Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Революцияны контрреволюция ээрчий келет


Жалал-Абаддагы тополоң, 14-май.
Жалал-Абаддагы тополоң, 14-май.

Убактылуу өкмөт Ош, Жалал-Абад, Баткендеги окуяларды контрреволюция, элдик ыңкылапка каршы чагымчылык катары баалады. Бишкектеги маалымат жыйынында бул иштин артында “Жаңы Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү Үсөн Сыдыков турганы маалымдалды. Экинчи тарап бул кандай да болсо душман издөө, айыптууну табуунун амалы деген пикирде.

Оомал-төкмөл дүнүйө

Бишкектеги жыйында Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Ошто губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков ордуна отуруп, Баткенде абал коопсуз экенин маалымдады. Өзгөчө кооптонууну Жалал-Абаддагы жагдай жаратууда. Куралдуу адамдардын колунан түштөн кийин 30 ашуун киши жарадар болуп ооруканаларга түшкөнү маалымдалды. Алардын үчөө өзгөчө оор абалда. Р.Отунбаева кошумча күч кызматкерлери Жалал-Абадка жөнөтүлгөнүн да ырастады.

- Биз кан төгүлбөсүн деп атабыз. Мына 7-апрелде Ак үйдүн ичинен элди аткан, кантип элди кордогон, так ошондой мына өзүнүн Жалал-Абад шаарында дал ошондой канкордук ишти жасап жатат. Ошол жактагы да эл көрсүн. Бу К.Бакиев деген ким экен? Булардын бийлиги кандай экенин.


Айыптууну аңдуу башталды

Улуттук коопсуздук кызмат жетекчисинин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев бул иштердин артында мурдагы президенттин уулу Марат Бакиев менен Бишкек шаарынын мурунку башчысы Нариман Түлеев турганын ырастап, экс-президенттин уулу 1 миллион доллар бергенин маалымдады. Ошондой эле ал боордош Казакстандын чек арасын бекем жаап алышына, ансыз да ахывалы оор Кыргызстанддагы жагдайды коңшулардын курчутуп жатышына түшүнбөстүгүн билдирди.

- Бир айдан бери ачпай отурушат. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы катары өз калкынын канын 5 жыл бою соруп келген кылмышкерлерди катып, кармап бербей отурушу бизге да таң калыштуу.


Кыргызстандын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев 13-14-майдагы Ош менен Жалал-Абад, Баткендеги окуяларга тиешеси бар деп шектелинген биртоп кишилерге кылмыш иштери ачылганын, алардын арасында мурдагы президенттин кеңешчиси Ү.Сыдыков, Кыргызстан коммунисттеринин лидери И.Масалиев да бардыгын маалымдады.

Иштин чоо-жайы толук такталып ырастала электе айыптуу эсептелинип калышынын чоо-жайын Исхак Масалиевдин өзү момундайча баалайт.

- Максат ортодон душманды табыш керек. Мамлекет ичинен табыш керек. Бирөөнү күнөөлүү табыш керек. Чек аранын жабылышына ким күнөөлүү? Күйүүчү майлардын баасы 10 сомго көтөрүлгөнүнө ким күнөөлүү? Мыйзам иштебегенине ким күнөөлүү? Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыков күнөөлүү экен да.

Маалымат жыйынында “Жаңы Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү Ү.Сыдыков кармалып, коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү алдында сурак берип жатканы кабарланды. Ү.Сыдыковдун өзү башталчу иштин маани-жайын өнөктөштөрү алдында кандай сыпаттаганын ошол эле коопсуздук кызмат өкүлдөрү анын чөнтөк телефону аркылуу сүйлөөшүлөрүн жашырын жазып алышып, анын изин суутпай жарыя кылышууда.

- Биз мына ушу жаңы өкмөттө бийлик формалдуу экенин, парламентти таркатып ийиши тура эмес экенин айтсын деп.

Кыргызстандагы токтолго таппай турган саясий кырдаал эми кандай жагына ооп кетишин болжол куруш кыйын. Мыйзам талаасынан тыш калган бийликти басып алуу аракеттери дагыле улантылышы мүмкүн. 2005-жылкы элдик ыңкылаптан кийин ушу тапта Убактылуу өкмөттү башкарып тургандар бийлик мыйзамсыз басылып алынганын айтышкан. Бул ирет деле ошол эле сценарий кайтланууда.

XS
SM
MD
LG