуп каларын Конституциялык сот төрайымы Светлана Сыдыкова эскертти. Антишке өлкөнүн улук сотунун укук-милдеттери кыйла чектүү, жеке жактардан арыз келмейин ишти кароого акысы жок экенине токтолду. Эми деле ошондой абалга туш келбеш үчүн жаңыдан даярдалып жаткан Конституция Европа биримдигинин Венеция комиссиясынын адистеринин кароосунан өтсө дурус болор эле, деген оюн ортого салды.

- Эми мен тартынбай эле өз пикиримди айта берсем болот. Чечим кабыл алынды, мен Конституциялык соттун төрайымы эмесмин. Ооба, кемчиликтер кеткен. Бир да өлкөдө Конституцияны тез-тез өзгөртүү жакшылыкка алып келген эмес. Бул жагынан биз баарынан алдыдабыз.

Жогорку сот калат, бирок...

Жалгыз Конституция эмес, башка мыйзамдардын сакталышы жаатында деле толгон-токой өксүктөр бардыгы, соттор кийинки жылдары көбүнесе бийлик жетекчилеринин айткан-дегени менен гана иштеп калганы Жогорку сот залында козголду. Анын айынан ушу кезде жер-жерлерде сотторду кызматынан кетирүү, жоопкерчиликке тартуу талаптары коюлууда. Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары А.Бекназаров мындан ары соттор мыйзамды так сактоо аркылуу гана түшүрүп алган кадыр-баркын кайтарып алышарын эскертти. Иштеп аткан соттордун 20-30% кызматынан алынары да Жогорку сот төрайымы Жаңыл Алиева ордун 1-орунбасары Кубаныч Момбековко бошотуп берүү учурунда кабарланды.

Анткен менен кийинки кездери сотторго кысым күчөп кеткенин Бишкек шаардык сотунун төрагасы Марат Султанов жарыя кылды. Анын айтуусунда, өткөн окуялардан жалаң эле соттор эмес, жаамы журттун өзү деле сабак алса дурус болмок.

- Мисалы, шаарда болуп өткөн чечимдер боюнча мен бүгүн да жооп берүүгө даярмын! Кызматта туруп, мени дагы кызматка калтыргыла деп мен жалынбаймын! Туура болсо өзүңөр эле чечкиле! Сот системасында татыктуу адамдар көп. Биз үчүн да бул сабак. Ошондуктан бүгүнкү күнү төрагаларга келип, “сен эртең буюмуңду алып кеткиниң, көчүп кеткиниң”, деген дагы башка коркутуулар бүгүн болуп атат убактылуу өкмөттүн атынан.

Убактылуу өкмөт чечими менен 2005-жылдан берки мүлк боюнча келишимдердин текши баары токтотулуп, баары текшерилип жатканы кабарланды. Бирөөлөрдүн мүлкүн басып алуу, тартып алуу элдик революциялардан соң өзгөчө оожалып кетери белгилүү. Бул иштердин текши баары соттордун колу менен бийлик башына келендердин бала-чака, урук-тууган, жек-жаатына өтүп кетери деле көпчүлүккө дайын.

Азимбек Бекназаров эми андайларга жол берилбестигин, учурда элди атууга буйрук бергендерди кармоо, жазага тартуу маанилүү экенин кошумчалады. Ал ошондой эле К.Бакиевди президенттик кол тийбестиктен ажыратып, аны кармоого буйрук берилгенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG